Башкы Жаңылыктар Шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталууда

Шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталууда

20-Окт, 2017

Участкалык шайлоо комиссиялары добуштарды кол менен саноонун  натыйжасы боюнча добуш берүүнүн  жыйынтыгын    аныкташууда.  

УШКнын жыйынтыктоочу жыйналышында  добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө  протокол түзүлүп, УШКнын бардык катышып отурган мүчөлөрү кол коюшат, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун мөөр басылган көчүрмөсу бардык катышкандарга берилет.

Ошону менен бирге УШКнын жыйынтыктоочу жыйналышында  добуш берүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн арыз, даттануулар милдеттүү түрдө каралат.

УШК протоколдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн жыйналышында  Президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарышат.

Тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу  протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу  арыздар (даттануулар) каралат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол жана бардык шайлоо документтери токтоосуз түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Шайлоонун натыйжаларын БШК шайлоо күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аныктайт.

БШК шайлоонун натыйжалары жөнүндө  протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары  аныкталуучу, түздөн түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдорунун маалыматтары киргизилет.

Добуш берүүгө катышкан бардык шайлоочулардын жарымынан көп добушун алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>