КР БШК Бишкек шаардык Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларынан үч шайлоо участкалардын шайлоо документтеринин оригиналдарын сурап алуу жөнүндө чечим кабыл алды
05 ноября 2011
Бүгүн, 2011-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-беренесинин 16-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 30 - пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрындагы шайлоо боюнча Ленин аймактык шайлоо комиссиясынан № 1019, № 1022 шайлоо участкалардын добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду, шайлоо бюллетендерди жана башка шайлоо документацияларды суратып алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Ошондой эле, КР БШК чечимине ылайык, Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынан № 1326 шайлоо участкасынын дагы добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө протоколдору, шайлоо бюллетендери жана башка шайлоо документациялары суратылып алынат. КР БШК шайлоо документтеринин оригиналдарын суратып алуу жөнүндөгү бул чечим Бишкек ш. үч шайлоо участкаларындагы бузуулардын кырдаалдарын ачуу үчүн кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
