Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Москва жана Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 29-декабрда Москва жана Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сагынбаева Нурбара Бусубековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кыдыралиев Тойаалы Кенжалиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Зыядбек уулу Бактыяр комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Кулиев Ашыркул Таникулович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Москва аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.Б. Сагынбаеванын Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Б.Зыядбек улуунун каза болгондугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 29-декабрындагы өткөн жыйналышында Өзгөн, Ноокат, Кара-Кулжа, Нарын шаардык, Жумгал, Кочкор, Ала-Бука, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата, Каракол, Тоң, Ак-Суу жана Сүлуктү аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдулхамедов Мухтаржон Мухаммаджановичке (№14, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) мандат өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Имьяминов Йулчибой Таджимахаматовичке (№15,«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) мандат өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңешинин депутаты Нуруева Бактыгул Мамасабыровнанын ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосунун негизинде токтотулду. Мандат Таникулова Адила Кадырбековнага өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңешинин депутаты Абдулаева Санамбу Борончуевнанын ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосунун негизинде токтотулду Мандат Кадырова Феруза Алтымышовнага өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Ташкенбаева Инабатхан Мамажунусовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Торобеков Рустамга өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаты Калмамат уулу Самагандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Артыков Бактыбек Самибаевичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Апсалиева Айнура Ташболотовнанын (№3, «Бийлик Элге» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жунушбаева Тинатин Бейшенакуновага (№6,«Бийлик Элге» саясий партиясы ) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаты Насыранбеков Кубатбек Чынтемировичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдылдаев Эрмек Сатаркуловичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Төлөбек уулу Бектендин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нияман уулу Баатырбекке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаты Элтүзерова Гүлнүра Жаныкуловнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ирисматова Гүлайша Кочкорбаевнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык кеңешинин депутаты Омуралиев Адис Мыктыбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сыдыков Чынгыз Байдуллаевичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык кеңешинин депутаты Ибрагимов Нусрадин Закирьяевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шаботаева Зинат Эшимовнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айылдык кеңешинин депутаты Адинаев Музафар Касымбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мухторали уулу Акмалжонга өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Керимкулова Салтанат Табалдиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джусупова Калбубугө өткөрүп берилди.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты Усубалиев Медербек Токтогуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Дуйшенов Эрмек Бактыбековичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты Токоев Бектурсун Болоткановичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат Асранов Болоткан Сурановичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты Калыбаев Бакай Сеитказиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Иманалиев Рысбай Шаршенбековичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Карыбаев Жоомартбек Омурбековичтин (№1, «Замандаш» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кадыров Рустам Жоробаевичтин (№8,«Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Солтоев Амантур Тынчыбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Үсөнов Сабыркул Тынчылыковичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаты Сүйүмбаева ДинараАлмамбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамырбаев Руслан Абыкеновичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаты Жайнаков Нурматбек Бекболотовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыбеков Камчыбек Абдыбековичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Айтемиров Камал Мурзакулович (№4, «Биримдик» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Карабаев Гайназар Манановичке (№7,«Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Ырысова Нургул Анарбаевна (№3, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Исабекова Надырабегим Курманбековна (№6, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Баратова Роза Аскеровнаны (№9«Эмгек» саясий партиясы) Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаардык кеңешинин, Асангазиев Элдияр Асангазиевичти Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылы 29 - декабрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 29.12.2022 ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Ноокат, Кара-Кулжа, Нарын шаардык, Жумгал, Кочкор, Ала-Бука, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата, Каракол, Тоң, Ак-Суу жана Сүлуктү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Москва жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Билим берүү жана жаштар уюмдарын кызматташууга чакыруу
КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунда Жаш жарандын мектеби иштеп жатат.
КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Жаш жарандын мектебине катышуу үчүн жащтарды чакырат, ошондой эле 2023-жылы окуу жайларын жана кызыктар тараптарды казматташууга чакырат.
Жаш жарандын мектебинде ЖОЖдун студенттери жана жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарынын окуучулары үчүн маалыматтык-агартуучулук иш-чаралары ѳткѳрүлѳт, иш-чаралар жаштардын ѳлкѳдѳ ак-ниет башкарууга жана туруктуу ѳнүгүүгѳ таасир берүүчү демократиялык институт, коомдогу маанилүү коомдук-саясий процесс катары шайлоону аңдап түшүнүүсүн жакшыртууга багытталган.
Жаштар үчүн «Жаран жана мамлекет» деген темада лекциялар ѳткѳрүлүп, коомдун саясий системасында мамлекеттин ролу жана орду, Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги саясий укуктарына кирген шайлоо укуктары, жаңы шайлоо системасынын ѳзгѳчѳлүктѳрү, шайлоо органдарынын ыйгарым укуктары жана функциялары түшүндүрүлүп берилет.
Жаш адам толук ѳлчѳмдѳ ѳзүнүн укуктарын пайдаланып, ѳзүнүн милдеттерин аткара билүүсү үчүн шайлоолордун ачыктыгын жана аныктыгын камсыз кылган шайлоо технологияларынын иши кѳрсѳтүлүп, добуш берүү жол-жоболорун моделдештирүү жүргүзүлѳт.
Жаштар ошондой эле Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына катышуу мүмкүнчүлүгүн алышып, парламенттин иштеши жана тарыхы менен таанышып, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушат.
Биле жүрүү кызык!
Бүткүл республика боюнча шайлоочулардын тизмесинин структурасында жаш шайлоочулардын үлүшү - 32%, бул 1 201 533 адамды түзѳт. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрында ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо болгону алардын 246 803 адамы катышкан, бул 20,5 % түзѳт.
Суроолор боюнча тел.: 1255, +312 620171 же болбосо bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы боюнча кайрылсаңыздар болот.
Кененирээк билүү >>
БШК майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу боюнча иш берүүчүлѳрдүн «Чексиз! Чектѳѳ жок - баарына бирдей мүмкүнчүлүк!» биринчилигинин номинанты болду
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу боюнча иш берүүчүлѳрдүн «Чексиз! Чектѳѳ жок - баарына бирдей мүмкүнчүлүк!» биринчилигинин номинанты болду.
Улуттук конкурс Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция минимтрлиги жана «Теңчилик» майыптыгы бар адамдар союзу» коомдук бирикемеси тарабынан демилгеленген жана тѳмѳндѳгү пилоттук шаарларда жана райондордо биринчи жолу ѳткѳрүлдү.
1. Бишкек ш.;
2. Балыкчы ш.;
3. Талас облусунун Кара-Буура району;
4. Нарын облусунун Кочкор району;
5. Жалал-Абад облусунун Аксы району;
6. Ош облусунун Кара-Суу району;
7. Баткен облусунун Кадамжай району.
Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, шайлоо жана шайлануу мүмкүнчүлүгү, ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна толук кандуу катышуу ѳтѳ зор мааниге ээ экендигин белгилѳѳ зарыл. Майыптыгы бар адамдарды кошуп алганда ѳлкѳнүн бардык мүчѳлѳрүн камтыбай туруп күчтүү коом түзүү мүмкүн эмес.
Ден соолугунун мүкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча БШКнын жумушчу тобу активдүү шайлоо укуктары сыяктуу эле пассивдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу, маалыматтык жана жарандык билим берүүнүн жаңы форматтарын пайдалануу менен маалымдуулукту жакшыртуу жаатында мыйзамдарды ѳркүндѳтүү, пандустрдын жеткиликтүү болуусу жана сапатын жакшыртуу, майыптыгы бар адамдардын кубат-демин кѳтѳрүү боюнча иштерди туруктуу аркалап келет.
Мындан тышкары, шайлоо комиссияларында жана БШКнын аппаратында майыптыгы бар 39 адам туруктуу негизде эмгектенет. Ошондой эле КР ЖК депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү мезгилинде Сall-center борборунда майыптыгы бар адамдарды ишке тартуу боюнча долбоор ийгиликтүү жүзѳгѳ ашырылган. Мындай практика келечекте улантыла бермекчи.
Биз баарыбыз ар түрдүүбүз – бирок укугубуз бирдей!
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 15-декабрындагы өткөн жыйналышында Баткен шаардык, Кадамжай, Кемин, Токмок, Сокулук, Ак-Талаа, Ош шаардык жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Нажимидинов Бекболот Тажибаевичтин (№2,«Жаңы-Доор» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Шукуров Батырбек Абдикутузовичтин (№2, «Эмгек» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Муратов Айбек Султаналиевичке (№8, «Эмгек» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Тагаев Абрашит Камаловичтин (№7, «Эмгек» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Масеитов Базарбай Дадибаевичке (№10, «Эмгек» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Жороев Азизбек Чоенбаевичтин (№2, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдиманнабов Жылдызбек Абдиманнабовичке (№4, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылдык кеңешинин депутаты Эркаев Жеңишбек Нематуллаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Жороев Имарали Асатовичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айылдык кеңешинин депутаты Аманов Тилеген Эркиновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Жакшылыков Адилет Бактыбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Джунушалиев Сатыбалды Бакытбековичтин (№5, «Бирге» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ташмамбетов Азат Шайшеналиевичке (№11, «Бирге» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Крупская атындагы айылдык кеңешинин депутаты Калюжная Галина Сергеевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Муратова Айгерим Тимуровнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Качкынова Гулзат Тентимишовнанын ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосунун негизинде токтотулду. Мандат Турдалиева Айтбубу Жалгасыновнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Джолдубек уулу Тахирдиндин ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосунун негизинде токтотулду. Мандат Джолдошев Бакыт Асылбековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылдык кеңешинин депутаты Токтомуратова Жылдызкан Турганалиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маатмусаев Урматбек Абакировичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешинин депутаты Мамбеталиева Бактыгул Мамбеталиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шакенова МарияТынчтыкбековнага өткөрүп берилди.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Пазылова Жаркынай Кайрыллаевнага (№11, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) мандат өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айылдык кеңешинин депутаты Салаев Жылдызбек Жунусалыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жороев Самат Канатовичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Асаналиев Марат Темирбековичти, Маршенкулов Идрис Сулаймановичти жана Исаенко Алексей Николаевичти Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Ыйман Нуру» cаясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 15-декабрындагы жыйналышында «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» cаясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдиев Илимбек Атантаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө И.А. Абдиевдин өз арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылы 15- декабрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 15-декабры
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Абдиев Илимбек Атантаевичти «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Кадамжай, Кемин, Токмок, Сокулук, Ак-Талаа, Ош шаардык жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
9-декабрь – коррупция менен күрѳшүнүн эл аралык күнү
БШКда коррупция менен күрѳшүнүн эл аралык күнүнѳ карата 9-декабрда БШКнын жарандык билим берүү борбору менен ѳз ара аракетте уюштурулган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин (мындан ары – АИК) конференциясы болуп ѳттү.
Конференциянын алдында 1-декабрдан 8-декабрда республиканын бардык жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калк, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн жарандык билим берүүнүн алкагында билим берүү, саламаттык сактоо, сот системасы жана прокуратура органдары чѳйрѳсүндѳ коррупция менен күрѳшүүнүн маселелерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык-агартуу иш-чаралары ѳткѳрүлдү.
Конференцияга АИКтин мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдардын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, ЖМК катышты. Онлайн форматында конференцияга Билим берүү жана илим министрлигинин, «Агроѳнѳржай комплексин ѳнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин, «КР ИИМ коомдук кеңеши» коомдук бирикмесинин жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБ органдарынын ѳкүлдѳрү кошулушту.
АИКтин башкы катчысы Н. Муканова Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында коррупциянын деңгээли боюнча жүргүзүлгѳн социологиялык сурамжылоонун натыйжалары менен конференциянын катышуучуларын тааныштырды.
Сурамжылоонун резиденттеринин пикири боюнча, коррупциянын жогорку деңгээли билим берүү, медицина, маданият, сот системасы, айыл ѳкмѳтү тутумдарында белгиленди. Мындай кѳрсѳткүчтѳр коррупциянын деңгээлин тѳмѳндѳтүү үчүн мамлекеттик органдар превентивдүү чараларды кабыл алып, ѳлкѳдѳ мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында коррупциянын алдын алуу боюнча активдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн кѳрсѳтүүдѳ.
Конференциянын жүрүршүндѳ БШКнын, Башкы прокуратуранын, Билим берүү жана илим министрлигинин, коомдук бирикмелердин ѳкүлдѳрү ѳздѳрүнүн чѳйрѳлѳрүндѳ коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жѳнүндѳ катышуучуларды тааныштырышты.
Жарандык жана санариптик билим берүүнүн бардык облустук борборлорунда онлайн кошулуулар жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБ органдарынын ѳкүлдѳрү ар түрдүү деңгээлде ѳткѳрүлүп жаткан коррупцияга каршы иш-чаралардын мааниси жѳнүндѳ сѳз кылышып, коррупцияга каршы иштерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тартылуусу арбып жаткандыгын белгилешти.
Конференцияны жыйынтыктап жатып АИКтин башкы катчысы 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатын жүзѳгѳ ашыруу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планын талкуулоо боюнча мамлекеттик органдардын иштеринин жыйынтыгын белгиледи. БШКнын, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын коррупцияга каршы иш-аракеттеринин планы ѳзгѳчѳ белгиленди.
Кененирээк билүү >>
БШКда Адам укугу күнү!
БУУ Башкы Ассамблеясынын сунушу боюнча жыл сайын 10-декабрда бүткүл дүйнѳдѳ Адам укугунун күнү белгиленет. Ушул күнү 1948-жылы БУУ Башкы Ассамблеясы адам укугунун жалпы декларациясын кабыл алган.
2022-жылдын 8-декбарында Адам укугу күнүнүн урматына Ж. Баласагын КУУнун, Манас Кыргыз-Түрк университетинин, Бишкек мамлекеттик университетинин ж.б. студенттери үчүн КР БШКнын жарандык билим берүү борбору тарабынан бир катар иш-чаралар ѳткѳрүлдү.
Жаш жарандын мектебинин алкагында студенттер «Жаран. Мамлекет. Шайлоолор» темасында лекцияларды угушту. Жаштарга адам укугунун тутумунда ѳзгѳчѳ мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги саясий укуктарынын бири болуп саналган шайлоо укуктары тууралуу баяндап беришти. КР Конститутциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары ѳз бийлигин түздѳн түз шайлоолордо жана референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдѳ), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын системасында ишке ашырышат.
Ошентип шайлоолор адам укуктары корголгон жана ишке ашырыган чѳйрѳнүн зарыл жана негизги түпкүлүктүү компоненти болуп саналат.
Шайлануучу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мисалында лекцияларда болуп ѳткѳн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралаш шайлоо системасынын негизги жоболору ачып берилди. Катышуучулар үчүн шайлоолордун ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылган шайлоо технологиясынын иши кѳрсѳтүлүп, добуш берүү жол-жоболорун моделдештирүү жүргүзүлдү.
Бүткүл республика боюнча шайлолочулардын тизмесинин түзүмүндѳ жаш шайлоочулардын үлүшү 32% болгондугун, бул 1 201 533 адамды түзѳрүн белгилѳѳ зарыл. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрында болуп ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо алардын болгону 246 803 адамы катышты, бул 20,5% түзгѳн.
Студенттер жащтардын шайлоого катышуусунун зарылдыгына ынанышты, анткени бардык жаш шайлоочулардын жок дегенде жарымысынын катышуусу шайлоонун жыйынтыгына таасир этерине кѳздѳрү жетишти. БШК жаштарды келечекте шайлоого активдүү катышууга чакырды!
КР Жогорку Кеңешине жасалган экскурсия иш-чаранын практикалык бир бѳлүгү болду. Студенттер Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына катышуу, парламенттин иши жана тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Жаштар депутат Э. Кѳкүлов менен жолугушту, шайлоо жана инсандык ѳсүү темасында суроо беришип жооп алышты. Өз кезегинде КР ЖК депутаты мамлекеттин турмушунда активдүү болуп, жаштарды ѳз тармагында активдүү болууга чакырды.
КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жаштарды Жаш жарандын мектебине катышууга, ошондой эле окуу жайына чакырат жана кызыктар тараптарды кызматташууга чакырат.
Пайда болгон суроолор боюнча 1255, +312 620171 телефонго же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтага кайрылса болот.
КР БШК алдындагы жарандык билим берүү
жана шайлоо технологиялары борбору
Кененирээк билүү >>
ЖСББнын бардык кызматкерлери үчүн «Аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлору үчүн дизайн-ой жүгүртүү» темасы боюнча тренингдердин сериясы ѳткѳрүлдү
Бишкек, Ош, Нарын шаарларында ЖСББнын бардык кызматкерлери, атап айтканда БШКнын кызматкерлери (атайын ѳкүлдѳрү, системалык админитраторлору) жана китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлѳрүнүн ѳкүлдѳрү үчүн «Аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлору үчүн дизайн-ой жүгүртүү» темасы боюнча тренингдердин сериясы ѳткѳрүлдү.
Тренингдин жүрүршүндѳ кѳйгѳйлѳрдү жана алдыга коюлган милдеттерди креативдүү жана стандарттуу эмес чечүү үчүн дизайн ой-жүгүртүүнүн жабдуулары пайдаланылды, бул, тренингдин катышуучуларынын пикири боюнча, кыйла пайдалуу жана инновациялык болду.
Бул тренинг жарандык билим берүү боюнча, атап айтканда жергиликтүү калк менен сүйлѳшѳ билүү, ѳнүктүрүүнүн артыкчылыктуу чѳйрѳсү боюнча кѳйгѳйлѳрдү ачып билүү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу, жергиликтүү жамааттын ар бир мүчѳсүнүн жарандык позициясын кѳтѳрүү ж.б. боюнча калк менен иштѳѳдѳ аймактарда ЖСББнын кызматкерлеринин потенциалын кѳтѳрүү максатында Кыргыз Республикасындагы «БУУ-Аялдар» офиси менен биргеликте КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан уюштурулган.
Маалымат иретинде: дизайн ой жүгүртүү – бул конкреттүү милдеттерди чечүүнүн усулу жана процесси, ал пайдалануучуга кѳйгѳйдү аңдап түшүнүүгѳ жана альтеративдүү чечимдерди табууга жардам берет. Аналитикалык ой жүгүртүүдѳн айрымаланып, дизайн ой жүгүртүүнүн башкы ѳзгѳчѳлүгү чыгармачылык процесс болуп саналат. бул процессте эч бир күтүлбѳгѳн идея кѳйгѳйдү мыктылап чечүүгѳ алып келет.
Кененирээк билүү >>
БШК Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 14-октябрда Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асыланов Саитказы комиссиянын курамынан чыгарылсын;
«Жаңы-Доор» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Иматиллаева Махабат Жолдошбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А. С Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 6-декабрында өткөн жыйналышында Ак-Талаа, Кочкор, Баткен, Ноокат, Токтогул, Тогуз-Торо жана Тюп аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Нарын облусунун Жаңы-Талап кеңешинин депутаты Бердибек уулу Исламдын №90, ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. (Мандат Ысмагул уулу Сыртбекке №90, өткөрүп берилди);
Нарын облусунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Сыдыков Бердибек Даткаевичдин №9, ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Табалдиев Зарылбекке (№10, ) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Кызыл-Озгоруш айылдык кеңешинин депутаты Мутуев Эмилбек Мейманжановичдин (№46,) ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Мандат Сманова Гүлбайра Бабановнага (№21,) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ак-Талаа районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты Аманалиева Назира Керимовнанын №5, ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Мандат Абдымалик кызы Касиетке өткөрүп берилди (№6,).
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булун айылдык кеңешинин депутаты Исаматова Айзат Тыныбековнанын №13, ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маданбекова Жибек Бактыбековнага өткөрүп берилди. №14,);
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты Сыдыков Акылбек Кенешакуновичдин №15, ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шаршеев Рысбек Аалыевичке (№15) өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тюп районунун Тюп айылдык кеңешинин депутаты Ишембаева Жеңишкүл Токчулуковнанын №17, ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сагындыкова Дамира Бекешовнага өткөрүп берилди (№14,).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 6 - декабрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 6-декабры
Убактысы: 12.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Кочкор, Токтогул, Тогуз-Торо жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Майыптардын эл аралык күнү: биз баарыбыз ар кандайбыз - бирок укуктарыбыз бирдей!
Бүгүн БУУ БА 1992-жылы жарыя кылган майыптардын Эл аралык күнүнѳ – 3-декабрга арналган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча БШКнын жумушчу тобунун жыйыны болуп ѳттү.
Майыптыгы бар адамдарды кошуп алганда ѳзүнүн бардык мүчѳлѳрүн кошпой туруп күчтүү коом куруу мүмкүн эмес. Демократиялык коомдо ар бир жарандын үнүн угуу ѳтѳ маанилүү. Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, шайлоо жана шайлануу мүмкүнчүлүгү жана ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна толук кандуу катышуу маселеси ѳзгѳчѳ маанилүү.
Жумушчу топтун жыйынында 2023-жылдагы иш-аракеттин планы талкууланды, мыйзамдарды ѳркүндѳтүү, жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана пандустардын сапатын жогорулатуу, активдүү, ошондой эле пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруу жаатында майып адамдардын күч-кубатын кѳтѳрүү, маалыматтык жана жарандык билим берүүнүн жаңы форматтарын пайдалануу менен маалымдуулукту жакшыртуу боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды.
КР ЖК депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү учурунда кызматкерлер Сall-center жайында майыптыгы бар адамдар менен иштиктүү иш алып баргандыгы жана мындай иштер келечекте улантыла тургандыгы белгиленди.
БШК майыптыгы бар адамдардын ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун активдештирүү үчүн алардын кубат-демин жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатуудагы биргелешкен иштери жана кошкон салымы үчүн ПРООН, ОБСЕ, IFES жана «Эгль» КФ ѳңдүү ѳнѳктѳштѳрүнѳ ыраазычылык билдирди.
Биргелешкен долбоордун алкагында Улуттук тарых музейинде коворкинг борборун түзүү тууралуу сунуш колдоого алынды, ал жерде майыптыгы бар адамдардын инклюзивдүү ѳсүшү үчүн шарт түзүүгѳ, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын проблемасына коомдун кѳңүлүн бурдурууга жана маалдымдуулукту жогорулатууга мүмкүн болор эле.
Майыптыгы бар адамдардын укуктары жѳнүндѳ БУУнун конвенциясы Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-мартындагы №34 мыйзамы менен ратификациялангандыгын белгилѳѳ зарыл, ага ылайык катышкан мамлекеттер майыптыгы бар адамдардын саясий укуктарды жана башкалар менен бир катарда эле ал укуктарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кепилдейт жана тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттенет:
- майыптыгы бар адамдардын тике же эркин тандап алган ѳкүлдѳрү аркылуу башкалар менен бирдей эле саясий жана коомдук турмушка натыйжалуу жана ар тараптуу катышуусун, анын ичинде добуш берүү жана шайлануу укугуна ээ болуусун камсыз кылыт;
- майыптыгы бар адамдарды дискриминацияланбай жана башкалардай эле мамлекеттик иштерди башкарууга натыйжалуу жана ар тараптуу катышуусу үчүн шарттарды түзѳѳгѳ жана алардын мамлекеттик иштерге катышуусун кеңейтүүгѳ активдүү кѳмѳктѳшѳт.
Кененирээк билүү >>
БШКда ЕККУнун ДИАУБ ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү боюнча сунуштар талкууланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны болуп ѳттү, жыйында ѳткѳн шайлоолордун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарын жана процессин ѳркүндѳтүү багытында эл аралык жана коомдук байкоочулардын сунуштары угулду жана талкууланды.
Жыйынга 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын ѳкүлдѳрү, коомдук мониторинг уюмдарынын ѳкүлдѳрү, кѳз карандысыз эксперттер, мамлекеттик бийлик органдарынын ѳкүлдѳрү, ж.б. катышты.
Шайлоолорго байкоо жүргүзгѳн ДИАУБ Миссиясы шайлоо процессин уюштуруу жана ѳткѳрүү жана улуттук мыйзамдар ЕККУ алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине, ошондой эле демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына ылайык келгендигин баалады.
Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын башчысы Одри Френсис Гловер айым Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын корутунду отчетунан сунуштарга баяндама жасоо менен чыгып сүйлѳдү.
Өзүнүн сѳзүндѳ шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын башчысы тѳмѳндѳгүлѳргѳ кѳңүл буруунун зарылдыгына токтолду:
- жалпыга маалымдоо каражаттарынынын эркиндигин сактоого жана окуяларды ар тараптуу чагылдырууда аларга мүмкүнчүлүк берүүгѳ;
- шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана администартивдик ресурстарга натыйжалуу каршы аракеттенүүгѳ;
- шайлоо кампаниянын жүрүшүндѳ даттанууларды жана арыздарды кароонун жол-жоболорун кайра кароого;
- КР БШК мүчѳлѳрүнүн акыйкаттыгын жана кѳз карандысыздыгын жогорулатуу үчүн шпайлоо комисмияларын түзүүнүн жол-жоболоруна мыйзамджык ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүгѳ, ошондой эле тѳмѳн турган комиссияларга этникалык азчылыктын ѳкүлдѳрүн киргизүүгѳ.
Гловер ДИАУБ атынан жалпысынан ѳткѳн шайлоолор жакшы уюштурулгандыгын жана шайлоо процессин андан ары ѳркүндѳтүүдѳ Кыргызстан менен кызматташууга дар экендигин билдирди.
Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын корутунду отчетунда тѳмѳндѳгүдѳй жалпысынан мазмуну боюнча 8 топко бѳлсѳ боло турган 22 сунуштама камтылган:
- мыйзам чыгаруу базасы;
- ЖМК жана үгүт жүргүзүү:
- шайлоочулардын тизмеси;
- талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин каттоо;
- шайлоо кампаниясын каржылоо;
- мыйзамдуулукту сактоо боюнча чаралар;
- шайлоо талаш-тартыштарын чечүү;
- шайлоолорду уюштуруу.
ДИАУБ Миссиясынын корутунду отчетундагы бардык сунуштамалар боюнча шайлоону жана референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялаган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен ѳз ара аракеттенген мамлекеттик орган катары БШК тарабынан жыйынтык баяндамалар жана сунуштар түзүлдү.
Жыйынтык баяндамалар алдын ала компетенциясына ЕККУнун ДИАУБ корутунду отчетунда козголгон маселелер кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтарын жана позицияларын эске алуу менен жумушчу кеңешмеде талкуулады.
ДИАУБнун сунутамалары боюнча жыйынтык баяндама менен кыргыз тараптан БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова чыгып сүйлѳдү, ал эми тийиштүү мамалекеттик органдарын ѳкүлдѳрү ѳздѳрүнүн компетенциясы боюнча кошумча баяндамаларды жасашты.
«Жарандык платформа» коомдук фондусунун директору Айнура Усупбекова парламенттик шайлоонун болуп ѳтүүсүнѳ бүткүл күч-аракетин жумшаган БШКнын иш аракетине оң баа берүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ сунуштары менен макул экендигин билдирди.
Ал ошондой эле коомдук уюмдардын шайлоолорду мониторинг жүргүзүүнү чектѳѳ боюнча ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ сунуштары менен макул экендигин билдирди, анткени бул анын пикири боюнча ѳткѳн шайлоолорго ички демократиялык баа берүүдѳ терс компонентти алып жүрѳт.
Ошону менен бирге жалпы шайлоо системасынын ѳзгѳрүүсүнѳ таасир эткен ѳлкѳдѳгү негизги ѳзгѳрүүлѳр тууралуу ДИАУБ отчетуна кыйла кеңири баянадамадарды күткѳндүгүн белгиледи.
КР Жогорку Кеңешинин дептутаты Султанбай Айжигитов ЕККУнун ДИАУБнун отчетунда кѳрсѳтүлгѳн Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ѳлкѳнүн эл аралык милдеттенмелерине жана демократиялык шайлоо стандарттарына карама каршы келгендигин кѳрѳ албагандыгын билдирди.
саясий партиялардын тизмесиндеги конкреттүү талапкер үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү прогрессивдүү форма жана колдонулган аралаш системасынын артыкчылыгы болгондугун белгиледи, бул талапкерлердин финансылык мүкүнчүлүгүнѳ кѳз каранды болбой туруп парламенттке келишине мүмкүнчүлүк берди жана парламенттин сапаттык курамына кыйла таасир этти.
Депутат ЕККУ ДИАУБнун сунушунда кѳрсѳтүлгѳн маселелерге фундаменталдуу принциптерди кайра кароо менен системалык мамиле жасоонун зарылдыгын белгиледи.
С. Айжигитов мамлекет тарабынан шайлоолордун натыйжаларына талапкерлердин финансылык мүмкүнчүлүгүнүн ролун тѳмѳндѳтүү жолу менен талапкерлер үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ пикирин билдирди. Анткени шайлоочуларды сатып алуу айрым талапкерлердин финансылык мүмкүнчүлүктѳрүнѳ түздѳн түз байланыштуу. Ал шайлоо ѳнѳктүгүн мамлекеттик бюдждеттин эсебинен каржылоо вариантын кароону сунуштады.
Ошондой эле ал шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ мыйзамдарды белгиленген бир айлык мѳѳнѳт аң-сезимдүү тандап алуу үчүн шайлоочулардын талапкерлерди таанышып иликтѳѳсү үчүн толук мүмкүнчүлүктү бере албай тургандыгын белгиледи.
Мына ушул сунуштардын баары демократиялык реформанын алкагында техникалык жактан гана эмес, ошондой эле мазмундук жактан дыкат кайра карап чыгууну талап кылат.
«Социал-Демократтар» саясий партиясынын ѳкүлү Нурбек Касымбеков шайлоо босогосун жана регионалдык босогону тѳмѳндѳтүү боюнча сунуштар менен чыгып сүйлѳдү.
Ал 3% жогору эмес шайлоо босогосун белгилѳѳ акыры келип чыйзам чыгаруу органында талапкерлери кѳрсѳтүлбѳй калган шайлоочулардын санын тѳмѳндѳтүүгѳ алып келе тургандыгын белгиледи.
Касымбеков ошондой эле 0,5 % регионалдык босогону алып коюу тууралуу пикирин билдирди, анткени бул норма жалпысынан ѳлкѳ боюнча шайлоочулардын жана ага добуш беришкен шайлоочулардын жетиштүү сандагы добуштарын алган саясий партиянын, бир региондо добуштардын тийиштүү саны жетпей калган учурда, парламентке келүү укгун жокко чыгарышы мүмкүн.
Ошондой эле ал преференциалдык добуш берүү үчүн ѳлкѳ боюнча бир бирдиктүү округдун ордуна 9 кѳп мандаттуу округуду түзүү максатка ылайыктуу деп эсептейт, бул парламентте ѳкүлчүлүктү жакшыртып, шайлоочулар үчүн тандоону жеңилдетмек, анткени шайлоочу ошол (облусутук) округ боюнча талапкерлердин тизмесинен тандап алууну жүргүзѳт.
Ошондой эле Н. Касымбеков партиянын тизмесинен бир талапкер үчүн добуш берүүнү эмес, тизмеден бир нече талапкерге (маселене – 5 талапкер үчүн) добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады, бул талапкерлердин тизмеси боюнча гендердик квотаны сактоого мүмкүнчүлүк бермек.
Ал эми техникалык жактан алганда бюллетенде пропоционалдык система боюнча (бирдиктүү шайлоо округу) добуш берүү үчүн талапкердин иреттик номери боюнча сандын ордуна талапкерлдин аты-жѳнүн жазууну санаш кылат. Мындай ѳзгѳртүү, анын пикири боюнча, шайлоочунун аң-сезимдүү тадап алуу деңгээлин жогорулатмак.
Болуп ѳткѳн парламенттик шайлоодо коомдук мониторинг жүргүзгѳн “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук фондусунун директору Зульфия Кочорбаева ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын отчетунда пропоционалдык система боюнча колдонуудагы гендердик квотаны ѳркүндѳтүү боюнча сунуштар камтылган, мында мажоритардык система боюнча гендердик квотаны камсыз кылууда атайын чараларды киргизүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ отчетто сунуштар жок экендигине ДИАУБ ѳкүлдѳрүнүн кѳңүлүн бурду.
Анын пикири боюнча, Кыргызстанда айылдык кеңештердин деңгээлинде мажоритардык округдар боюнча гендердик ѳкүлчүлүктү камсыз кылууда тажрыйба бар жана механизми иштелип чыккан.
КР ИИМ терогѳѳ кызматынын бѳлүмүмн башчысы, БШКдагы КГОРдун мүчѳсү Султан Макилов укук коргоо органдары боюнча сунуштамалар боюнча укук бузууларга каршы аракеттенүү боюнча күч-аракеттерди улантуунун зарылдыгын белгиледи, анткени практика кѳрсѳткѳндѳй, ар бир шайлоо ѳнѳктүгүндѳ сатып алуунун жаңы усулдары жана ыкмалары пайда болууда. Ушуга байланыштуу аймактык кызматкерлерди тийиштүү окутуу иш–чараларын улантуу зарыл.
Ошону менен бирге “укук коргоо органдары тарабынан ѳздѳрүнүн мандаттарын ашыра пайдалануу” жѳнүндѳ жоболоштурууларга макул эмес экендигин билдирди жана мына ушундай жоболоштурууларды тактоону жана тийиштүү түшүндүрмѳлѳрдү берүүнү ѳтүндү. Ал ошондой эле шайлоо мезгилинде ички иштер органдарынын иштерине алардын кызматкерлери менен бирге ардагерлер жана кошуундар тартылгандыгын эске салды.
Ошону менен бирге ички иштер органдары мүчүлүштѳрдү четтетүүгѳ жана жалпысынан мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды ѳркүндѳтүүгѳ даяр экендигин билдирди.
Башкы прокуратуранын ѳкүлү А.Бит-Аврагим сунуштамалар боюнча мыйзамдуулукту камсыз кылууда чаралардын ѳтѳ катуулугу жѳнүндѳ ДИАУБнун баасына баяндама берди.
Ал укукка сыйбаган иштерди болтурбоо боюнча шайлоо мезгилинде укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын ишин мүнѳзү мурдагы ѳнѳктүктѳрдѳгү одоно коркунучтар жана бузуулардын масштабы менен шарталгандыгын, булар активдүү үгүт иштерин басаңдатуу максатында эмес, массалык бузууларды болтурбоо боюнча аргасыз активдүү чаралар болуп саналарын билдирди.
Кѳзѳмѳл жүргүзүүчү орган катары прокуратура органдары ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна кѳзѳмѳл жүргүзүү менен аларды дыкат карап чыгып, кайра кайра текшерип турду. Айрым чечимдер бир нече ирет жокко чыгарылып, укук бузуулардын толук объективдүү жагдайын ачып берүү үчүн толуктап тергѳѳгѳ жѳнѳтүлүп турду.
Өз кезегинде БШК ѳзүнүн кометенциясынын чектеринде каралган конституциялык-укуктук жоопкерчиликтин чараларын кабыл алуу үчүн ар бир бузууларды жана укук коргоо жана прокуратура органдарынын материалдарын дифференциялуу карап тургандыгын баса белгиледи.
Чечимдер калыс кабыл алынып, бардык талапкерлерге жана саясий партияларга шайлоого катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берилип, шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын тең укуктуулугу сакталып, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн камсыз кылууга багытталды.
Өз сѳзүнүн соңунда Башкы прокуратуранын ѳкүлү ЕККУ ДИАУБнун Миссиясына сатып алууларга жана административдик ресурстарга каршы арактеттенүү боюнча жетишкендиктерге оң баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
“Кыргызстандын жашылдар партиясынын” ѳкүлү Гульхан Борубаева жарандык активистерди кармоо боюнча кырдаалга байланыштуу ЕККУ ДИАУБун позициясын угуу маанилүү болмок деген пикирин билдирди. 2021-жылдын ноябрында добуш берүү алдында “Кыргызстандын жашылдар партиясынын” мүчѳлѳрү камакка алынгандыгын, жыйынтыгында, анын пикири боюнча, шайлоочулардын чечимдерине таасирин тийгизгендигин эске салды.
Парламенттик шайлоого коомдук мониторинг жүргүзгѳн “Таза шайлоо ассоциациясы” юридикалык жактар биримдигинин директору Эдир Бова шайлоо комиссияларында этникалык азчылыктын жетиштүү ѳкүлчүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларга тийиштүү сунуштар эмне менен байланышкандыгына жана мындай эл аралык стандарттар бар же жок экендигине кызыкты.
Байкоочу катары, ошондой эле этникалык азчылыктын ѳкүлү катары анын пикири боюнча, Кыргызстанда ѳкүлчүлүк боюнча кѳйгѳй же болбосо шайлоо комиссияларынын ишинде этникалык азчылыктын ѳкүлчүлүгүн мыйзамдык чектѳѳ жок.
ЕККУ ДИАУБунун улук кеңешчиси А. Громов катышуучулардын баяндамаларына жооп иретинде сѳзүндѳ эл аралык уюм катары ЕККУ калыптанган эл аралык стандарттардын негизинде сунуштамаларды бере тургандыгын, мында тигил же бул маселени жѳнгѳ салуу боюнча консультанцияларды бербей тургандыгын билдирди.
Шайлоочуларды сатып алуу боюнча ал буларды белгиледи: “Сатып алуулар - Кыргызстандын гана эмес, калыптанган демократиялык системасы бар Батыш ѳлкѳлѳрүнѳн баштап ЕККУнун бүткүл аймагынын кѳйгѳйү. Туруктуу негизде шайлоолордун жана аларга катышуунун мааниси жѳнүндѳ жарандарга (шайлоочулдарга) түшүндүрүү боюнча күч-аракеттерди жумшоо зарыл”.
Громов сатып алууларга каршы күрѳштүн эл аралык тажрыйбасы бийлик органдарынын, жарандык коомдун жана саясий партиялардын системалуу түрдѳ ѳз ара аракеттеринин зарылдыгын, болгондо да партия шайлоочулардын добуштарын сатып алууларга каршы күрѳштү колдоосун баса белгиледи.
Ал ЕККУ ДИАУБунун Миссиясы корутунду отчетунда соңку шайлоолордо Кыргыз Республикасы тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы аракеттенүү жана шайлоолордун кѳз карандысыздыгына басым жасоону тѳмѳндѳтүү боюнча натыйжалуу чаралар кабыл алынгандыгын тааныгандыгын белгиледи.
Каржылоо маселеси боюнча А. Громов талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун ачык айкындыгын камсыз кылууга чакырык бардык сунуштардын, эл аралык стандарттардын жана алдыңкы тажрыйбалардын башкы максаты экедигин белгиледи.
Мамлекет жана саясий күчтѳр биргелешкен күч-аракети менен шайлоочулардын аң-сезимдүү тандап алуусу үчүн талапкерлердин жана саясий партиялардын каржылоо булактары тууралуу маалыматтарга алардын жетүүсүн камсыз кылууга тийтиш.
Громов юридикалык нормалар менен гана эмес, ошондой эле коомдук кабылдоосу жана билим деңгээли менен шартталган аялдардын бийлик органдарына кѳрсѳтүлүшү боюнча маселесин да баяндады.
Ушуга байланыштуу байкоо жүргүзүү боюнча Миссиянын сунуштамаларында шайлоочулар менен талапкерлердин активдүү жарандык билимине жана ушул багытта саясий партиялар менен иштѳѳнүн зарылдыгына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулду.
БШКнын тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо мониторингдин жыйынытыктары боюнча ЕККУ ДИАУБунун Миссиясынын корутунду отчетун ѳзү презентация жасагандыгы үчүн, сунуштар боюнча кеңири түшүндүрмѳ жана баяндама жасагандыгы үчүн ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын башчысына ыраазычылык билдирди. ЕККУ аймагындагы ѳлкѳлѳрдѳ шпайлоолорго байкоо жүргүзүү тажрыйбасы боюнча ЕККУ ДИАУБунун чоң тажрыйбасын эске алуу менен, шайлоолорго мониторинг жүргүзүү алкагында, жана жалпысынан Кыргыз Республикасында шайлоо укутарын жана процессин ѳркүндѳтүү жана демократташтыруу боюнча ДИАУБ менен КР БШКнын калыптанган ѳз ара аракеттерин улантууну сунуш кылды.
Жигердүү мамилелери жана шайлоо системасын ѳркүндѳтүү боюнча маанилүү сунуштарды киргизгендиги үчүн жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирүү менен БШК тѳрагасы ачык жана кеңири талкуулоо принциптерин сактоо алдыдагы шайлоо циклдерине биргелешкен күч-аракеттер менен алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлк бере тургандыгына ишленимин билдирди.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү