КР БШК аппаратынын кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча текшерүү иш тапшырып, жат жазуу жазышты.
Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы уюштуруп жаткан бул өнөктүктүн максаты:
- жарандарга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн кызматкерлердин мамлекеттик тил тармагындагы сабаттуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик тил катары кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүү;
- мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин мамлекеттик тилдин эрежелерин сактоо, өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерин арттыруу;
- кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук баалуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилине кызыгуусун арттыруу.



