Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу  расмий билдирүүсү

17 октября 2017

 

Кыргыз Республиканын чакыруусу боюнча Иран Ислам Республикасы эки депутаттан турган атайын делегациясын жиберген. Алар Ислам Кеңешинин Межилисинин депутаты Али Наджафи Хошруди мырза (Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы мурунку элчиси), жана Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат парламенттик комиссиясынын мүчөсү Мохаммад Хоссейин мырза (эки мамлекеттин Парламенттик достук тобунун мүчөсү) Кыргыз Ресупбликасынын Президентин шайлоонун жүрүшүнө  байкоочулук кылышты.

Аталган делегация  2017-жылдын 14- 15-октябрында Бишкек шаарынын ар кайсы райондорундагы шайлоо участкаларында болушуп, алардын шайлоого даярдыгы, добуш берүүнүн жүрүшү жана добуштарды саноо процессине  көз салышты.

Иран Ислам Республикасынын делегациясынын байкоосу боюнча Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоо ачык мүнөздө, тынч, укуктук алкакта өттү. Жаңы технологияны колдонуу шайлоо процессин ал канча тездетти.  

Иран Ислам Республикасынын делегациясы бүгүнкү шайлоонун жыйынтыктары мындан ары экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болуп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бейпил турмушу жакшырып, эки элдин ортосунда саясий, экономикалык жана маданият тармагында  жаңы кызматташуунун кеңейишине алып келет деп  үмүттөнөөрүн билдирди. 

Иран Ислам Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президентине, Премьер-министрине шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, шайланган Президенттин келечектеги ишмердигине ийгилик  каалады.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү