Башкы Жаңылыктар 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо …

2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө КР БШКнын Токтом

12-Ноя, 2011

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин    1- жана 2-бөлүктөрүнө, 55-беренесине ылайык, протоколдордо камтылган маалыматтарды кошуу аркылуу көрсөтүлгөн протоколдорду түзүүнүн туура экендигин алдын ала текшерүүдөн кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү аныктады:

         1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны -  3 032 666 шайлоочуну түздү.

         2. 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны – 1 858 632, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын 61,28%тин түзөт.

         3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Осмонов Курманбек Эргешович 2 452 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,13%тин түзөт.

         4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич 266 189 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,32%тин түзөт.

         5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калматов Анарбек Баратович 13 609 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,73%тин түзөт.

         6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич 3 239 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,17%тин түзөт.

         7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бакир уулу Турсунбай 15 195 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,82%тин түзөт.

         8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Колубаев Торобай Куназович 1 941 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,1%тин түзөт. 

         9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Байболов Кубатбек Калбекович 15 427 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,83%тин түзөт.

         10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Иманкулов Марат Муканович 5 578 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,3%тин түзөт.

         11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Атамбаев Алмазбек Шаршенович 1 161 929 добуш алды, бул 62,52%ти, башкача айтканда,  шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добушунун жарымынан көбүн түзөт.

         12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 8 770 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,47%тин түзөт.

         13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Дыйканов Сооронбай Сабырович 1 339 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,07%тин түзөт.  

         14. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Суваналиев Өмүрбек Исакович 16 143 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,87%тин түзөт.

         15. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 274 639 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,78%тин түзөт.

         16. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Айтикеев Акбаралы Ысырайылович 2 081 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,11%тин түзөт.  

         17. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевич 17 232 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,93%тин түзөт.

         18. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Каримов Алмазбек Ташполотович 1 305 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,07%тин түзөт.

         19. “Бардыгына каршы” позициясы үчүн 13 419 шайлоочу добуш берди,  бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0, 72%тин түзөт.

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин  1- жана 2- бөлүктөрүн, 55-беренесин, 58-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө” 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколу түзүлсүн жана ага кол коюлсун (тиркелет).

         2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө” 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколу бекитилсин.

         3. 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болду деп таанылсын.

         4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө” 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары төмөнкүдөй аныкталсын:

         62,52% добушту, башкача айтканда,  шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добушунун жарымынан көбүн алган Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин.

         5. Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын.

         6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришүүдө Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандыгы жөнүндө күбөлүк, айырмалоо белгиси –Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана Штандарты (желеги) тапшырылсын.

         7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

 

         Төрага                                                               Т.Абдраимов 

 

 

         Төраганын орун басары                                Г.Джурабаева 

 

         Төраганын орун басары                                А.Шайымкулова

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук  

шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү

Абдукадыров К.А. 

 

Бапанова Ж.Б.

Акматов Ж.А.

Баялинов А.Ж.

Асаналиев А.Т.

Бекбасаров Р.Б.

Ашимов Н.А.

Кадырбеков И.Д,

Баатырова Г.М.

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2011-жылдын 12-ноябрынын

№ 418 токтому менен

Бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо

2011-жылдын 30-октябры

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин

шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

 

ПРОТОКОЛУ

            Добуш берүү жыйынтыктары боюнча 58 аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунда камтылган маалыматтардын негизинде, көрсөтүлгөн протоколдордун тууралыгын алдын ала текшерүүдөн кийин алардагы маалыматтарды кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы а н ык т а д ы:

  1. 1.         

Фамилия, имя, отчество кандидатов на должность  Президенты Кыргызской Республики 

Число голосов избирателей, поданных за кандидата

1         

ОСМОНОВ Курманбек Эргешович

0

0

0

2

4

5

2

 

 

2         

ТАШИЕВ Камчыбек Кыдыршаевич

0

2

6

6

1

8

9

 

 

3         

КАЛМАТОВ Анарбек Баратович

0

0

1

3

6

0

9

 

 

4         

ИСАБЕКОВ Кубанычбек Сатиндиевич

0

0

0

3

2

3

9

 

 

5         

БАКИР уулу Турсунбай

0

0

1

5

1

9

5

 

 

6         

КОЛУБАЕВ Торобай Куназович

0

0

0

1

9

4

1

 

 

7         

БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович

0

0

1

5

4

2

7

 

 

8         

ИМАНКУЛОВ Марат Муканович

0

0

0

5

5

7

8

 

 

9         

АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович

1

1

6

1

9

2

9

 

 

10     

АБДЫЛДАЕВ Арстанбек Бейшеналиевич

0

0

0

8

7

7

0

 

 

11     

ДЫЙКАНОВ Сооронбай Сабырович

0

0

0

1

3

3

9

 

 

12     

СУВАНАЛИЕВ Омурбек Исакович 

0

0

1

6

1

4

3

 

 

13     

 

МАДУМАРОВ Адахан Кимсанбаевич

0

2

7

4

6

3

9

 

 

14     

 

АЙТИКЕЕВ Акбаралы Ысырайылович

0

0

0

2

0

8

1

 

 

15     

 

АСАНБЕКОВ Темирбек Ишенбаевич

0

0

1

7

2

3

2

 

 

16     

 

КАРИМОВ Алмазбек Ташполотович

0

0

0

1

3

0

5

 

 

17     

 

“Бардыгына каршы” позиция үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны 

0

0

1

3

4

1

9

 

 

2.        

Шайлоо участкасынын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны

3

0

3

2

6

6

6

 

 

3.        

Участкалык шайлоо комиссиясы алган шайлоо бюллетендеринин саны

3

0

3

6

4

4

9

 

 

4.        

Шайлоо бюллетендерди алган шайлоочулардын колтамгаларынын саны

1

8

5

8

6

3

2

 

 

5.        

Добуш беруугө катышкан шайлоочулардын саны

1

8

5

8

6

3

2

 

 

5а

Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны

0

0

0

0

5

2

5

 

 

5б

Шайлоо участкасынын кеңсенинен тышкары добуш берген шайлоочулардын саны

0

0

6

3

6

3

2

 

 

6.        

Жоюлган шайлоо бюллетендеринин саны

1

1

7

7

8

1

7

 

 

7.        

Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны

1

8

2

0

4

8

7

 

 

8.        

Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны

0

0

3

8

1

4

5

 

 

                                                                       

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 55-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алган Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайланды деп эсептөөнү чечти.

 

            Төрага                                                                      Т.Абдраимов

            Төраганын орун басары                                      Г.Джурабаева

            Төраганын орун басары                                      А.Шайымкулова

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук

шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү:

 

Абдукадыров К.А. 

Бапанова Ж.Б.

Акматов Ж.А.

Баялинов А.Ж.

Асаналиев А.Т.

Бекбасаров Р.Б.

Ашимов Н.А.

Кадырбеков И.Д,

Баатырова Г.М.

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>