Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК Жалал-Абад облусундагы 9 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды
20.10.2017

КР БШК Жалал-Абад облусундагы 9 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды

Жалал-Абад облусунда жалпысынан 12 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Ала-Бука, Кара-Көл, Токтогул, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Чаткал, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы жана Сузак. Бугүнкү күндө Жалал-Абад облусунун 12 АШК ичинен 9 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Таш-Көмүр, Ала-Бука, Кара-Көл, Жалал-Абад, Аксы, Токтогул, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу жана Чаткал аймактык шайлоо комиссиялары. Борбордук шайлоо комиссиясы Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда. Сузак АШК тарабынан Сузак районундагы 4 участкалык шайлоо комиссияларындагы (2118, 2119, 2120 жана 2126) шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Ага аталган УШК шайлоого катышып идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны менен жыйынтыгында көрсөтүлгөн бюллетендердин дал келбөөсү себеп болгон. Мыйзам бузууга жол берген участкалык комиссиялар таркатылып, бузуулар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү. Жалал-Абад облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 545 746, алардын ичинен шайлоого – 296 942 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 54,41% түзөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Баткен облусундагы 3 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды
20.10.2017

КР БШК Баткен облусундагы 3 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды

Баткен облусунда жалпысынан 6 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Баткен шаардык, Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Кадамжай. Бугүнкү күндө Баткен облусунун 6 АШК ичинен 3 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Баткен шаардык, Лейлек жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиялары. Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Кызыл-Кыя жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда. Баткен облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 243 722, алардын ичинен шайлоого – 126 766 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 52,01% түзөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы  аныкталууда
20.10.2017

Шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталууда

Участкалык шайлоо комиссиялары добуштарды кол менен саноонун  натыйжасы боюнча добуш берүүнүн  жыйынтыгын    аныкташууда.   УШКнын жыйынтыктоочу жыйналышында  добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө  протокол түзүлүп, УШКнын бардык катышып отурган мүчөлөрү кол коюшат, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун мөөр басылган көчүрмөсу бардык катышкандарга берилет. Ошону менен бирге УШКнын жыйынтыктоочу жыйналышында  добуш берүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн арыз, даттануулар милдеттүү түрдө каралат. УШК протоколдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн жыйналышында  Президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарышат. Тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу  протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу  арыздар (даттануулар) каралат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол жана бардык шайлоо документтери токтоосуз түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Шайлоонун натыйжаларын БШК шайлоо күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аныктайт. БШК шайлоонун натыйжалары жөнүндө  протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары  аныкталуучу, түздөн түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдорунун маалыматтары киргизилет. Добуш берүүгө катышкан бардык шайлоочулардын жарымынан көп добушун алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алууда
20.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алууда

18-октябрдан баштап Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиялардан  тиешелүү аймактардагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду  кабыл алууда. Шайлоо комиссиясынын системасында шайлоо учурунда район жана шаардын деңгээлинде түзүлгөн  Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, ОШ, Жалал-Абад жана Чүй облустарында Бишкек жана Ош шаарларында 54 аймактык шайлоо комиссиялары иштеди. Бугүнкү күндо 54 аймактык  комиссияларынан 32 аймактык комиссияларынын протоколдорун тапшыруу аяктады. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
19.10.2017

-

-
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
19.10.2017

Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

КР БШКнын 2017-жылдын 19-октябрындагы жыйынында 2017-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди. Ошентип: -Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Козубаев Кутугали Колчакович; -Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бекишев Абдыбек Дүйшебекович; -Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп  Кочорбаев Уланбек Сапарбекович таанылды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
19.10.2017

КР БШК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

2017-жылдын 19-октябрындагы  КР БШКнын  жыйынында Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз  районунун  Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө  чечим  кабыл алынды.  Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Чыныбаев өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулган. Ушуга  байланыштуу 2017-жылдын 6-ноябрында  саат  9:00дөн 12:00гө чейин Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди
19.10.2017

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди

2017-жылдын 19-октябрындагы КР БШК  жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.  2017-жылдын 5-октябрында  Аламүдүн аймактык комиссиянын резервин толуктоо максатында КР БШК саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүу кеңеш) аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү тууралуу кайрылуу кабыл алган. 2017-жылдын 10-октябрында саат 18:00гө чейин саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан тиешелүү документтердин топтому кабыл алынган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө  жергиликтүү кеңештин жыйнынын 4 токтому келип түшкөн.  Бардыгы болуп резервге 4 талапкер сунуш кылынган. Саясий партиялардан жана жергиликтүү кеңештерден  келген документтерди текшерүүдөн кийин төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 1. А. Байгазиева – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; 2. Ф. Будайчиев – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; 3. Э. Жакшылыкова–жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; 4.  С. Мусуева  – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндо токтом кабыл алды
19.10.2017

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндо токтом кабыл алды

2017-жылдын 19-октябрында КР БШК жыйынында  Ноокат, Аламүдүн жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана депутаттык мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Ошентип: - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айыл кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу Я. Висаеванын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат пенсионер М.Аликуловга өткөрүлүп берилди; -Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды айкалыштырып иштөөгө мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу Б.Баатыров ыйгарым укуктарын токтотту, мандат жайыт башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча Ош облусундагы жергиликтүү адис Б.Кааровго өткөрүлүп берилди; -Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды айкалыштырып иштөөгө мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу Т.Усеналиев ыйгарым укуктарын токтотту, мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү С.Төлөналиевге өткөрүлүп берилди; -Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл кенешинде Эсенгул Уулу Калыстын  ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арызынын негизинде, мандат кийинки шайланган “Ред Петролиум” май куюу станциясынын  оператору Турдубек уулу Мирланга өткөрүлүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 18-октябрындагы саат 19:30га карата  кол менен саноо тууралуу маалымат (Кыргыз Республикасынын картасында)
18.10.2017

2017-жылдын 18-октябрындагы саат 19:30га карата  кол менен саноо тууралуу маалымат (Кыргыз Республикасынын картасында)

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча региондордун, АШКлардын жана УШКлардын тилкесиндеги алдын ала маалыматтар менен Сиз Кыргызстандын картасынан төмөнкү шилтеме аркылуу  таанышсаныз болот: map.shailoo.gov.kg
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 18-октябрындагы саат 19:30га карата  кол менен саноо тууралуу маалымат
18.10.2017

2017-жылдын 18-октябрындагы саат 19:30га карата  кол менен саноо тууралуу маалымат

2017-жылдын 18-октябрындагы саат 19:30 кол менен саноо тууралуу маалымат (2375 УШК боюнча маалыматтар-100,0 пайыз) Кандидаттар Баардыгы Бишкек Ош Жалал-Абад областы Ысык-Көл областы Нарын областы Ош областы Талас областы Чүй областы Баткен областы КР ТИМ Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны 3025770 426722 159348 545746 259118 161895 589412 130195 491032 243722 18580 УШКдын саны 2375 234 73 426 238 167 488 116 396 200 37 Зарлыков Эрнис Зарлыкович 1561 627 40 127 117 53 114 87 287 95 14 0.09% 0.25% 0.04% 0.04% 0.08% 0.06% 0.03% 0.11% 0.11% 0.07% 0.26% Уметалиева Токтайым Джумаковна 1475 490 36 121 131 103 123 53 319 65 34 0.09% 0.2% 0.03% 0.04% 0.09% 0.11% 0.04% 0.07% 0.13% 0.05% 0.62% Сариев Темир Аргембаевич 43457 13422 172 1822 5735 4442 955 531 15763 431 184 2.55% 5.37% 0.16% 0.61% 4.04% 4.94% 0.27% 0.67% 6.27% 0.34% 3.37% Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 8517 1585 199 617 391 259 428 131 756 4065 86 0.5% 0.63% 0.18% 0.21% 0.28% 0.29% 0.12% 0.16% 0.3% 3.2% 1.57% Масадыков Таалатбек Шамудинович 10829 5605 140 586 884 398 367 174 2380 175 120 0.64% 2.24% 0.13% 0.2% 0.62% 0.44% 0.1% 0.22% 0.95% 0.14% 2.19% Бабанов Омурбек Токтогулович 569697 89671 20521 83555 59156 33030 63547 67689 125535 25720 1273 33.42% 35.86% 18.57% 27.96% 41.69% 36.74% 18.15% 85.16% 49.97% 20.23% 23.28% Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 2021 273 83 351 191 254 316 92 296 145 20 0.12% 0.11% 0.08% 0.12% 0.13% 0.28% 0.09% 0.12% 0.12% 0.11% 0.37% Бекназаров Азимбек Анаркулович 2758 210 136 741 194 119 721 50 332 244 11 0.16% 0.08% 0.12% 0.25% 0.14% 0.13% 0.21% 0.06% 0.13% 0.19% 0.2% Жээнбеков Сооронбай Шарипович 925361 120091 80783 175791 71631 49886 249210 10032 93730 72392 1815 54.28% 48.3% 73.12% 58.82% 50.49% 55.5% 71.17% 12.62% 37.31% 56.95% 33.19% Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 110652 10702 6978 31374 501 296 29995 105 6542 22431 1728 6.49% 4.28% 6.32% 10.5% 0.35% 0.33% 8.57% 0.13% 2.6% 17.65% 31.6% Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% Малиев Арсланбек Касымакунович 1623 383 16 93 788 32 61 11 177 43 19 0.1% 0.15% 0.01% 0.03% 0.56% 0.04% 0.02% 0.01% 0.07% 0.03% 0.35% Торобаев Бакыт Эргешевич 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% Баарына каршы 12387 5472 485 794 1060 474 894 88 2815 178 127 0.73% 2.19% 0.44% 0.27% 0.75% 0.53% 0.26% 0.11% 1.12% 0.14% 2.32%   2017-жылдын 18-октябрындагы саат 19:30 кол менен саноо тууралуу маалымат MS Word форматында
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 18-октябрындагы саат 10:00гө карата  кол менен саноо тууралуу маалымат
18.10.2017

2017-жылдын 18-октябрындагы саат 10:00гө карата  кол менен саноо тууралуу маалымат

2017-жылдын 18-октябрындагы саат 10:00 кол менен саноо тууралуу маалымат (2356 УШК боюнча маалыматтар-99,2 пайыз, 19 УШК боюнча маалыматтар киргизилүүдө-0,8 пайыз)                         Талапкер Баары Бишкек Ош Жалал-Абад областы Ысык-Көл областы Нарын областы Ош областы Талас областы Чуй областы Баткен областы КР ТИМ УШК саны 2375 234 73 426 238 167 488 116 396 200 37 Зарлыков Эрнис Зарлыкович 1549 627 40 127 117 53 114 87 287 95 2 0.09% 0.04% 0.0% 0.01% 0.01% 0.0% 0.01% 0.01% 0.02% 0.01% 0.0% Уметалиева Токтайым Джумаковна 1446 490 36 121 131 103 123 53 319 65 5 0.09% 0.03% 0.0% 0.01% 0.01% 0.01% 0.01% 0.0% 0.02% 0.0% 0.0% Сариев Темир Аргембаевич 43349 13422 172 1822 5735 4442 955 531 15763 431 76 2.57% 0.8% 0.01% 0.11% 0.34% 0.26% 0.06% 0.03% 0.93% 0.03% 0.0% Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 8464 1585 199 617 391 259 428 131 756 4065 33 0.5% 0.09% 0.01% 0.04% 0.02% 0.02% 0.03% 0.01% 0.04% 0.24% 0.0% Масадыков Таалатбек Шамудинович 10761 5605 140 586 884 398 367 174 2380 175 52 0.64% 0.33% 0.01% 0.03% 0.05% 0.02% 0.02% 0.01% 0.14% 0.01% 0.0% Бабанов Омурбек Токтогулович 569058 89671 20521 83555 59156 33030 63547 67689 125535 25720 634 33.73% 5.32% 1.22% 4.95% 3.51% 1.96% 3.77% 4.01% 7.44% 1.52% 0.04% Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 2005 273 83 351 191 254 316 92 296 145 4 0.12% 0.02% 0.0% 0.02% 0.01% 0.02% 0.02% 0.01% 0.02% 0.01% 0.0% Бекназаров Азимбек Анаркулович 2748 210 136 741 194 119 721 50 332 244 1 0.16% 0.01% 0.01% 0.04% 0.01% 0.01% 0.04% 0.0% 0.02% 0.01% 0.0% Жээнбеков Сооронбай Шарипович 924312 120091 80783 175791 71631 49886 249210 10032 93730 72392 766 54.79% 7.12% 4.79% 10.42% 4.25% 2.96% 14.77% 0.59% 5.56% 4.29% 0.05% Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 109476 10702 6978 31374 501 296 29995 105 6542 22431 552 6.49% 0.63% 0.41% 1.86% 0.03% 0.02% 1.78% 0.01% 0.39% 1.33% 0.03% Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% Малиев Арсланбек Касымакунович 1606 383 16 93 788 32 61 11 177 43 2 0.1% 0.02% 0.0% 0.01% 0.05% 0.0% 0.0% 0.0% 0.01% 0.0% 0.0% Торобаев БакытЭргешевич 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% 0.0% Баарына каршы 12306 5472 485 794 1060 474 894 88 2815 178 46                         Кененирээк билүү үчүн ess.shailoo.gov.kg сайтына кириңиз
Кененирээк билүү >>
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо
18.10.2017

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо

Участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын добуштарын кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. УШКнын жыйынтык отурумундаУШКнын катышып олтурган бардык мүчөлөрү кол койгон УШКнындобуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу эки нускада түзүлөт, мөөр менен күбөлөндүрүлгөндобуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун көчүрмөлөрү добуштарды эсептөө учурунда катышып олтурган ар бир адамга берилет. Ошону менен бирге УШКнын жыйынтык отурумундадобуш берүүнү өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн бардык арыздаржана даттануулар милдеттүү тартипте каралат. УШКнынпротоколдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн отурумдарында Президентти шайлоодогудобуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюунун алдында аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтык отурумду өткөрөт, анда добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунтүзүүгө байланыштуу комиссияга келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бүткүл шайлоо документтерименен бирдикте тез арада Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. БШК добуш берүү күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктайт. БШК келип түшкөн протоколдордун маалыматтары, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар киргизиле турган КР Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалыкмаалыматтары боюнча жыйынды таблицаны түзөт. Добуш берүүгө катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясына 791 кайрылуу келип түшкөн
18.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясына 791 кайрылуу келип түшкөн

16-августтан 18-октябрга чейин Whatsapp каналы аркылуу  0(770)660240 номерине Кыргыз Республикасынын жарандарынан 791 кайрылуу, анын ичинен шайлоочулардын тизмесинен тактоо катары 335 смс билдирүү, жакшы иштер үчүн 36 алкыш, 30 суроо  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге тийиштүү болгон, 43 суроо чет мамлекеттердеги шайлоонун жол-жоболоруна байланыштуу келген, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерине байланыштуу 32 суроо,  КР Борбордук шайлоо комиссиясынын милдетине кирбеген 111суроо, уюштуруу иштерине байланышкан 82 суроо, жана 122  форме 2 боюнча берилген. Келип түшкөн суроолордун көпчүлүгү сурап-билүү максатында берилген.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу  расмий билдирүүсү
17.10.2017

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу  расмий билдирүүсү

  Кыргыз Республиканын чакыруусу боюнча Иран Ислам Республикасы эки депутаттан турган атайын делегациясын жиберген. Алар Ислам Кеңешинин Межилисинин депутаты Али Наджафи Хошруди мырза (Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы мурунку элчиси), жана Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат парламенттик комиссиясынын мүчөсү Мохаммад Хоссейин мырза (эки мамлекеттин Парламенттик достук тобунун мүчөсү) Кыргыз Ресупбликасынын Президентин шайлоонун жүрүшүнө  байкоочулук кылышты. Аталган делегация  2017-жылдын 14- 15-октябрында Бишкек шаарынын ар кайсы райондорундагы шайлоо участкаларында болушуп, алардын шайлоого даярдыгы, добуш берүүнүн жүрүшү жана добуштарды саноо процессине  көз салышты. Иран Ислам Республикасынын делегациясынын байкоосу боюнча Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоо ачык мүнөздө, тынч, укуктук алкакта өттү. Жаңы технологияны колдонуу шайлоо процессин ал канча тездетти.   Иран Ислам Республикасынын делегациясы бүгүнкү шайлоонун жыйынтыктары мындан ары экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болуп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бейпил турмушу жакшырып, эки элдин ортосунда саясий, экономикалык жана маданият тармагында  жаңы кызматташуунун кеңейишине алып келет деп  үмүттөнөөрүн билдирди.  Иран Ислам Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президентине, Премьер-министрине шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, шайланган Президенттин келечектеги ишмердигине ийгилик  каалады. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“ Reuters”  агенттиги Кыргыз Республикасындагы  Президенттик шайлоо жөнүндө жазып чыкты.
17.10.2017

“ Reuters”  агенттиги Кыргыз Республикасындагы  Президенттик шайлоо жөнүндө жазып чыкты.

Бул жаңылыкты ушул шилтеме аркылуу окусаңыздар болот: https://in.reuters.com/article/kyrgyzstan-election/outgoing-leaders-protege-set-to-win-kyrgyz-presidential-election-idINKBN1CK02W КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 392 394 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти