КР БШК 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү бюллетенинин формасын жана коргоо даражасын бекитти
14 августа 2017
КР БШКнын жыйынында 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү бюллетенинин формасын жана коргоо даражасы бекитилди, шайлоо бюллетендеринин формасын жана коргоо даражасын талаптын деңгээлинде камсыз кылуу максатында анын даярдоо процессинде алдын ала тестирлөө өтөөрүн белгилеп коюу керек.
2017-жылдын 12-августундагы КР БШКнын токтомуна ылайык, шайлоо бюллетендерин АКК “Учкун” даярдайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
