Башкы Жаңылыктар АНОНС! Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү – БШКда

АНОНС! Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү – БШКда

09-Ноя, 2022

10-ноябрда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет, бул күн Жаштардын бүткүл дүйнөлүк демократиялык федерациясынын негизделгендигинин урматына белгиленген. Бул окуя 1945-жылы 29-октябрь — 10-ноябрда Лондондо Жаштардын бүткүл дүйнөлүк федерациясында болуп өткөн.

Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоо алкагында БШК төмөнкү бир катар иш-чараларды өткөрөт:

1. Борбордук шайлоо комиссиясы IDEA CA менен биргеликте Бириккен Улуттардын Уюмунун (БУУ) мини модели форматында иш-чара өткөрүүнү пландаштырууда.

БУУ Модели деген эмне экендигин Сиз билесизби? Же, балким, Сиз жалпысынан моделдик кыймыл жөнүндө уккандырсыз?

Эгерде билбесеңиз же укпасаңыз муну оңдоого жана эң белгилүү эл аралык уюмдардын биринин ишине ичинен көз чаптырууга эң сонун мүмкүнчүлүгүңүз бар!

БУУ Модели – бул роль аткаруучу кызык оюн, анда студенттер жана жогорку класстардын окуучулары Бириккен Улуттар Уюмунун ишин кайталашат. Анын катышуучулары – делегаттары, байкоочулар, төрагалар жана эксперттер – күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо үчүн конференцияга келген БУУга мүчө өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын расмий өкүлдөрүнүн ролдорун аткарышат. Моделде делегаттар жеке өз көз караштарын билдирбестен, өздөрү өкүлү болуп келген өлкөнүн расмий көз караштарын айтышат. Жыйналыштын соңунда күн тартибиндеги маселе боюнча резолюция кабыл алынат.

Оюндун жүрүшүндө делегаттар дипломатиялык, лидерлик, чечендик көндүмдөргө, ошондой эле консенсуска келе билүү жана компромисс табуу билгичтигине ээ болушат.

Бишкек шаарынын жаш активисттери БУУнун мини-модель форматы боюнча иш-чарасына катышат, анда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйналышында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “жаштар, тынчтык жана коопсуздук” боюнча 2535 (2020) резолюциясынын аткарылышы талкууланат. БУУнун бул резолюциясы чыр-чатак учурунда жана чыр-чатактан кийинки кырдаалдарда, уламдан улам көп кайталанып жаткан катаал катаклизмдерге жана жаратылыш кырсыктарына даярдык көрүү, ошондой эле жаштардын турмушуна жана алардын келечегине, анын ичинде COVID-19 пандемиясына таасир этүүчү коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы проблемаларды чечүү маселелеринде улуттук жана жергиликтүү дараметти чыңдоодо жаштардын уникалдуу ролун таануу менен жаштарга колдоо көрсөтүүгө жана аларды чечим кабыл алуу процесстерине тартууга чакырат.

Иш-чарага онлайн кошулуу форматында Ош жана Талас шаарларынан спикерлер кошулат.

Датасы жана убактысы: 2022-жылдын 10-ноябры, саат 10.00дөн тартып саат 16.00гө чейин

Өткөрүлүүчү жер: Бишкек ш., Пушкин көч., 50

2. Шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жалпы республика боюнча жаш шайлоочулардын үлүшү 32%ды б.а. 1 201 533 адамды түзөрүн Сиз билесизби? Бирок 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо алардын ичинен 246 803 адам катышты.

Шайлоодо жаштар чоң дараметке жана шайлоонун натыйжаларына таасир эте алуучу реалдуу күчкө ээ боло тургандыгы жөнүндө Жаш жарандын мектебинде ЖОЖдордун студенттери үчүн “Жаштар жана шайлоо” деген лекцияда айтылат.

Студенттерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, Кыргыз Республикасындагы шайлоонун ролу, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоочу жаңы шайлоо модели тууралуу айтылат, өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралаш шайлоо тутумунун негизги жоболору ачылат.

Катышуучуларга автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсү көрсөтүлүп, добуш берүүнү моделдөө жүргүзүлөт.

Датасы жана убактысы: 2022-жылдын 10-ноябры, саат 11.00

Өткөрүлүүчү жер: Бишкек ш., Пушкин көч., 50

3. Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмелерине жыл сайын 18 жашка толгон 80 миң жаңы шайлоочу киргизилет.

Облустардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда КР Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын жаш жарандарына биринчи паспортторду тапшыруунун салтанаттуу аземи өтөт.

Паспорт – ар бир адамдын турмушундагы башкы документ. Ушул күндөн тартып паспорт биздин жаш жарандарыбызды өмүр бою коштоп жүрөт.

“Жаран жана мамлекет” деп аталган интерактивдүү сессияда Кыргыз Республикасынын жараны – Кыргыз Жараны болуу деген эмнени билдирери түшүндүрүлөт, анын укуктары жана милдеттери тууралуу айтылат. Соңунда жаш жарандардын электрондук санариптик кол тамгасын (ЭСК) каттап, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик электрондук сервистерин пайдаланууга үйрөтүшөт.

Датасы жана убактысы: 2022-жылдын 15-ноябры, саат 10.00дө

Өткөрүлүүчү жер: облустук ЖСББ

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>