КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Айтикеевден арыз келип түштү
14 августа 2017
2017-жылдын 12-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Акбаралы Айтикеевден, өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арызы келип түштү.
Документ Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерден арыздарды кабыл алуу боюнча Жумушчу тобунда каралып, кийин А.Айтикеевдин арызы КР БШКнын жыйынында каралмакчы.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
