КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Сартаев, Н.М.Мамедов, С.Жапаровдун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту
15 августа 2017
2017-жылдын 15-августундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Сартаев, Н.М.Мамедов, С.Жапаровдун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Сартаевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:
Гончарова Вячеслав Владимировичтин,
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Н.М.Мамедовдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:
Асаналиев Мукандын,
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
Мамбеткулов Муратбек Камилжанович (шайлоо боюнча), Жапаров Давлетбек Нуркожоевичтин (каржы маселеси боюнча) ыйгарым укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
