Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовдун Борбордук …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовдун Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 12-ноябрындагы жыйынтыктоочу жыйналышында сүйлөй турган сөзүнүн тезисттери

12-Ноя, 2011

Урматтуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү!

 Урматтуу чакырылгандар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

 

         Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйыны Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо кампаниясынын жыйынтыгын чыгарат.

         Президентти шайлоо – мамлекеттин турмушундагы эң маанилүү окуя, мында өлкөнүн, ошондой эле ар бир жарандын келечеги көп жагынан анын жыйынтыгына жараша болот.

         Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясына, участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына эркин жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү аркылуу мамлекеттик бийликти түзүүнүн чоң жоопкерчилиги жүктөлгөн.

         4 ай мурда бул ишке киришип жатып, биз шайлоо мыйзамдарына гана ылайык иштеген шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн калыстыгы, эч кимге жан тартпагандыгы, компетенттүүлүгү гана Кыргызстандагы шайлоо процессине шайлоочулардын, дүйнөлүк коомчулуктун ишенимин жарата ала тургандыгына ишенгенбиз.

         Өзүңүздөр жакшы билгендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын иш-аракети, түздөн-түз айтканда күтүлбөгөн кыйын шарттарда – жаңы шайлоо технологиялары жана жол-жоболору бекемделген жаңы конституциялык Мыйзам жана шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзам жаңы гана кабыл алынганда башталды. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоонун башка уюштуруучулары бул оор милдетти ар-намыстуулук менен аткара алышты деп ойлойм.

         Кыска мөөнөттө 58 аймактык шайлоо комиссиясынын курамы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиялары, ошондой эле алардын резервдеринин курамы түзүлдү.  Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына комиссиялардын 696 мүчөсү кирди.

         Аймактык шайлоо комиссияларын түзүүгө 27 саясий партиянын өкүлдөрү катышып, алар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде расмий каттоодон өтүштү.  Ошондой эле аймактык комиссиялардын курамынын жарымы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлдү. Мында жарандардын, эмгек жамааттарынын, коомдук бирикмелердин чогулуштарында аймактык шайлоо комиссияларынын курамына 1170 талапкер, ошондой эле саясий партиялардан 869 өкүл көрсөтүлгөнүн белгилей кетүү керек.

         Белгиленген мөөнөттө, тактап айтканда ушул жылдын 15-августуна чейин аймактык комиссиялар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында 2 289 жана республиканын чегинен сырткары 29 участкалык комиссия түзүлдү.

         Участкалык шайлоо комиссияларын түзүүгө 33 саясий партиянын өкүлдөрү катышты. Участкалык комиссиялардын курамына 48 137 талапкер, алардан 25 224ү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан, 22 913 адам саясий партиялардын өкүлдөрүнөн көрсөтүлдү.

         Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына бардыгы болуп 23 350 комиссия мүчөсү, алардан 11 649у өкүлчүлүктүү органдардын өкүлдөрү жана 11 701и саясий партиялардын өкүлдөрү кирди.

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан Сиздерди, урматтуу участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, комиссияларда иштөөгө макул болгонуңуздар үчүн ыраазылык билдирем. Анткени шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча эң көп оорчулукту Сиздер көтөрдүңүздөр, анын үстүнө дээрлик көпчүлүгүңөр коомдук башталышта иштеп бердиңиздер.

         Шайлоо алдындагы мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн алдына участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн эмгегин материалдык жактан колдоо маселесин коюуга жана аны чечүүгө милдеттүү деп ойлойм.

         Шайлоону даярдоодо шайлоо комиссиялары чече турган эң башкы проблема шайлоочулардын тизмесин түзүү болду десем жаңылышпайм. Белгилүү болгондой, шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 15-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине кирген гана жарандар добуш берүүгө укуктуу. Башкача айтканда, добуш берүү күнүндө “кошумча тизме” дегенди түзүү каралган эмес.

         Ошондуктан мыйзам талаптарына ылайык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо боюнча эң чоң иштерди аткарды.

         Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулар жөнүндө маалыматтар базасындагы жана Социалдык фонддо эсепте турган пенсионерлер жөнүндө маалыматтар талдоого алынып, ошондой эле берилген паспорттор тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалыматтар алынды.

         Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмелериндеги кайталанган шайлоочуларды аныктоо боюнча көп иштерди аткарды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтар базасында аларды бир түргө келтирүүгө мүмкүн болбогон учурларда көрсөтүлгөн даректер боюнча тактоо үчүн каттап эсепке алуу органдарына же болбосо аймактык шайлоо комиссияларына жиберилди.

         Шайлоочулардын тизмелерин тактоо 27-октябрга чейин жүргүзүлдү.

         Өткөн шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бардыгы 86 талапкер көрсөтүлдү, алардан саясий партиялардан 18 талапкер, өзүн өзү көрсөткөндөр – 68. Анын ичинде 6 аял көрсөтүлдү.

         Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 25 талапкерди каттады. Алардан добуш берүү күнүндө шайлоо бюллетенинде 16 талапкер калды.

         Жалпысынан, 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамга ылайык жана шайлоолорду өткөрүү боюнча эл аралык стандарттарга дал келгендей өткөрүлдү, бул тууралуу эл аралык байкоочулардын алдын ала жана жыйынтыктоочу отчеттору далилдеп турат.

         Белгилүү болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочулар катары 57 өлкөдөн 20дан ашуун эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле чет өлкөлүк элчиликтердин, анын ичинде БДИПЧ/ОБСЕ, ШОСтун секретариатынын, ЕврАзЕСтин парламенттер аралык ассамблеясынын, Япониянын парламентинин; Ислам кызматташтык уюмунун; Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын; Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин байкоочулар миссиясынын; “Election & Democracy” эл аралык ассоциациясынын; Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышуучу мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблея кеңешинин; Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES); Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинин; Вашингтондогу Эл аралык Республикалык институттун; АКШнын эл аралык мамилелер Улуттук  Демократиялык  институтунун (НДИ) өкүлдөрүн аккредитациялады. Бардыгы болуп 792 эл аралык байкоочулар аккредитациядан өтүштү.

         Эл аралык байкоочулар президенттик шайлоо ачык-айкын жана эркин өткөндүгүн белгилешти, ал эми айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүндө орун алган кемчиликтер шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпей тургандыгын белгилешти.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>