Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 30 – октябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет

01-Ноя, 2011

Талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын пайдаланылышын жана так эсепке алынышын, түшүүлөрдүн булактарын контролдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчетторун текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында Контролдук – текшерүү тобу түзүлгөн. Аталган топтун жетекчиси болуп КР БШК мүчөсү Асаналиев Алмаз Турдакунович эсептелет.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41 – беренесинин 12 – пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарды чыгымдоонун ачыктыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук – текшерүү тобу 2011 – жылдын 30– октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндөгү төмөндөгү маалыматты жайгаштырат.  

 

№

Ф.А.Ж. 

Шайлоо фондунун атайын эсебиндеги акча каражаттары

(сом менен)

 
 
 

Түшкөнү

Чыгымы

Калдыгы

 

1

АБДЫЛДАЕВ АРСТАНБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ

6 507 572

6 494 378

13 194

 

2

АЙТИКЕЕВ АКБАРАЛЫ ЫСЫРАЙЫЛОВИЧ

770 500

703 690

66 810

 

3

АСАНБЕКОВ ТЕМИРБЕК ИШЕНБАЕВИЧ

2 940 000

2 940 000

0

 

4

АТАМБАЕВ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ

43 578 600

43 578 600

0

 

5

БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ

19 974 833

19 974 833

0

 

6

БАКИР УУЛУ ТУРСУНБАЙ

7 503 349

7 503 349

0

 

7

ДЫЙКАНОВ СООРОНБАЙ САБЫРОВИЧ

679 500

679 317

183

 

8

ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ

7 054 480

7 054 480

0

 

9

ИМАНКУЛОВ МАРАТ МУКАНОВИЧ

704 800

704 800

0

 

10

КАЛМАТОВ АНАРБЕК БАРАТОВИЧ

10 934 850

10 775 019

159 832

 

11

КАРИМОВ АЛМАЗБЕК ТАШПОЛОТОВИЧ

287 850

287 850

0

 

12

КОЛУБАЕВ ТОРОБАЙ КУНАЗОВИЧ

100 200

100 200

0

 

13

МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ

27 589 074

27 423 678

165 396

 

14

ОСМОНОВ КУРМАНБЕК ЭРГЕШОВИЧ

503 500

503 500

0

 

15

СУВАНАЛИЕВ ОМУРБЕК ИСАКОВИЧ

5 190 100

5 175 100

15 000

 

16

ТАШИЕВ КАМЧИБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ

20 312 290

20 312 290

0

 

 

 

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү
07-Ноя, 2026

КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү

2026-жылдын 6–7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аймактык шайлоо комиссияларынын 58 системалык администратору үчүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окутуу өткөрүлдү.Окутуу шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык технологияларды жана тутумдарды натыйжалуу пайдалануу, жаңыланган шайлоо жабдууларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү, техникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу жана аларды ыкчам жоюу боюнча адистердин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.Мындан тышкары шайлоо жабдууларынын логистикасы, автоматташтырылган шайлоо жабдуулары жана программалык-техникалык каражаттар, шайлоо жана протокол маалымат тутумдары, тармактык технологиялар, киберкоопсуздук жана маалыматтык тутумдардын иштөө тартиби, жабдууларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү, аларды техникалык жактан тейлөө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) боюнча тематикалык сессиялар өттү.Аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, шайлоо процессин техникалык жактан камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында  өткөрүлгөн окутууда тиешелүү адистер катышуучуларды кызыктырган суроолор боюнча жооп беришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>