Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоого карата эл аралык биринчи байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү

15 августа 2017

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы КР Президентин шайлоого карата  эл аралык биринчи байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү.

КР БШКдан аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулар:

1.Сарсембаев Марат Алдангорович, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
2. Матйошайтите Лаура, Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы;

3. Жилинскьене Аисте, Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

4. Майер Макс Георг, Кыргыз Республикасындагы Ханнс Зайдел фондусунун өкүлчүлүгүнүн директору;
5. Дале Ивар, Норвегия  Хельсинки Комитетинин улуу кеңешчиси;
6. Фоссум Мариус, Норвегия Хельсинки Комитетинин аймактык өкүлү;
7. Казачевская Валентина Сергеевна, Норвегия Хельсинки Комитетинин аймактык консультанты.

КР БШК Кыргызстандагы жооптуу  миссияларын аткарууда эл аралык байкоочуларга  жогорку деңгээлдеги жардамын көрсөтөт. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү