Башкы Жаңылыктар БШКга президенттик шайлоону өткөрүү мезгилинде келип түшкөн даттанууларды …

БШКга президенттик шайлоону өткөрүү мезгилинде келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгууну Жумушчу топ улантат

09-Ноя, 2011

Бүгүн, 2011-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү.

Жыйналышта, БШКга 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу боюнча  Жумушчу топтун маалыматы угулду.

КР БШК төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаева Борбордук шайлоо комиссиясына ушул жылдын 30-октябрынан тартып 1-ноябрына чейинки мезгилде бардыгы 127 кайрылуу, даттануу жана арыздар келип түшкөндүгүн маалымдады. Алардын ичинен: шайлоочулардан – 92, талапкерлерден жана алардын өкүлдөрүнөн – 24, коммерциялык эмес уюмдардан – 4, мамлекеттик органдардан – 5.

Кайрылуулардын негизи, алардын саны 85, добуш берүүчүлөрдүн шайлоочулардын тизмесинде жоктугу жөнүндө айтылгандыгын белгилей кетебиз. Алардын ичинен: шайлоочулардан – 61, мамлекеттик органдардан – 4 (КР ИИМ ички аскерлери, КР Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиясы, КР Коргоо министрлиги, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы). Ошондой эле, маркирлөөнүн өчүп калып жаткандыгы жөнүндө бир нече арыздар келип түшкөн. Мисалы, талапкер К.Байболовдун штабынан маркирлөөнүн өчүп калгандыгы тууралуу доомат УШК биринде шайлоо учурунда бул процесс дискке тартылып, БШК сунушталган. Жыйналышта айтылгандай, даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу боюнча Жумушчу топ маркерлер кайсы жерден алып келгендигин изилдеп чыгат.

“Эгер маркирлөө туура колдонулса, анын изи калышы керек”-деп, КР БШК төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаева белгиледи.

КР БШКна Аламедин АШКнын төрагасы Т.Ольхованын болгон иш-аракеттерине даттануулар келип түшкөн. Анда, анын тарабынан байкоочуларга жыйынтыктоочу протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү көрсөтүлбөгөндүгү тууралуу жазылган.

Бишкек ш. Свердлов районунун № 1339 УШКнын мониторингине байкоочулар киргизилбегендиги жөнүндө 3 арыз түштү. Бейөкмөттүк уюмдардан 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жалпы жарандык паспортту колдонгондугуна байланыштуу 4 арыз түштү.

Төраганын орун басары Г.К.Джурабаева азыркы учурда 8 арыз аймактык шайлоо комиссияларына жиберилегендигин белгилеп өттү.

Жарандардан жана жарандык сектордун өкүлдөрүнөн келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыгып, Г.Джурабаева келечекте байкоочуларды, талапкерлердин жана БӨУ өкүлдөрүн документерди туура түзүүнү үйрөтүү үчүн окутууну өткөрүү жөнүндө сунуштады.

КР БШК мүчөсү Р.Бекбасаров келип түшкөн даттануулардын жана арыздардын туура түзүлгөндөрү гана карала тургандыгын, алардын саны  аз экендигин белгилей өттү.

Кыргыз Репсубликасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Мадумаровдун өкүлүнүн кайрылуусуна байланыштуу, Жумушчу топ ал сунуштаган Сокулук, Аламүдүн жана Биринчи май АШК протоколдорунун көчүрмөлөрүнүн дал келбестигин аныктаган. Протоколдордун көчүрмөлөрү аныкталбаган үлгүдөгү, алар тиешелүү АШК мөөрү менен күбөлөндүрүлбөгөндүгүн, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн колтамгалары коюлбагандыгын, колтамгалар коюлган убактыларынын келишпестигин белгилеген.

КР БШК төрагасы Т.Абдраимов ЖМК, БӨУ жана талапкерлердин өкүлдөрүн ар бир келип түшкөн арызды Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дыкаттык менен териштирээрин күбөлөндүрдү жана алардын айрымдары чыныгы абалды чагылдырбагандыгын белгиледи. Кыязы, кимдир бирөөлөр провокация жасоону каалагандыгын, бирок алардын ою ордунан чыкпай калгандыгын айтты.

КР БШК мүчөсү И.Кадырбеков 2010ж. парламенттик шайлоонун жана ушул жылдагы президенттик шайлоонун  сандарынын салышытырмалуу анализин келтирди. Анын айткандыгына караганда шайлоочулардын кошумча тизмеси боюнча 2010-жылы шайлоодо 198 214 шайлоочу катышкан, ал эми 2011-жылы бул сан 273 279 чейин жогорулады. Ушундан улам, БШК мүчөсү жаңы шайлоо мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары 20-октябрга чейин участкалык шайлоо комиссияларына барып, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинде бар экендигин тактап,  3 формасынын бири боюнча арыз бериши тууралуу түшүндүрө кетти.  Алар: № 1 форма – шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө, № 2 форма – шайлоо дареги боюнча, № 3 форма – жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. Аталган 3 форма боюнча у.ж.20-октябрына чейин: № 1 форма боюнча –106 605, № 2 форма боюнча – 147 701, № 3 форма боюнча – 18973, жыйынтыктап айтканда 273 279 арыз келип түшкөн.

Түшкөн 1043 арыздан: 456 (43,7%) – өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшеришкен жок; 424 (31,1%) – тизмеде табылган; 263 (25,2%) – тизмеде табылган жок; 195 – толугу менен Ф.А.А. көрсөтүшкөн жок; 1 – 1994 жылы туулган; 5 – арызды 20-октябрынан кийин беришкендер.

Ошондой эле, И.Кадырбеков  өткөн шайлоонун төмөнкү кызыктуу деталына токтолду. 2011-жылдын 20-октябрына чейин 5 миңден ашыкча берген арыздардан: 1 адам 11 жолу ар кандай УШК арыз берген; 2 адам – 10 УШК;  8 адам – 8 УШК; 12 –  7 УШК; 12 – 6 УШК; 22 – 5 УШК; 53 – 4 УШК; 449 – 3 УШК; 4499 – 2 УШК. Ушул фактылар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына мыйзам чегинде чараларды көрүү үчүн кайрылат.

Ош ш. СИЗОда камакта отургандардын  арыздары туура эмес берилгендигине байланыштуу, алар 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын шайлоосуна катышпай калгандыгын КР БШК мүчөсү Р.Бекбасаров жыйналышта белгилей өттү. Камакта отургандар  шайлоочулардын тизмесине белгиленген мезгилде киргизилбей калгандыгы үчүн жоопкерчиликти ушул мекеменин башчысына жүктөлөт.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2 - пункттарын жетекчиликке алып, 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча КР БШКга келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча Жумушчу топтун маалыматын  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы көңүлгө алды.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>