Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду.
Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан курамында экиден бири саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн саны он бир адамдан кем эмес мүчөсүнөн түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш өтө жооптуу, эл менен аяр жана ак ниет иштей билүүнү талап кылат. Ошону менен бирге эле бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал эми резерв беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда жана коргоодо жоопкерчилигин жогорулатат.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутуу курсунан өтүшөт, аны аяктагандан кийин сертификат алышат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви он бир адамдан кем эмес болуп түзүлөт.
Төмөндө саналган аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын толуктоо зарылчылыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ала-Бука аймактык комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону уюштуруу боюнча (ТИМ) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү талап кылынууда. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү ушул кайрылуу жарыяланган учурдан тартып башталат.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандын аны комиссияга көрсөтүүгө макулдугун эске алышы зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын саны он бир адамдан кем эмес резервге талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жерин көрсөтүү менен жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси тиркелип, ал жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Саясий партиялардан көрсөтүлгөн протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана саясий партиянын мөөрү (партиянын аймактык бөлүмүнүн, же саясий партиянын уставынын ченемдерине ылайык) күбөлөндүрүлөт.
Саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн протоколдорго:
-аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары;
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору тиркелет.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (шаардык, райондук кеңештер) тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат.
Маалымат алуу телефондору: 66-51-86, 62-08 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлерден мамлекеттик тилди билүүсүн белгилөөнүн графиги:
Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлерден мамлекеттик
тилди билүүсүн белгилөөнүн графиги:
Датасы
Катышуучу талапкерлер
17.09.2011-ж
саат 10-00
Эгембердиев Ө.А.
Иманкулов М.М.
Калматов А.Б.
Колубаев Т.К.
18.09.2011-жыл
саат 10-00
Малиев А.К.
Медетбеков Ш.О.
Исабеков К.С.
Матубраимов A.M.
Оморов P.O.
22.09.2011-жыл
саат 10-00
Тюлеев Н.Т.
Арабаев К.
Сооданбеков У.С.
Дыйканов С.К.
Уметалиева Т.Ж.
Тусунбай Бакир уулу
23.09.2011-жыл
саат 10-00
Атамбаев А.Ш.
Жапаров А.У.
Абышев А.
Дыйканов С.С.
Каримов А.Т.
Токтогазиев Ж. К.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду.
Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан курамында экиден бири саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн саны он бир адамдан кем эмес мүчөсүнөн түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш өтө жооптуу, эл менен аяр жана ак ниет иштей билүүнү талап кылат. Ошону менен бирге эле бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал эми резерв беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда жана коргоодо жоопкерчилигин жогорулатат.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутуу курсунан өтүшөт, аны аяктагандан кийин сертификат алышат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви он бир адамдан кем эмес болуп түзүлөт.
Төмөндө саналган аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын толуктоо зарылчылыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ала-Бука аймактык комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону уюштуруу боюнча (ТИМ) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү талап кылынууда. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү ушул кайрылуу жарыяланган учурдан тартып башталат.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандын аны комиссияга көрсөтүүгө макулдугун эске алышы зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын саны он бир адамдан кем эмес резервге талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жерин көрсөтүү менен жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси тиркелип, ал жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Саясий партиялардан көрсөтүлгөн протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана саясий партиянын мөөрү (партиянын аймактык бөлүмүнүн, же саясий партиянын уставынын ченемдерине ылайык) күбөлөндүрүлөт.
Саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн протоколдорго:
-аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары;
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору тиркелет.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (шаардык, райондук кеңештер) тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат.
Маалымат алуу телефондору: 66-51-86, 62-08 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди бекитилген мөөнөттө кол коюу баракчаларын бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартуусу жөнүндө токтомду кабыл алды
Бүгүн, 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1,2,4-пункттарына ылайык “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин каттоодон баш тартуусу жөнүндө” токтомду кабыл алды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниети жөнүндө арыз тапшырган төмөнкү адамдар Президенттин кызматына талапкерди колдоо үчүн колтамга чогултуу боюнча баракчаларды Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамында бекитилген мөөнөттө тапшырбагандыгына байланыштуу каттоодон баш тартты:
Алымкулов Нурлан Сагымбековичке;
Иманалиева Асида Муханбетовнага;
Сариев Акылбек Аблабековичке;
Болтуруков Омурбек Аянбергеновичке;
Токтосунова Дамира Маданбековнага;
Кенжекулов Полотбек Пирмаматовичке;
Султанидинов Сайнидин Султанидиновичке;
Мергенов Марат Эркиновичке;
Пиримбаев Жусупжан Жунусбаевичке;
Ыбышев Ырыскелди Матаевичке;
Стамбаев Жылдызбек Токторовичке;
Калбаев Толонбай Мамытовичке;
Карабаева Айсалкын Раевнага;
Камчиев Жамбылбекке;
Нышанов Назарбек Айтбековичке;
Бегалиева Омурбубу Жакашевнага;
Айманбаев Муканбайжан Толоновичке;
Казакбаев Оомат Иманбековичке;
Керимбеков Бакыт Макеновичке;
Омуралиев Темиркул Алымбаевичке;
Мактымбаев Калмаматка;
Суйналиев Жаныбек Курманкановичке;
Кадыркулов Качкынбай Дандабаевичке;
Исаев Жумабек Осмоновичке;
Боронбаев Мурат Айдаровичке;
Нарикеев Тургунбек Анаркуловичке;
Айтымбетов Эрнис Жамадиловичке.
БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Эгембердиев Өмүрбек Амантуровичтин өзүнүн шайлоо фондусун убагында түзбөгөдүгүнө байланыштуу каттоодон баш тартуу жөнүндө маселени кийинкиге калтырышты.
Буга чейинки токтом менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Апасов Кубанычбек Тунгучбаевичке талапкерди колдоодогу шайлоочулардын так колтамгаларынын саны жетишсиз болуп калгандыгына байланыштуу каттоодон баш тартылды.
Мындан тышкары, шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартибин сактабагандыгына жана кол коюу баракчалардын формаларын бузулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Кудайбергенов Борончу менен Айтикеев Акбаралыга каттоодон баш тартылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Гайша Ибрагимованын 2011-жылдын 8-сентябрындагы, Зарылбек Кудабаевдин 2011-жылдын 9-сентябрындагы, Нурлан Мотуевдин 2011-жылдын 28-августундагы берген арыздарынын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алынып, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду.
Ошентип, 2011-жылдын 12-сентябрына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин 32си дагы жокко чыгарылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы ушул эле жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамат Орозбаевди каттоодон чыгаруу үчүн тиешелүү укуктук нормаларды тактоого БШК мүчөсү Канат Абдукадыров жетекчилик кылган Жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Эскерте кетсек, КР БШКнын 2011-жылдын 9-ноябрындагы №335 токтому менен М.Орозбаев “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан ЖК депутаты болуп катталган.
23 аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Алар: Баткен облусунун Кадамжай АШКсы, Бишкек ш. Ленин, Свердлов, АШКры, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон АШКры, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп АШКры, Нарын облусунун Тогуз Торо, Нарын, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын шаардык АШКры, Ош облусунун Кара-Суу, Кара Кулжа, Араван АШКры, Талас облусунун Манас, Кара-Бура, Бакай-Ата АШКры, Чүй облусунун Ысык-Ата, Панфилов, Москва, Жайыл, Аламүдүн, Токмок шаардык АШКры.
Талапкерлерди каттоо иштери 2011-жылдын 25-сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 29-октябрда аяктайт.
Кыргыз Республикасын Президентин шайлоосу 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
11-сентябрда тил боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү
Бүгүн, 2011-жылдын 11-сентябрында тил боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өтүп, ага филология илимдеринин доктору, “Манас” Кыргыз-Түрк Университетинин директору Дербишева Замира Касымбековна төрагалык кылды. Жыйындын төрагалык кылуучусу жыйындын алдында чүчүкулак аркылуу аныктааларын эскерте кетмекчибиз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Арстанбек Абдылдаевди, Мамбетжунус Абыловду, Масалиев Исхакты, Парманкулов Замирбекти жана Султанов Маратты жыйындын төрагасы КР БШКнын 2011-жылдын 27-июлундагы №57 токтому менен бекитилген “Тил боюнча Комиссия жөнүндө” Жобо менен тааныштырды.
Жобого ылайык биринчи тапшырмада Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берилген 30 мүнөттүн ичинде шайлоо алдындагы программаларын жазуу жүзүндө баяндоолору керек.
Андан кийин алфавиттик тартипте талапкерлер өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын ооз эки 15 мүнөткө чейин баяндашты.
Талапкердин тилди билишинин үчүнчү пункту 3 барак көлөмүнөн ашпаган басма сөз текстин окуп берүү.
Тил боюнча Комиссия талапкерлердин жазуу жүзүндөгү тапшырмаларын карап чыгып, шайлоо алдындагы программаларын угуп жана адабий чыгармадан үзүндүнү окуп берүүсүн угуп, төмөндөгү чечимди чыгарды:
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек-мамлекеттик тилди билет;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абылов Мамбетжунус-мамлекеттик тилди билбейт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмта ордуна талапкер Масалиев Исхак-мамлекеттик тилди билет;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Парманкулов Замирбек-мамлекеттик тилди билбейт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Султанов Марат-мамлекеттик тилди билет
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоого колтамга чогултуу боюнча кол коюу баракчаларын кабыл алуу аяктады
Бүгүн, 2011 – жылдын 9 – сентябрында 00 саат 00 мүнөттө “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52 – беренесинин 7 – пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоого колтамга чогултуу боюнча кол коюу баракчаларын кабыл алууну аяктады.
Төмөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна аларды колдоого колтамга чогултуу боюнча кол коюу баракчаларын тапшырган талапкерлердин тизмесин тиркейбиз:
1. Абдылдаев Арстанбек,
2. Абылов Мамбетжунус,
3. Абышов Аскарбек,
4. Апасов Кубанычбек,
5. Арабаев Калыбек,
6. Асанбеков Темирбек,
7. Атамбаев Алмазбек,
8. Байболов Кубатбек,
9. Бакир уулу Турсунбай,
10. Булекбаев Эркин,
11. Дыйканов Салмоорбек,
12. Дыйканов Сооронбай,
13. Жапаров Акылбек,
14. Иманкулов Марат,
15. Исабеков Кубанычбек,
16. Калматов Анарбек,
17. Каримов Алмазбек,
18. Колубаев Торобай,
19. Кудайбергенов Борончу,
20. Мадумаров Адахан,
21. Малиев Арсланбек,
22. Масалиев Исхак,
23. Матубраимов Алманбет,
24 Медетбеков Шамшыбек,
25. Оморов Роман,
26. Осмонов Курманбек,
27. Парманкулов Замирбек,
28. Сатыбалдиев Жанторо,
29. Сооданбеков Уланбек,
30. Суваналиев Омурбек,
31. Султанов Марат,
32. Ташиев Камчыбек,
33. Текебаев Омурбек,
34. Токтогазиев Жумабек,
35. Тюлеев Нариман,
36. Уметалиева Токтайым,
37. Эгембердиев Омурбек,
Талапкерлерди каттоо 2011 – жылдын 25 – сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тарта талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат жана ал 29 – октябрь күнү аяктайт.
КР Президентин шайлоо 2011 – жылдын 30 – октябрына дайындалган.
Кыргыз республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2011-жылдын 10-сентябрында Тил боюнча комиссиясынын экинчи жыйналышы болуп өттү
Бүгүн, 2011-жылдын 10-сентябрында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 51-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн Тил боюнча комиссиясынын экинчи жыйналышы болуп өттү.
Чучукулак кармоо жолу менен Тил боюнча комиссиянын төрагасы болуп Ч.Айтматов ат. Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик Акматалиев Абдылдажан Амантурович шайланды. Тактап кетебиз, Тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү кезектешип төрагалык кылышат.
Жыйналыштын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Байболов Кубатбекти, Осмонов Курманбекти, Суваналиев Өмүрбекти, Ташиев Камчыбекти, Текебаев Өмүрбекти “Тил боюнча комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлунда бекитилген № 57 Жобосу менен тааныштырып кетти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер аталган Жобонун талабына ылайык, шайлоо алдындагы программасын 30 мүнөт убакыттын ичинде жазуу түрүндө чагылдырып беришти.
Андан ары, алфавиттик тартипте талапкерлер шайлоо алдындагы программасын негизги жоболорун оозеки түрүндө 15 мүнөткө чейин баяндап беришти.
Талапкердин билүүсүн аныкташ үчүн үчүнчү пунктунун талабына ылайык 3 барактан турган басма текстти окуп берүүсү болду.
Тил боюнча комиссиясы жазуу иштерин текшерип, талапкерлердин оозеки баяндамасын, көркөм адабияттан алынган тексттин үзүндүсүн окуусун угуп ар бир талапкер үчүн өз-өзүнчө чечимдерди чыгарды: Ошентип, натыйжада Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Байболов Кубатбек, Осмонов Курманбек, Суваналиев Өмүрбек, Ташиев Камчыбек, Текебаев Өмүрбек – мамлекетик тилди билишет деп бааланышты.
Тил боюнча комиссиясынын кезектеги жыйналышы эртең, 11-сентябрда саат 10.00дон саат 17.00го чейин өтөт.
Эске сала кетсек, эртең мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн бекитилген график боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер: Абдылдаев Арстанбек, Абалов Мамбетжунус, Масалиев Исхак, Парманкулов Замирбек, Султанов Марат экзамен тапшырышат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
2011 – жылдын 9 – сентябрына карата Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 65 адамды түздү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы 8 – сентябрдагы Тил боюнча комиссиянын биринчи жыйынынын натыйжасы боюнча 2011 – жылдын 9 – сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ичинен Байгуттиев Сейтек жана Булекбаев Эркин чыгып кетишти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011 – жылдын 5 – сентябрындагы № 229 “Өзүнүн шайлоо фондусун түзбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө” токтомуна ылайык 11 талапкер: Асылбеков Куттубек, Бердикеев Бийназар, Дыйканбаев Төлөн, Рустенбеков Жаныш, Кенжекулов Полотбек, Кулуев Мадияр, Осоев Арстанбек, Парманов Алмаз, Садыков Айбек, Сулайманкулов Нышанбай, Турдумалиев Сазыкбай талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
Мурда Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигине өзүн өзү көрсөтүшкөн: Мотуев Нурлан, Трофимов Игорь, Токтогазиев Талайбек, Виноградов Виктор, Бабакулов Улукбек өз талапкерлигин чакыртып алуу тууралуу арыз менен Боршайлоокомго кайрылышкан.
Ушундан улам 2011 – жылдын 9 – сентябрына карата Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 65 адамдан турат:
1. Сариев Акылбек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;
2. Мергенов Марат, 1965 г.р., жеке адвокат;
3. Кудабаев Зарылбек, 1953 ж.т., экономика илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин профессору;
4. Абылов Мамбетжунус, 1954 ж.т., экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу иштебейт;
5. Байболов Кубатбек, 1952 ж.т., убактылуу иштебейт;
6. Алымкулов Нурлан, 1959 ж.т., убактылуу иштебейт;
7. Керимбеков Бакыт, 1961 ж.т., «Элдик демилге борборунун» коомдук бирикмесинин Президенти;
8. Карабаева Айсалкын, 1966 ж.т., Ош ш. жеке адвокат;
9. Арабаев Калыбек, 1942 ж.т., “Чолок-Туума” дыйкан чарбасы жана Асыл-тукум кой өстүрүү чарбасынын жетекчиси;
10. Калбаев Толонбай, 1955 ж.т., Ош шаардык «Көрктөндүрүү» КУнун президенти, «Республика» саясий партиясынын мүчөсү;
11. Камчиев Жамбылбек, 1954 ж.т., аймактардагы таланттарды колдоо үчүн «Куудул-Аралаш» коомдук фондусунун президенти, «Асаба» саясий партиясынын мүчөсү;
12. Апасов Кубанычбек, 1950 ж.т., А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Илимий борборунун РАМН (Москва ш.) жетектөөчү илимий кызматкери, «Эл Журт» саясий партиясынын төрагасы;
13. Кудайбергенов Борончу, 1966 ж.т., «Жайсан»ЖЧКнын директору, “Азия-Рекордс” ЖЧКнын башкы директору;
14. Ибрагимова Гайша, 1951 ж.т., «Илим» билим берүү комплексинин директору, “Билим берүү мекемелеринин Союзунун” Президенти;
15. Абышев Аскарбек, 1964 - ж.т, “Кыргызспецэкспорт” ЖЧКнын башкы директору
16. Сооданбеков Уланбек, 1973 -ж.т, убактылуу иштебейт;
17. Боромбаев Мурат, 1958 -ж.т., орус тили жана адабияты мугалими;
18. Султанов Марат, 1960 -ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты;;
19. Оморов Роман, 1950 -ж.т., техника илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын “Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика” лабораториясынын башчысы, Баласагын атындагы КМУнун “Инноватика жана инновациялык иштер” кафедрасынын профессору;
20. Исабеков Кубанычбек, 1957-ж.т., юридикалык илимдеринин кандидаты, КР эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын 3-4-чакырылыштарынын Жогорку Кенештин Төрөгасынын орун басары, “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору;
21. Токтогазиев Жумабек, 1958 -ж.т., «Шатен» курулуш фирмасынын директору;
22. Пиримбаев Жусупжан, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты;
23. Иманкулов Марат, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору;
24. Мактымбаев Калмамат, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери;
25. Колубаев Торобай, 1969 ж.т., убактылуу иштебейт;
26. Матубраимов Алмамбет, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы;
27. Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү;
28. Исаев Жумабек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;
29. Айманбаев Муканбайжан, 1956 ж.т., убактылуу иштебейт;
30. Кадыркулов Качкынбай, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору;
31. Дыйканов Сооронбай, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору;
32. Казакбаев Оомат, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт;
33. Нышанов Назарбек, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы;
34. Ыбышев Ырыскелди, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү;
35. Жапаров Акылбек, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясий партиясынан депутат, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги;
36. Сүйналиев Жаныбек, 1955–ж.т., жумушсуз;
37. Айтикеев Акбаралы, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер;
38. Бөлтүрүков Өмүрбек, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору;
39. Иманалиева Асида, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт;
40. Каримов Алмазбек, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору;
41. Суваналиев Өмүрбек, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору;
42. Токтосунова Дамира, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт;
43. Султанидинов Сайнидин, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
44. Айтымбетов Эрнис, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти;
45. Эгембердиев Өмүрбек, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти;
46. Өмүралиев Темиркул, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт;
47. Осмонов Курманбек, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү;
48. Стамбаев Жылдызбек, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт;
49. Нарикеев Тургунбек, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси:
1. Тюлеев Нариман, 1963-ж.т. (“7-апрель Жаштар кыймылы” саясий партиясы);
2. Медетбеков Шамшыбек, 1963-ж.т. (“Эл бийлиги” партиясы);
3. Дыйканов Салморбек, 1953 ж.т., (“Асаба”);
4. Уметалиева Токтайым, 1962-ж.т., (“Жашасын Кыргызстан”),
5. Атамбаев Алмазбек, 1956-ж.т., (“Кыргызстан социал-демократтар партиясы”);
6. Сатыбалдиев Жанторо, 1956 ж.т., («Бакубат Кыргызстан»);
7. Калматов Анарбек, 1963 ж.т («Ар-Намыс»);
8. Асанбеков Темирбек, 1966 ж.т., («Мекен Ынтымагы»);
9. Малиев Арсланбек, 1957-ж.т. (“Аалам-партияда жоктордун партиясы”);
10. Текебаев Өмүрбек, 1958 ж.т., («Ата-Мекен»);
11. Бакир уулу Турсунбай, 1958 ж.т., («Эркин Кыргызстан»);
12. Парманкулов Замирбек, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” ),
13. Масалиев Исхак (Кыргызстан коммунистеринин партиясы),
14. Ташиев Камчыбек («Ата-Журт»);
15. Мадумаров Адахан («Бүтүн Кыргызстан» – («Единый Кыргызстан»));
16. Абдылдаев Арстанбек («Эл үчүн» («За народ»).
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” констиуциялык Мыйзамдын 52 – беренесинин 7 – пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоодогу колтамгаларды чогултуу боюнча колтaмга баракчаларын кабыл алуу бүгүн саат 00 – 00 минутада аяктаарын эскерте кетебиз.
Талапкерлерди каттоо 2011–жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
8 – сентябрда Тил боюнча комиссиянын биринчи жыйналышы өттү
Бүгүн, 2011-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутаттарын шайлоосу жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында Тил боюнча комиссиясынын биринчи жыйналышы өттү.
Эскертебиз, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн Тил боюнча комиссия 2011-жылдын 1- августунда түзүлгөн:
1. Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Ч.Айтматов ат. Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик;
2. Батаканова Светлана Топчуевна, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогикалык илимдердин кандидаты, доцент;
3. Василькова Галина Алексеевна, Кыргыз-Россиялык Славян университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты;
4. Исаков Каныбек Абдуваситович, Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор;
5. Искендерова Суусар Искендеровна, Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору; филология илимдеринин доктору;
6. Исамидинов Искендер Чоңмурунович, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор;
7. Казиев Нурбек Кожоярович, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты;
8. Нурманбетов Тынчтыкбек, “Кырчын” журналынын башкы редактору, акын, Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери,
9. Рыскулова Гүлжамал Үмөткуловна, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты,
10. Өмүрканов Анатай, Кыргыз Республикасынын эл акыны;
11. Маразыков Турусбек Сейдакматович, Ж.Баласагын ат. КМУ кыргыз тил кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор;
12. Дербишева Замира Касымбековна, “Манас” КТУ тышкы иштер институтунун директору, филология илимдеринин доктору.
Чучукулак кармоо боюнча Тил боюнча комиссиянын биринчи төрагасы болуп Исамидинов Искендер Чонмурунович шайланды. Тактап кетебиз, Тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү кезектешип төрагалык кылышат.
Жыйналыштын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Асанбекова Темирбекти, Байгуттиева Сейтекти, Булекбаева Эркинди, Мадумарова Адаханды, Пиримбаева Жусупжанды “Тил боюнча комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлунда бекитилген №57 Жобосу менен таанышып кетти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер ге шайлоо алдындагы программасын чагылдыруучу жазуу иштерине 30 мүнөт бөлүнүп берилди.
Андан ары, алфавиттик тартипте талапкерлер шайлоо алдындагы программасын негизги жоболорун оозеки түрүндө 15 мүнөткө чейин баяндап беришти.
Талапкердин билүүсүн аныкташ үчүн талаптарга ылайык кийинки этапта 3 барактан турган басма текстти окуп берүүсү болду.
Тил боюнча комиссиясы жазуу иштерин текшерип, талапкерлердин оззеки баяндамасын, көркөм адабияттан алынган тексттин үзүндүсүн окуусун угуп, төмөнкү чечимдерди чыгарды:
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Асанбеков Темирбек – мамлекеттик тилди билет;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Байгуттиев Сейтек мамлекеттик тилди билбейт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Булекбаев Эркин – мамлекеттик тилди билбейт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Мадумаров Адахан – мамлекеттик тилди билет ;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Пиримбаев Жусупжан – мамлекеттик тилди билет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти
Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. Жыйналышта, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Эркин Булекбаев, Мамбетжунус Абылов, Анарбек Калматов, Омурбек Эгембердиев, Алмазбек Каримов, Замирбек Пирманкуловдун ыйгарыс укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти. Күбөлүктүн дизайнына БШКнын мүчөлөрү кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө кабарлоо формасын бекитти
Бүгүн, 6-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов кезектеги жыйналышында БШКнын мүчөлөрү Жеңишбек Акматовду “Даңк” медалы мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланышы жана Жаркын Бапанованы “Кыргыз Республикасынын Элге билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамын алышы менен куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Марат Султановдун жана Эркин Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Марат Султановдун берген арызынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлү Канайым Кушназарованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 5-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндөгү” токтомунун кабыл алынышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Мадияр Кулуевдин, Жаныш Рустенбековдун, Сазыкбай Турдумалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сакталышын көзөмөлдөө боюнча” Нускаманы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бекитишти. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасында жарыяланат.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоодогу шайлоочулардын кол тамгаларды чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол тамга баракчаларындагы кол тамгалардын жана маалыматтардын тактыгын текшерүү жөнүндө” Нускамага айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү менен токтомду кабыл алышты.
Ошондой эле, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө кабарлоо формасын өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду.
Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан курамында экиден бири саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн саны он бир адамдан кем эмес мүчөсүнөн түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш өтө жооптуу, эл менен аяр жана ак ниет иштей билүүнү талап кылат. Ошону менен бирге эле бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал эми резерв беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда жана коргоодо жоопкерчилигин жогорулатат.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутуу курсунан өтүшөт, аны аяктагандан кийин сертификат алышат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви он бир адамдан кем эмес болуп түзүлөт.
Төмөндө саналган аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын толуктоо зарылчылыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ала-Бука аймактык комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону уюштуруу боюнча (ТИМ) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү талап кылынууда. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү ушул кайрылуу жарыяланган учурдан тартып башталат.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандын аны комиссияга көрсөтүүгө макулдугун эске алышы зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын саны он бир адамдан кем эмес резервге талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жерин көрсөтүү менен жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси тиркелип, ал жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Саясий партиялардан көрсөтүлгөн протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана саясий партиянын мөөрү (партиянын аймактык бөлүмүнүн, же саясий партиянын уставынын ченемдерине ылайык) күбөлөндүрүлөт.
Саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн протоколдорго:
-аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары;
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору тиркелет.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (шаардык, райондук кеңештер) тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат.
Маалымат алуу телефондору: 66-51-86, 62-08 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо фондун түзбөгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон чыгарды
Бүгүн, 5-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Аманылло Иминовдун арызынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Жогорку К еңешинин депутатын каттоо” жөнүндөгү 2011-жылдын 29-июлунда кабыл алынган №60 токтомун жокко чыгарды.
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарын, өздөрүн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана КР ЖК мандаттарынан баш тартышкандыгына байланыштуу арыздары канааттандырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен “Республика” саясий партиясынан Эшимов Акылбек КР ЖК депутат болуп катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын белгиленген үлгүдөгү төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырды. Бүгүнкү жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Уланбек Сооданбеков, Нариман Тюлеев, Акбаралы Айтикеев, Сооронбай Дыйканов, Адахан Мадумаров, Кубанычбек Апасов, Кубатбек Байболов, Роман Оморов, Жамбыл Камчиев, Зарылбек Кудабаев, Турсунбай Бакир уулу, Анарбек Калматов, Өмүрбек Текебаевдердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде Камчиев Авангард Жамбылбековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жамбыл Камчиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоодон баш тартты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тил комиссиясынын сынактарын өткөрүү графигин бекитти. Сынактар 2011-жылдын сентябрь айынын 7- 24үнө чейин аптанын шаршемби, бейшемби, ишемби, жекшемби күндөрү өтөт. Эскерте кетсек, сынакка кол коюлган барактарын көрсөткөн жана белгиленген тартипте шайлоо күрөөсүн алып келген гана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлери киргизилет.
Бул жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоодогу шайлоочулардын кол тамгаларынын тактыгын текшерүү жөнүндөгү суроону карап чыгып,
бул процедура 10 % чүчүкулак тандабай алуу жолу менен ишке ашырыларын тактады. Белгилей кетсек ушул токтом 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин күчүндө болот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндөгү суроону өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитти.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын 2008-жылдын 5-октябрында өткөн Бишкек шаардык кеңешинин №2-Жал жана №7-Тоголокмолдо шайлоо округдары боюнча Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндөгү токтомду кабыл алышты. Айта кетсек Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 110 токтому менен М.А.Назарматовдун арызын карап чыгуу боюнча Жумушчу тобу түзүлгөн. Жогоруда белгиленгендердин негизинде №2-Жал шайлоо округу боюнча С.Г.Загинайло, К.А.Узакбаев, Э.Р.Рыскулов, Э.Э.Сыдыков, №7-Тоголокмолдо шайлоо округу боюнча Т.К.Табалдиев, А.В. Завьялова ,Т.Ю.Роткина, Т.Н.Исаковдор Бишкек шаардык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттары болуп эсептелсин.
Бул жыйналышта, 2011-жылдын 9-октябрына белгиленген Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй областтарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө жана даярдыктарга керектелүүчү чыгымдардын божомолдуу сметасы 4 120 800 (төрт миллион жүз жыйырма миң сегиз жүз) сом менен бекитилди.
Ошондой эле жыйналышта 2011-жылдын 19-августунда кабыл алынган № 164 жана №165 токтомдордун аткаруу тартиптеринин токтотулушу жөнүндөгү чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 4-пунктунун 7-бөлүгүнө туура келгендей, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн 7-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Куттубек Асылбеков, Бийназар Бердикеев, Толон Дыйканбаев, Жаныш Рустенбеков, Полотбек Кенжекулов, Мадияр Кулуев, Арстанбек Осоев, Алмаз Парманов, Айбек Садыков, Нишанбай Сулайманкулов жана Сазыкбай Турдумалиев өздөрүнүн шайлоо фондуларын түзбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндөгү токтомду кабыл алды.
Ошентип, 2011-жылдын 5-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 67 кишини түздү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуп үйрөтүүчү тренингдер өткөрүлдү
2011 – жылдын 2 – сентябрынан 4 – сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана комиссиялардын резервинде турган адамдар үчүн шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктар боюнча бир күндүк окутуп үйрөтүүчү тренингдер өткөрүлдү.
Тренингдер шайлоо укугу жаатында адистешкен машыктыруучулар тарабынан өткөрүлдү. Эксперттер сыпатында Боршайкомдун мүчөлөрү жана атайын өкүлдөрү болушту.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана укук коргоо органдарына кайрылуусу
Шайлоо - бул мамлекеттик бийлик органдарын түзүү жана жарандардын эркин эрк билдирүүсү аркылуу шайланган кызмат адамына ыйгарым укуктарды берүү болуп саналат. Мамлекетти жана коомду мындан ары жаңылоо реформалар жүргүзүлүп жаткан мезгилде биз бийликтин оор жүгүн аркалоого жөндөмдүү элдик өкүлдөрдү табуунун жана тандоонун цивилдүү механизмдерин түзө алабызбы, ошого байланыштуу болот. Мында бир нерсени белгилей кетүү керек: ар кандай демократиялуу өлкөдө саясый күрөш цивилдүү формада, оппоненттердин укугун сыйлоо менен жүрүүгө тийиш деген кыйшаюусуз эреже иштейт. Кыргыз мамлекетин ким башкарат - муну акыр жыйынтыгында шайлоочулар гана чечет.
Жетекчи кадрларды тандоонун натыйжалуу механизмин түзүүнүн зарыл куралы болуп “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзам саналат (мындан ары - констиуциялык Мыйзам) жана алдыда турган мамлекет башчысын шайлоо алгачкы жолу аталган Мыйзамдын негизинде өткөрүлмөкчү.
Өзүлөрүнө тагылган милдеттерди аткаруу менен шайлоо комиссиялары Кыргыз Республиксынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайланууга болгон конституциялык укугун жүзөгө ашыруу боюнча шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүшөт.
Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 22, 28 - беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7 - беренесинин 1 - бөлүгүнүн 1,2 - пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибин сактоо боюнча Жумушчу топ түзгөн.
Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин жөнгө салган аракеттеги мыйзамдардын КРнын Президентин шайлоо боюнча процесстин жүрүшүндө КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка адамдар тарабынан бузулушу туурасындагы материалдарды чогултууну жана системалаштырууну ишке ашырат жана ошондой эле шайлоочуларды кабардар кылууну, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү жөнгө салган аракеттеги мыйзамдардын нормаларынын бузулушу туурасындагы кайрылууларды алдын ала кароону ишке ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу тарабынан чогултулган материалдарды иликтөөлөр көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тарабынан шайлоочулардын колтамгаларын чогултууда, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тартип бузууларга жол берилүүдө.
Маселен, өз талапкерин колдоо үчүн шайлоочулардын колтамгаларын чогултууда айрым талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочулар туурасындагы аныктоочу маалыматтар алдын ала көрсөтүлгөн (Ф.А. Ж., жашаган жери ж.б.), машиналык текст менен басылган колтамга баракчаларын пайдаланышууда. Алар шайлоочулардын тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен белгилүү өлчөмдөгү сыйлык акчага сатып алышууда. Ошондой эле аталган кызматкерлер 50 колтамга үчүн 500 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөп берүү жолу менен колтамга чогултууга тартылышууда. Шайлоочулар өзүлөрүнүн аты- жөнүнүн тушуна гана кол коюп берип жатышат.
Буга карабай, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн колтамгаларды чогултуунун тартиби, талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуштаган кол тамгалардын, колтамга баракчаларындагы маалыматтардын туура жана так экенин жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011 - жылдын 5 - июлундагы № 5 - токтому менен бекитилген Нускамага ылайык, ар бир шайлоочу колтамга коюу баракчасына колтамгасын коюп жатып, өз колу менен аты -жөнүн, туулган жылын, жашаган жеринин дарегин жана колтамга койгон күнүн көрсөтөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге жана алардын өкүлдөрүнө эскертет: эгерде колтамгалар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган колтамгаларды чогултуу жана колтамга баракчасынын формасы боюнча каралган тартиптин талаптарына туура келбесе, алар жараксыз деп табылат.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин жөнгө салган шайлоо жөнүндөгү конституциялык Мыйзамдын негизги жоболорун дагы бир жолу эскертет:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 23 - беренесине ылайык, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн - 2011 -жылдын 25 - сентябрынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда - 2011 -жылдын 29 - октябрында саат 8: 00 дө токтотулат.
Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып барууга тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
Талапкердин жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.
4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, талапкерлердин өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз.
6. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө – төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.
7. Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.
8. Талапкер ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары Мыйзамдын талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды конституциялык Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарды ээлеген, жана ошондой эле мамлекеттик (муниципиалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашпаган мамлекеттик, муниципиалдык ишкана мекемелердин жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилик кызматын ээлеген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден өзүнүн кызматтык ордунун жана кызматтык милдеттеринин артыкчылыктарын пайдаланууга шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 21- беренеси тарабынан аныкталган тыюу салууну бекем сактоону талап кылат.
Кызмат ордунун жана кызматтык милдеттеринин артыкчылыктарын пайдалануу деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) көрсөтүүгө же шайлоого көмөк бере турган кол алдында иштеген же башка кызматтык көз карандылыкта турган адамдарды, башка мамлекеттик, муниципиалдык кызматчыларды тартуу;
2) мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеп турган имарат жайларды эгерде башка талапкерлер аталган имарат жайларды ушул шарттарда пайдалана албаса, көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк бере турган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга;
3) мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылган телефондук, факстык жана башка байланыш түрлөрүн көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк көрсөтүү ишинде пайдаланууга;
4) мамлекеттик жана муниципиалдык менчиктеги транспорттук каражаттарды көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк көрсөтүү ишинде акысыз же жеңилдетилген шарттарда пайдаланууга;
5) мамлекеттик кызматчылар же муниципиалдык кызматчылар тарабынан кызматтык иш сапарлары учурунда колтамга чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө;
6) колтамга чогултуу же шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына (башка талапкерлерге салыштырмалуу) чыгуу артыкчылыгы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тарабынан шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам тарабынан аныкталган талаптары бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы аларга кат жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар талапкер тарабынан бир нече жолу бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына - прокуратура жана ички иштер органдарына кайрылат:
Шайлоо жөнүндөгү конституциялык Мыйзамга ылайык, прокуратура органдары жана ички иштер органдары укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюуга жана бул боюнча аныкталган фактылар, көрүлгөн чаралар туурасында тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз кабарлоого милдеттүү. Укук коргоо органдары шайлоо комиссияларына шайлоо алдындагы жасалма жана мыйзамсыз басма, угуу жана көрүү, башка үгүт материалдарын даярдоонун алдына алууга, аларды алып коюуга жана ошондой эле аталган материалдардын даярдоочуларын, алардын акы төлөө булагын аныктаганга көмөк көрсөтүүгө тийиш.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина менен жолугушту
Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Кыргызстанга иш сапары менен келген Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина жана РФ БШК аппаратынын тышкы байланыштар Башкармалыгынын бөлүм башчысы Игорь Евланов менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар биздин өлкөдөгү шайлоо алдындагы процесстер жана шайлоо системасынын мыйзамдык негиздери жөнүндөгү маселелерди талкуулашты.
Меймандар шайлоо системадагы жаңы мыйзам жөнүндөгү маселеге кызыгышты. КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган конституциялык Мыйзам менен кыскача тааныштырып өттү.
Е.Дубровина Россия Федерациясында добуш берүү процессинде шайлоо тизмелери жарандардын ички жана тышкы миграциясынын объективдүү маселесине байланыштуу дагы эле көйгөйлүү маселе экендиги жөнүндөгү ою менен бөлүштү.
РФ БШК мүчөсүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамга киргизилген жаңылыктар кызыктырды. Маселен, конституциялык Мыйзамдагы “шайлоо дареги” деген жаңы терминдин көп оң жактары бар.
Жаңы мыйзам боюнча шайлоочуга алдын ала жашаган жери боюнча шайлоочулардын тизмесине катталып добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул жаңылык шайлоочуларга шайлоо алдындагы процесстерге активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берет. Эскерте кетсек, буга чейин шайлоочу шайлоо күнү катталган жери боюнча же болбосо кошумча тизме боюнча гана добуш бере алган.
Жолугушуу учурунда КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна айрым талапкерлердин мөөнөтүнөн мурдагы үгүттөө маселесин да козгоду. Жакынкы күндөрү кээ бир талапкерлер мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштагандыгы үчүн эскертүү аларын айтып өттү.
РФ БШКнын мүчөсү Е.Дубровина келе жаткан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо россиялык байкоочулардын катышуусу жөнүндө маалымдады.
Эл аралык байкоочу катарында катышууга Россия Федерация тарабынан 350 адам сунушталды, ал эми узак мөөнөттө Кыргызстанда 30 дан ашуун адам болот.
Шайлоого болгон даярдыктар Календарлык план боюнча бардык мөөнөттөрдү сактоо менен өтүп жаткандыгын КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов белгилеп өттү.
Елена Дубровина Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Евгеньевич Чуровдун атынан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовго шайлоо учурунда РФ БШКнын укук коргоо органдары менен биргелешип иштешкен иштери жөнүндө тартылган тасмалардын дисктерин жана шайлоо алдындагы процесстерине жалпыга маалымдоо каражаттардын катышуусу тууралуу тиешелүү методикалык материалдарды өткөрүп берди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты