КР АШК протоколдорун жана добуш берүү жыйынтыктары тууралуу жыйынды таблицаларын кабыл алуу боюнча Жумушчу топ аймактык шайлоо комиссияларынан 50 протоколдорду кабыл алды
03 ноября 2011
2011-жылдын 3-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары жерлерде шайлоолорду уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиялардын протоколдорун жана добуш берүү жыйынтыктары тууралуу жыйынды таблицаларын кабыл алуу боюнча Жумушчу топ аймактык шайлоо комиссияларынын 50 протоколдорун кабыл алды.
2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Репсубликасынын Президентин шайлоодогу АШКдан келип түшкөн добуш берүү жыйынтыктары боюнча протоколдорду кабыл алуу жана өткөрүү, ошондой эле, аларды салыштырып текшерүү процесси КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ЖМК, эл аралык байкоочулардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.
КР БШКнын 2011-жылдын 29-октябрындагы № 34 буйругу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары жерлерде шайлоолорду уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиялардын протоколдорун жана добуш берүү жыйынтыктары тууралуу жыйынды таблицаларын кабыл алуу боюнча Жумушчу топ түзүлгөндүгүн эскерте кетмекчибиз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
