Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Пресс – релиз
даярдалууда
Кененирээк билүү >>
Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйналышы болуп өттү
Бүгүн, 2011-жылдын 22-сентябрында Жогорку Кеңештин имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Жогорудагы комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн чучукулак боюнча кезектеги жыйналышта Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович төрагалык кылды.
Жыйналыштын башталышында Тил боюнча комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Бакир уулу Турсунбайды жана Дыйканов Салморбек Карбозовичти “Тил боюнча комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлунда бекитилген №57 Жобосу менен тааныштырып кетти.
Андан ары, бекитилген Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге 30 мүнөттүк убакыттын ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө беришин талап кылды. Экинчи тапшырманы аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Бакир уулу Турсунбай жана Дыйканов Салморбек Карбозович өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын оозеки түрүндө баяндап беришти. Үчүнчү тапшырмада -текстти көркөм окуп берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тандап алган белеттердеги тексттерди окушту.
Тил боюнча комиссиясы талапкерлердин тапшырган жазуу иштерин текшерип, шайлоо алдындагы программаларын оозеки баяндамасын, тексттердин көркөм окуусун угуп, төмөнкү корутундуну чыгарды: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Бакир уулу Турсунбай жана Дыйканов Салморбек Карбозович – мамлекеттик тилди билишет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна жети талапкерди каттады
Бүгүн, 2011-жылдын 22-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 – главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн тастыктаган документтин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 – пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн К.К.Байболовду, М.А.Султановду, Р.О.Оморовду, Ө.И.Суваналиевди, “МЕКЕН Ынтымагы” саясий партиясынан Т.И.Асанбековду, “Ар-Намыс” саясий партиясынан А.Б.Калматовду, “ЭЛ бийлиги” саясий партиясынан Ш.О.Медетбековду каттады.
БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердик күбөлүгүн тапшырды. Ушул эле жыйналышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлү Е.В.Смирновду каттады. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 2011 – жылдын 4 – августундагы №48, №49, №53 – токтомдору менен катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Казиев Догдурбайдан, Жумагазиев Зарылдан, Айтбаева Айша Жалаловнадан келип түшкөн арыздардын негизинде ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө маселе каралды.
Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 – беренесинин 4, 7, 8, 15 – бөлүктөрүнө, 22 – беренесинин 10 – бөлүгүнүн 1, 10 – пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 – жылдын 8 – июлундагы №7 – токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө” Жобого ылайык Чүй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүү киргизди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду.
Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан курамында экиден бири саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн саны он бир адамдан кем эмес мүчөсүнөн түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш өтө жооптуу, эл менен аяр жана ак ниет иштей билүүнү талап кылат. Ошону менен бирге эле бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал эми резерв беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда жана коргоодо жоопкерчилигин жогорулатат.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутуу курсунан өтүшөт, аны аяктагандан кийин сертификат алышат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви он бир адамдан кем эмес болуп түзүлөт.
Төмөндө саналган аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын толуктоо зарылчылыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ала-Бука аймактык комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону уюштуруу боюнча (ТИМ) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү талап кылынууда. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү ушул кайрылуу жарыяланган учурдан тартып башталат.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандын аны комиссияга көрсөтүүгө макулдугун эске алышы зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын саны он бир адамдан кем эмес резервге талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жерин көрсөтүү менен жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси тиркелип, ал жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Саясий партиялардан көрсөтүлгөн протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана саясий партиянын мөөрү (партиянын аймактык бөлүмүнүн, же саясий партиянын уставынын ченемдерине ылайык) күбөлөндүрүлөт.
Саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн протоколдорго:
-аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары;
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору тиркелет.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (шаардык, райондук кеңештер) тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат.
Маалымат алуу телефондору: 66-51-86, 62-08 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыТ. Абдраимовдун (АУДИБ/ЕККУ) делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү
Бүгүн, 2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Адамдын укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун (АУДИБ/ЕККУ) делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Миссиянын башчысы Корнелия Йонкер айым 22-сентябрында өз иштерин баштай турган Миссиянын мүчөлөрү менен тааныштырды. Булар - Андрей Ханжин – улуттук азчылык маселелери боюнча эксперт, Лусине Бадалян – шайлоолор боюнча кеңешчи, Оскар Ленер – Миссия башчысынын орун басары, Мэган Маккабе Фитцджеральд – юридикалык маселелер боюнча серепчи, Симеон Апостолов жана Стивен Мартин – шайлоолор жана шайлоочуларды каттоо боюнча эксперттер, Иван Годарски – ЖМК маселелери боюнча эксперт.
К.Йонкер айым КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовду кызматташтык жана 2010-жылда өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүндө Миссиянын делегациясына көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал 2011-жылдагы президенттик шайлоодо жарандык жана укук коргоо коомдоштугу менен активдүү кызматташуу өзүнүн оң натыйжаларын берерин айтты.
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЕККУ институтунун уюштуруу маселелерин чечүүдө ар түрдүү жардам берүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.
“Бүгүн алдыдагы президенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн 14 эксперт келди. Аларга бүт өлкө боюнча шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн 28 узак мөөнөттүк байкоочулар кошулат. 350 кыска мөөнөттүк байкоочулар шайлоо учурунда жерлерде добуштарды саноо процесcине көз салышат”- деп айтып, шайлоолор бүткөнгө чейин ЕККУ институту тарабынан негизги сунуштарды камтыган 2 аралык отчетторун жарыялай тургандыгын, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо аяктагандан кийин АУДИБ/ЕККУнун Миссиясы пресс-конференция өткөрүлөөрүн маалымдады.
Миссиянын башчысы Бюронун ишмердүүлүгү шайлоолорду өткөрүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттарына ылайык жүргүзүлө тургандыгын ырастады. К.Йонкер айым ЕККУнун институтунун өкүлдөрү пайда болгон талаш учурларды чечүүсүнө көз сала тургандыгына өзгөчө басым жасап айтты.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши Миссиянын ишинин маанилүү негизин түзөөрүн белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 5 талапкер шайлоочулардын аларды колдоого жетишсиз сандагы так колтамгаларын беришкен
Бүгүн, 2011-жылдын 20-сетябрында саат 16-00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.
Бул жыйында, шайлоочулардын аларды колдоого жетишсиз сандагы так колтамгаларын беришкендигине байланыштуу Уметалиева Токтайымды, Абышев Аскарбекти, Сооданбеков Уланбекти, Арабаев Калыбекти жана Тюлеев Нариманды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылды.
Мындан тышкары, Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде Малиев Арсланбекти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катарында каттоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Жыйында, ошондой эле 2011-жылдагы 6-сентябрындагы №236 токтом менен мурда бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР БШКнын токтому кабыл алынды. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан Чүй облусунун Чүй районундагы Он бир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоолор токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна алгачкы эки талапкерди каттады
Бүгүн, 2011-жылдын 20-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-глвасына ылайык, шайлоо күрөөсүн киргизүүнү тастыктаган документинин, Тил боюнча комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Ташиев Камчыбек жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Мадумаров Адахан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер болуп катталышты.
КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүн тапшырды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы №5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоодогу кол чогултуу барактарынын формаларынын бузулушу жана колтамгаларды чогултуунун тартибин сакталбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна Акбаралы Айтикеевге талапкерликке каттоодон баш тартылды.
Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51 – беренесинин 1 – бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жөнүндө” токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөндөгү талапкерлер мамлекеттик тилди билет деп таанылды, алар Ташиев Камчыбек, Мадумаров Адахан, Асанбеков Темирбек, Суваналиев Өмүрбек, Байболов Кубатбек, Текебаев Өмүрбек, Осмонов Курманбек, Султанов Марат, Масалиев Искак, Абдылдаев Арстанбек, Эгембердинев Өмүрбек, Иманкулов Марат, Калматов Анарбек, Колубаев Төрөбай, Медетбеков Шамшыбек, Исабеков Кубанычбек, Матубраимов Алманбет, Оморов Роман.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Респуьбликасынын айыл өкмөт башчыларынын күбөлүгүнүн формасын бекитти.
Ошондой эле, жыйында Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Пресс - релиз
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаевдин шайлоо штабы 19-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 17-сентябрында талапкерге жиберилген жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө даттанган. 2011-жылдын 19-сентябрында сот Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү И.Жолдубаеванын доо арызын канаттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган жана жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүнү жараксыз деп таап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузбагандыгы жөнүндө 2011-жылдын 22-сентябрында саат 18ге чейинки мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына расмий түрдө жокко чыгарууга милдеттендирген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө даттануусун жиберди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
18 – cентябрда Тил боюнча комиссиянын бешинчи жыйналышы болуп өттү
Бүгүн, 2011 – жылдын 18 – сентябрында курамы 12 кишиден турган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында түзүлгөн Тил боюнча комиссиянын бешинчи жыйналышы болуп өттү.
Бул жыйналышта чүчүкулак жолу менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Росиялык Славян университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты, Василькова Галина Алексеевна төрага болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Кубанычбек Исабековду, Арсланбек Малиевди, Алмамбет Матубраимовди, Шамшыбек Медетбековду жана Роман Оморовду жыйындын төрагасы КР БШКнын 2011-жылдын 27-июлундагы №57 токтому менен бекитилген “Тил боюнча Комиссия жөнүндө” Жобо менен тааныштырды.
Жобого ылайык, биринчи тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер 30 мүнөттүн ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө чагылдырып беришти.
Экинчи жана үчүнчү тапшырмаларды аткарууда, талапкерлер алфавиттик тизме боюнча өздөрүнүн шайлоо алдындагы негизги жоболорун кезектешип,15 мүнөттөн айтып жана 3 беттен турган текстти окуп беришти.
Тил боюнча комиссия талапкерлердин жазуу иштерин текшерип жана айтып бергендерин, ошондой эле көркөм адабияттардан окуп берген үзүндүлөрүн угуп,төмөнкүдөй баа беришти:
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Кубанычбек Исабеков, Алмамбет Матубраимов, Шамшыбек Медетбеков жана Роман Оморов – мамлекеттик тилди билет;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арсланбек Малиев мамлекеттик тилди билбейт деген чечим чыгарылды.
Тил боюнча комиссиянын кийинки жыйналышы 22 – сентябрда өтөт, анда мамлекеттик тилди билүү боюнча түзүлгөн графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер: Арабаев Калыбек, Бакир уулу Турснбай, Дыйканов Салморбек, Сооданбеков Уланбек. Тюлеев Нариман, Уметалиева Токтайым экзамен тапшырышат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевге Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу эскертүү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайланууга конституциялык укугун ишке ашырууда шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына контролдук жүргүзөт.
Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикаынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары- шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам) 22, 28-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учуруна карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерине көзөмөл жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзгөн.
Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгү процессинде бузуулары тууралуу материалдарды чогултууну жана системалаштырууну, ошондой эле, шайлоочуларды маалымдоону жөнгө салуучу шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү ченемдерин бузуулар жөнүндө кайрылууларды алдын ала кароону ишке ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу чогулткан материалдарды изилдеп карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиев тарабынан шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдында үгүт жүргүзүү тартибин жана эрежелерин бузууга жол бергендигин ырастайт.
Алсак, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 23-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн – 2011-жылдын 25-сентябрынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда- 2011-жылдын 29-октябрында саат 08.00дө токтотулат.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт деп төмөнкүлөр таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевдин 2011-жылдын 30-августундагы № 65 “Алиби” газетасында, 5 б.; 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 65 “Фабула” газетасында 6 б.; 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 29 “Дело №” газетасында 7 б. (868) интервьюларын, ошондой эле электрондук жана жалпыга маалымдоо басма каражаттарында жайгаштырылган жана жарыяланган материалдарды изилдеп чыгып, аларда шайлоо алдындагы үгүттү мөөнөтүнөн мурда жүргүзүү белгилери камтылган деген жыйынтыкка келди.
Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мындай бузуулар жөнүндө аларга жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Талапкер жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече жолу бузса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевге шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 22,23-беренелеринин талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө эскертет.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевге Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу эскертүү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайланууга конституциялык укуктарын ишке ашырууда шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына конролдук жүргүзөт.
Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары- шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам) 22, 28-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учуруна карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерине көзөмөл жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзгөн.
Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгү процессиндеги бузуулары тууралуу материалдарды чогултууну жана системалаштырууну, ошондой эле, шайлоочуларды маалымдоону жөнгө салуучу шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү ченемдерин бузуулар жөнүндө кайрылууларды алдын ала кароону ишке ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу чогулткан материалдарды изилдеп карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаев тарабынан шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдында үгүт жүргүзүү тартибин жана эрежелерин бузууга жол бергендигин ырастайт.
Алсак, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 23-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн – 2011-жылдын 25-сентябрынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда - 2011-жылдын 29-октябрында саат 08.00дө токтотулат.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт деп төмөнкүлөр таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Кыргыз Республикасынын аймагында таркатуулучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.
Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна А.Ш.Атамбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөндөн кийин медиа-мейкиндиктеги анын активдүүлүгү Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызмат ордундагы иш-аракетинин мурдагы мезгилине салыштырмалуу кыйла өсүп кеткен деп белгилейт.
Мында, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ экендигин жана бирдей жоопкерчилик тарта тургандыгын көңүлгө алуу керек.
А.Ш.Атамбаевдин электрондук жана жалпыга маалымдоо басма каражаттарында көптөгөн интервьюларында жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө шайлоо алдында үгүт жүргүзүү белгилери камтылган.
Алсак, “Дело №” газетасынын 2011-жылдын 31-августундагы номеринде (№27) “Я мечтаю о справедливом Кыргызстане” деген аталыштагы материал жарыяланган, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаев бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу, пособиелердин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө, пенсияларды 1-октябрдан тартып жогорулатуу жөнүндө көпчүлүк жарандардын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди көтөрөт, “өздөрү түшүнбөй туруп, “патриотмун” деп эсептеп алышкан “бышпаган саясатчылар” Кыргызстанды ыдыратуу жана жок кылуунун чоң долбоору бар имиш” деген оюнду ойноп жаткандарды сынга алат ж.б. Ушундай эле материал “Кыргызстандын биримдигин сактап алуу керек” деген аталышта “Фабула” газетасынын 2011-жылдын 30-августундагы номеринде (№61) кыргыз тилинде жарыяланган.
Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жана телеканалдарда көрсөтүлгөн, электрондук жана жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган башка материалдарды изилдеп чыгып, аларды шайлоо алдындагы мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүү белгилери камтылган деген жыйынтыкка келди.
Муну менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер, Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Ш.Атамбаевдин өзүнүн кызмат абалын пайдалануунун жол берилгистигине көңүлүн бурат.
Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, анын ичинде коюлган колтамгаларды чогултуу же шайлоо алдында үгүт жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында артыкчылык менен жетишүү (башка талапкерлерге салыштырмалуу) болуп саналат.
Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мындай бузуулар жөнүндө аларга жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Талапкер жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече жолу бузса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевге Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 22,23-беренелеринин талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө эскертет.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Кененирээк билүү >>
17 сентября состоялось четвёртое заседание Комиссии по языку
Бүгүн, 2011 – жылдын 17 – сентябрында Тил боюнча комиссиянын төртүнчү жыйналышы болуп өттү. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында курамы 12 кишиден турган Тил боюнча комиссия түзүлгөн.
Бул жыйналышта чүчүкулак жолу менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кафедра башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыков төрага болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Марат Иманкуловду, Анарбек Калматовду, Торобай Колубаевди жана Өмүрбек Эгембердиевди жыйындын төрагасы КР БШКнын 2011-жылдын 27-июлундагы №57 токтому менен бекитилген “Тил боюнча Комиссия жөнүндө” Жобо менен тааныштырды.
Жобого ылайык, биринчи тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер 30 мүнөттүн ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө чагылдырып берүүлөрү керек.
Экинчи тапшырманы аткарууга, талапкерлер алфавиттик тизме боюнча чакырылышты.Талапкерлер өздөрүнүн шайлоо алдындагы негизги жоболорун кезектешип,15 мүнөттөн айтып беришти.
Үчүнчү тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер “Тил боюнча комиссиянын” Жоболорунун талаптарына ылайык 3 беттен турган текстти окуп беришти.
Тил боюнча комиссия талапкерлердин жазуу иштерин текшерип жана айтып бергендерин, ошондой эле көркөм адабияттардан окуп берген үзүндүлөрүн угуп,талапкердин ар бирине өз өзүнчө баа беришти. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин төртөө тең: Марат Иманкулов, Анарбек Калматов, Торобай Колубаев, Өмүрбек Эгембердиев – мамлекеттик тилди билет деген чечим чыгарылды.
Тил боюнча комиссиянын кийинки жыйналышы эртең, 18 – сентябрда саат 10.00 дө башталат.
Мамлекеттик тилди билүү боюнча түзүлгөн графикке ылайык, эртең Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер: Кубанычбек Исабеков, Арсланбек Малиев, Алмамбет Матубраимов, Шамшыбек Медетбеков жана Роман Оморов экзамен тапшырышат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин формаларын бекитти
Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы №49 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумдарына катышуучуларын, шайлоочуларды эсепке алуунун Мамлекеттик тутуму жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Бул токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоолорду уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы (ТИМ) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн ар бир шайлоо участка боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн, консулдук тарабынан эсепке алынган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды №6 Форма, ар бир шайлоочунун паспортунун көчүрмөсү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 2011-жылдын 25-сентябрына чейин тапшырат.
Жыйналышта, Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жалпыга тааныштыруу үчүн; Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде шайлоо өткөрүү үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин формалары бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жөнүндө” Жобого толуктоолорду киргизүү менен кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы, өзүнүн жыйналышында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом бекитилди. Бул токтомго ылайык, 2011-жылдын 22-сентябрына белгиленген Семеновский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде кийинки күнгө – 23-сентябрга жылдырылды.
Ушул эле токтом менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жана Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыларынын шайлоосу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан эмгек талаштары каралып бүтүшүнө чейин токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду.
Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан курамында экиден бири саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн саны он бир адамдан кем эмес мүчөсүнөн түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш өтө жооптуу, эл менен аяр жана ак ниет иштей билүүнү талап кылат. Ошону менен бирге эле бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал эми резерв беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда жана коргоодо жоопкерчилигин жогорулатат.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутуу курсунан өтүшөт, аны аяктагандан кийин сертификат алышат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви он бир адамдан кем эмес болуп түзүлөт.
Төмөндө саналган аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын толуктоо зарылчылыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ала-Бука аймактык комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону уюштуруу боюнча (ТИМ) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү талап кылынууда. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү ушул кайрылуу жарыяланган учурдан тартып башталат.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандын аны комиссияга көрсөтүүгө макулдугун эске алышы зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын саны он бир адамдан кем эмес резервге талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жерин көрсөтүү менен жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси тиркелип, ал жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Саясий партиялардан көрсөтүлгөн протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана саясий партиянын мөөрү (партиянын аймактык бөлүмүнүн, же саясий партиянын уставынын ченемдерине ылайык) күбөлөндүрүлөт.
Саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн протоколдорго:
-аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары;
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору тиркелет.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (шаардык, райондук кеңештер) тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат.
Маалымат алуу телефондору: 66-51-86, 62-08 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы “Үймө үй кыдыруу аркылуу шайлоочулардын тизмелерин тактоо жөнүндө” жобону бекитти
Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кезектеги жыйынында БШК мүчөлөрү ар бир талапкер боюнча өзүнчө добуш берүү аркылуу Тил боюнча комиссиянын корутундуларынын негизинде Абылов Мамбетжунуска, Байгуттиев Сейтекке, Булекбаев Эркинге, Парманкулов Замирбекке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Чечим чыгарууда БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүн, 51-беренесинин 1-бөлүгүн, 53- беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Темирбек Асанбековго кабарлоонун негизинде КР БШКнын 2011-жылдын 13-сентябрындагы токтому менен анын ыйгарым укуктуу өкүлү Рашитбек Алмаматовдун ыйгарым ченемдери мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Ошондой эле жыйында КР БШКнын 2011-жылдын 17-августундагы № 151 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Боршайлоокомдун мүчөлөрү ушул эле жыйында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен “Үймө үй кыдыруу аркылуу шайлоочулардын тизмелерин тактоо жөнүндө” жобону бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Рееспубликасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын вице-президенти Валбург Хабсбург Дуглас баштаган топ менен жолугушуу өткөрдү
13 сентябрда Кыргызстандын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) вице-президенти Валбург Хабсбург Дуглас баштаган топ менен жолугушуу өткөрдү.
Анда эки тарап 2011-жылдын 30-октябрына белгиленен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого болгон даярдыктар тууралуу баарлашты. ЕККУнун ПА өкүлү Валбург айым алар үчүн Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүү чоң ишеним экендигин белгилеп, бул демократиялуу өлкөгө келгенибизге кубанычтабыз деди. ЕККУнун тобу буга чейин Ош шаарында болгондугун, өлкө боюнча даярдык жакшы жүрүп жаткандыгын белгилешти. БШКнын төрагасы өз сөзүндө шайлоочулардын тизмеси, массалык-маалымат кызматтарынын айрымдарына шайлоо эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилгендиги, теле аркылуу көрсөтүүлөрдү жазып алуу жолу менен жүргүзүү бир топ кыйынчылыктарды жараткандыгын айтып, шайлоого аттанган талапкерлер үгүт маалында өз кызматтарын убактылуу тапшыраарын айтты.
Өз кезегинде Валбург айым ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы гана эмес Европа өлкөлөрүнүн Ассамблеясынын атынан дагы ыраазычылык билдирип, шайлоо маалында көбүрөөк Эл аралык байкоочу алып келебиз деп сөз берди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты