Башкы Жаңылыктар КР БШК мүчөсү И.Кадырбековдун ММК өкүлдөрүнө берген пресс-конференциясы

КР БШК мүчөсү И.Кадырбековдун ММК өкүлдөрүнө берген пресс-конференциясы

03-Ноя, 2011

Бүгүн, 2011-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө пресс-конференция берди.

            И.Кадырбеков Бишкек ш. жана республиканын башка аймактарынын жашоочуларынан келип түшкөн арыздар боюнча шайлоочулардын тизмелерин тактоо тууралуу өткөрүлүп жаткан жумуш жөнүндө кенен баяндап берди.

            Негизинен, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү 2011-жылдын 30-октябрында жана 31-октябрда, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине жиберилген арыздарда шайлоочулардын тизмесинде болбой калагандыгына байланыштуу добуш бере алышпай калгандыгы жөнүндө айтылат. КР БШК мүчөсү И.Кадырбеков журналисттерге 2010-жылдагы парламенттик шайлоолордогу жана азыркы Президенттик шайлоолордогу шайлоочулардын тизмеси боюнча өткөрүлгөн анализ жөнүндө айтып берди. Алсак, 2010-жылдын октябрында республика боюнча шайлоочулардын саны 3 036 703 түзгөн, 2011-жылдын октябрында - 3 034 084 түзгөн.

            БШК мүчөсү андан ары, Кыргыз Республикасынын жарандары 20-октябрга чейин участкалык шайлоо комиссияларына келип арыздардын 3 формаларынын 1 боюнча арыз берип, өзүлөрүн шайлоочуларынын тизмесинде экендигин такташы керек экендигин түшүндүрдү. Булар: № 1 форма - шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө, № 2 форма – шайлоо дареги жөнүндө;, № 3 форма – жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

            Жыйынтыгында, ушул 3 форма боюнча 20-октябрга чейин  № 1 форма боюнча -605, № 2 форма боюнча – 147 701, № 3 форма боюнча 18973 арыз, м.а. 273 279 арыз түшкөн. Бишкек ш. Биринчи май району боюнча келип түшкөн арыздар боюнча И.Кадырбеков, алар 20-октябрга чейин арыздарды бербегендигин түшүндүрдү.

            БШК мүчөсү КР БШКда шайлоочуларды тизмеге киргизүү жана чыгаруу жөнүндө маалыматты четке какты. Анын сөзү боюнча республика боюнча участкалык комиссиялардын маалыматтарына паспорттук бардык дайындарды, өзгөртүүлөрдү киргизүү, секунддук тактыкта КР БШКнын маалыматтык шайлоо системасында белгиленет

            И.Кадырбеков Жалал-Абал облусуна, Бишкек ш. Биринчи май районуна  келип түшкөн жарандардын арыздарынын, билдирүүлөрдүн, паспорттордун  көчүрмөлөрү менен журналисттерди айкын тааныштырды. Мисалы катары, ал Кыргыз Республикасынын жараны Ырсалиевдин фамилиясы шайлоочулардын тизмесинде Ысраилов болуп көрсөтүлүп калгандыгын ЖМКга  көрсөттү.

И.Кадырбеков ошондой эле, Бишкек ш. Октябрь районунун 2ден ашык УШКсына  4499 адам 20-октябрга чейин шайлоочулардын тизмесинде киргизүү жөнүндө арыз беришкен.

            Ал шайлоочулардын тизмеси боюнча бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар, ошондой эле участкаларда көп жолу катталган адамдарга материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына текшерүү жана мыйзамда белгиленген тартипте чечим чыгаруу үчүн берилет деп кошумчалады.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып И.Кадырбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасында 2 миллион 400 миң адам ID-картага ээ экендигин айтты.

“Кыргызстанда 2,5 миң калктуу пункт бар. Шайлоочулардын тизмесин тактоо ошондой эле саны 6 миң кишиден турган мобилдик топтор аркылуу да жүргүзүлгөн”-деп, ал кошумчалады .

            Сөзүнүн акырында КР БШК мүчөсү И.Кадырбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын эсебин алуунун бирдиктүү системасын түзүүдөгү чогуу аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>