Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
“Немецкая волна” Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоо тууралуу макала жарыялады
Макалада “Биринчи жолу мурунку советтик республикада иштеп жаткан Президент өз эрки менен кызматтан кетип жатат” деп айтылат. Бул макаланы ушул шилтеме боюнча окуй аласыздар: http://m.dw.com/en/kyrgyzstan-sooronbai-jeenbekov-set-to-win-presidential-election/a-40957283.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызы катышты
Алдын ала маалыматтарга караганда 98,39 пайыз шайлоо участкаларынан келген маалыматтар боюнча (автоматтык урналардын эсеби, АСУ), КР Президентин шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышты.
Шайлоочулардын аймактар боюнча келиши таблицада көрсөтүлдү:
Аймактар
Шайлоочулардын саны
Келүүсү
Келүүсү %
Бардыгы
3025770
1692423
55.93%
Бишкек
426722
246889
57.86%
Жалал-Абад областы
545746
296942
54.41%
Ысык-Көл областы
259118
141400
54.57%
Нарын областы
161895
89873
55.51%
Ош областы
589412
346758
58.83%
Талас областы
130195
79488
61.05%
Чүй областы
491032
251039
51.12%
Баткен областы
243722
126766
52.01%
КР ТИМ
18580
4695
25.27%
Ош
159348
108573
68.14%
Шайлоочулардын талапкерлер боюнча добуш берүүсү төмөндөгүдөй болду (АСУ маалыматы боюнча):
Код
Талапкерлер
АСУ
%АСУ
-
Бардыгы
1673532
-
1
Зарлыков Эрнис Зарлыкович
1531
0.09%
2
Уметалиева Токтайым Джумаковна
1426
0.08%
3
Сариев Темир Аргембаевич
42910
2.54%
4
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич
8363
0.49%
5
Масадыков Таалатбек Шамудинович
10594
0.63%
6
Бабанов Өмүрбек Токтогулович
564600
33.41%
7
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич
1989
0.12%
8
Бекназаров Азимбек Анаркулович
2735
0.16%
9
Жээнбеков Сооронбай Шарипович
917251
54.28%
10
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
108423
6.42%
11
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич
0
12
Малиев Арсланбек Касымакунович
1596
0.09%
13
Төрөбаев Бакыт Эргешевич
0
14
Бардыгына каршы
12114
0.72%
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан кол менен саноонун протоколдору келип түштү жана ал маалыматтар Маалыматтык шайлоо системасына киргизилет (МШС).
Кол менен саноонун проколдору боюнча маалыматтар МШС системасына киргизилгендигин онлайн режиминде да көрүүгө болот.
Ошондой эле МШС сайтына шайлоочулардын добуштарын кол менен саноо боюнча протоколунун графикалык көчүрмөсү жана шайлоочуларды идентификациялоо боюнча МККнын отчету келип түштү, аларды ар бир шайлоо учаскалары боюнча кароого болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдалуусу жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Контролдоо-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусундагы акча каражаттардын 2017-жылдын 16-октябрына карата чыгымдоо тууралуу маалыматын жарыялайт:
№
Талапкер
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Абдылдаев А.Б.
2 546 589
2 546 589
-
2
Малиев А.К.
7 959 300
7 959 300
-
3
Зарлыков Э.З.
3 213 970
3 213 664
306
4
Сариев Т.А.
42 350 600
42 350 600
-
5
Масадыков Т.Ш.
5 101 384
5 101 384
-
6
Бабанов Ө.Т.
240 589 866
240 589 866
-
7
Мадумаров А.К.
1 489 788
1 489 788
-
8
Жээнбеков С.Ш.
158 096 175
158 096 175
-
9
Кочкоров У.Т.
4 349 465
4 333 497
15 968
10
Бекназаров А.А.
2 426 600
2 393 388
33 212
11
Уметалиева Т.Д.
2 448 965
2 435 051
13 914
Кененирээк билүү >>
Бүткүл дүйнөгө белгилүү “Блумберг” маалымат агенттиги да Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоого маани берди
Агенттиктин сайтында мындай деп айтылат: «Диктаторлор бийлик жүргүзгөн аймакта Кыргызстан кандайдыр бир жаңылык киргизүүдө. Борбордук Азия республикасы бийлик үчүн жарыша турган Президенттик шайлоо өткөрдү”.
Толугу менен ушул шилтемеден окусаңыз болот. https://www.bloomberg.com/news/articles/2017-10-13/central-asia-s-strange-new-event-is-an-unpredictable-election.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Армения БШК катчысы Армен Смбтян:”Бизде азырынча добуштардын жыйынтыгын кол менен саноо салты сакталып турат”
Бугүн, 16-октябрда КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова менен Армения Республикасынын БШК катчысы Армен Смбтяндын жолугушуусу болду. Анда тараптар Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жана эки мамлекеттин БШКларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө маселелерди талкуулашты.
Армения Республикасынын БШК катчысы Армен Смбтян шайлоо процессинде технологияны колдонуунун жакшы жыйынтыктары жана шайлоону жогорку деңгээлдеги уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясын куттуктады.
«Добуштарды 35 мүнөттүн ичинде саноо мүмкүнчүлүгү коомдогу чыңалган абалды төмөндөтөт. Бизде азырынча добуштарды кол менен саноо салты сакталып жатат. Ошол эле учурда биз акыркы шайлоодо шайлоо участкаларында онлайн транцлация уюштурдук. Сиздерде добуш берүүнү участкалардан тышкары уюштуруу деген жакшы механизм бар экен. Бизде үйдө эмес, бир гана ооруканаларда добуш берүүгө болот”-деп белгиледи Армен Смбтян.
Тараптар ошондой эле шайлоо процессин уюштуруу жана шайлоо технологиясынын ар түрдүү аспектилери боюнча пикир алышты.
Жолугушууда БШКлар ортосунда тажрыйба алмашуу, эки өлкөдө шайлоо процессин өркүндөтүү тууралуу келишимди кеңейтүүгө жетишилди. Армения тарап БШК төрагасы Н.Шайлдабекованы жакынкы шайлоодо байкоочулардын миссиясы менен Арменияга келип кетүүгө чакырды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Эл аралык байкоочулардын Миссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого оң баа беришти
КР БШК басма сөз борборунда эл аралык уюмдардан жана чет мамлекеттердин 14 Миссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо мониторингдин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти.
КМШ Миссиясы, Түрк тилдүү мамлекеттер Парламенттик Ассамблеясы, Шанхай кызматташтык уюму, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги, Бутандын шайлоо комиссиясы, Румыниянын туруктуу шайлоо органы, Армения, Грузия, Латвия, Түркия, Болгария, Молдова жана Иран Ислам Республикасыныын Борбордук шайлоо комиссиялары оң баа беришти.
Миссиялар Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоону өткөрүүдө уюштуруу иштерин жогору баалашты жана шайлоонун жүрүшүнө же добуш саноого тескери таасирин тийгизген, чектен ашкан бузуулар болбогондугун белгилешти.
КМШ Миссиясынын башчысы, КМШ аткаруу комитетинин Сергей Лебедев: «Азырынча КМШ мамлекеттеринин ичинен бир да мамлекетте шайлоо өткөрүүдө ушундай техникалык каражаттарды колдонуу киргизиле элек. Бул алга жылуу дегендик”.
Виктор Заварзин шайлоо комиссияларынын профессионалдуулугун белгиледи: «Мен Кыргызстанга мурунку шайлоолордо да келгенмин, бирок бүгүн башка команда, башка комиссия”. Ал Кыргызстан элин мамлекет башчысын шайлап алышы менен куттуктап, алдыга бара берүүсүн каалады.
Ушундай эле ой-пикрин ШКУнун Башкы катчысы Рашид Алимов билдирди: «Кыргызстандагы Президенттик шайлоо өлкөдөгү шайлоо мыйзамдарынын талаптарын жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо менен өттү. Шайлоо ачык жана демократиялуу жолдо өттү. 25 миңдик шайлоо комиссияларын иштетүү максатына жетти”-деп билдирди.
Ислам кызматташтыгы уюмунун Миссиясынын жетекчиси Лаваль Яхья: «Ислам кызматташыгы уюмуна кирген 57 мүчө-мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан шайлоо технологиясын колдонуу боюнча үлгү көрсөттү. Биз шайлоо учурунда шайлоо комиссияларынын иштеринде көзгө урунган бузууларды байкай алган жокпуз»-деди.
Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынын башчысы Ариф Будимандын ою боюнча, шайлоо демократиялык маанайда өттү. “Биз шайлоочулардын өз талапкерлерине добуш берүүсүнө көз салдык. Кызматкерлер өтө жооптуулук менен иштешти. Шайлоо ачык өттү. Кыргызстандын жарандары шайлоогоо активдүү катышты. Алар өз мамлекетинин тагдырына кайдыгер болгон жок деп ойлойм»-деди ал.
«Кыргызстандагы Президенттик шайлоо ачык, ак ниет аттандаштыктын маанайында, жакшы уюштуруунун деңгээлинде өттү”-деп Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин Мисиясынын башчысы Рамиль Гасанов белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого бардыгы болуп дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 780 эл аралык байкоочу келип катышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылкы шайлоодо Кыргызстанда биринчи жолу ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан көз каранды эмес байкоочулар катышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жарандык коом жана эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун турмушка ашырууну өркүндөтүү боюнча иштерди аткарышты.
Бул иштин алкагында курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, эл аралык уюмдардын, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тармагында иштеген жарандык коомдун өкүлдөрү кирген Жумушчу топ түзүлгөн.
Биринчи жыйында Жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын этаптары иштелип чыккан.
Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомунан байкоочулар КР БШКнын бул демилгесин жогору баалашты. Тилекке каршы, ушул тапта бардык шайлоо участкаларында майып жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес, ошого карабастан КР БШК бул багытта иштерди уланта бермекчи.
КР БШКнын Жумушчу тобу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды шайлоо процессине тартуу максатында “Кошунаңды ээрчите кел” деген акцияны уюштурган. Анын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо участкаларына барып, добуш берүүсүнө башка жарандардын жардам берүүсү болуп саналат.
Маалыматтык кампаниянын алкагында биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүүгө катышуусу боюнча өзүнчө плакаттар, маалыматтык роликтер даярдалган. Мурун КР БШК тарабынан майып шайлоочулардын шайлоо бюллетендерин толтуруулары үчүн чоңойткуч лупалар, Брайл трафарети бардык шайлоо участкаларына таркатылган эле.
КР БШК мындан ары да шайлоо процессинде майып жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү иштерин өнөктөштөр менен биргеликте уюштурууну уланта берүүнү максат кылууда.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Шайлоо процессинин катышуучуларынан арыздар түшкөн жок
КР Борбордук шайлоо комиссиясы, «24.kg» интернет-басылмасындагы «Не просто совпадение, что 300 тысяч граждан проголосовали по форме №2» деген маалымат боюнча билдирет.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында ess.shailoo.gov.kg, ар бир шайлоо участокторундагы шайлоочулардын добуштарын алдын ала саноонун жүрүшүн чагылдырган материалдар берилип турду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2017-жылдын 15-октябрындагы саат 20:00дө 38 851 шайлоочунун ичинен 24 381 (62,76 пайыз) шайлоочу добуш берген, алдардын ичинен С.Жээнбеков үчүн 23 758 шайлоочу, Ө.Бабановго 316, А.Мадумаровго 196, А.Бекназаровго 18, Т.Масадыковго 3 шайлоочу добуш берген.
Э.Зарлыков, Т.Уметалиева Т.Сариев, У.Кочкоров, А.Абдылдаев бирден добуш алган. Бардыгына каршы 9 шайлоочу добуш берген.
Шайлоо жана референдумга даярдык жана өткөрүүнүн жүрүшүндө администрациялык укук бузуулар жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколунун формасын түзүүнүн тартиби жөнүндө Нускамага ылайык, административдик укук бузуулар туурасында фактылар табылган учурда АШК төрагасы тарабынан шайлоо мыйзамын бузгандык боюнча акт түзүлөт.
Кара-Суу районун шайлоо участокторунда укук бузуулар болду деген маалымат боюнча, БШК, Кара-Суу районун АШКсынын атайын өкүлүнүн маалыматына ылайык, арыз (даттануулар) келип түшкөн эмес.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: “Кара-Суу районунда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду,-”деген НТСтин маалыматы чындыкка дал келбейт
Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында (14:05) «Knews» интернет-басылмасында “Ош облусундагы Кара-Суу районунда Сураташ айылында добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду”,-деген НТСтин маалыматын жаряланган.
КР БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча Координациялык тобу аталган маалыматты иликтеп, билдирет.
Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн милдетине (мындан ары УШК) добуш берүү имаратынын ичиндеги болуп жаткан окуяларга көзөмөлдүк кылуу милдети кирет, ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунун Сураташ айылындагы №5512 УШКсынын тышкы айланасындагы окуяларга коз салуу , кире бериште отурган эки адамды кошкондо укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарына кирет.
№5512 УШКсынын төрагасынын маалыматына караганда, урнанын жанында отурган (С.М) аял АСУнун оператору болуп саналат. С.М. АСУдан 1,5 метр алыстыкта отурат, кемчиликтерин айткандан кийин ал автоматтык саноо урнасынан алысыраак отурган.
Ушуга байланыштуу НТС телеканалынын бул билдирүүсү УШКдагы бузуулар тууралуу билдирүүсү аныкталган жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык кызматы
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 15-октябрындагы КР Президентин шайлоодо Коомдук кабылдаманын 1255 номерине келип түшкөн кайрылуу жана арыздардын реестри
Бардыгы болуп– 314 телефон чалуулар болгон
№
Убактысы
Кайрылуунун мүнөзү
10:30
15:00
19:00
жыйынтык
№2 форма боюнча суроолор
13
20
72
Байкоочулардын укуктары жана милдеттери
7
8
15
Шайлоочулардын тизмесинде жоктугу
13
36
63
Кезек күтүү, тех. апп.иштен чыгышы
7
7
15
Шайлоо дарегин табууга жардам суроо
17
24
71
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушу
1
5
27
Шайлоонун купуялуулугунун бузулушу
1
2
5
Ар түрдүү суроолор
19
27
46
78
129
314
2 арыз Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт эрежесин сактоону көзөмөлдө боюнча жумушчу тобунун кароосуна келип түшкөн:
• Керимбеков Б. 2017-жылдын 13-октябрында КР Президенттикке талапкер Т.Масадыковдун шайлоо алдындагы үгүт иштери жөнүндө,
• Керимбеков Б. 2017-жылдын 13-октябрында КР Президенттикке талапкер С.Жээнбековдун шайлоо алдындагы үгүт иштери жөнүндө.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Добуш берүүнүн жүрүшү 10:00 ,13:00,17:00,20:00
Област/шаар
Шайлоочулардын саны
Киргизүү убактысы
Добуш бергендердин саны
10:00
13:00
17:00
20:00
Бардыгы
3025770
226616
718588
1213803
1692423
1692423 (55.93%)
Бишкек
426722
29967
114879
192223
246889
246889 (57.86%)
Ош
159348
16499
50086
84133
108573
108573 (68.14%)
Жалал-Абад областы
545746
38503
115860
199028
296942
296942 (54.41%)
Ысык-Көл областы
259118
20947
64194
105188
141400
141400 (54.57%)
Нарын областы
161895
13078
42945
67913
89873
89873 (55.51%)
Ош областы
589412
43629
126499
229519
346758
346758 (58.83%)
Талас областы
130195
10985
37608
59568
79488
79488 (61.05%)
Чүй областы
491032
33942
108144
181862
251039
251039 (51.12%)
Баткен областы
243722
18829
57666
90975
126766
126766 (52.01%)
МИД КР
18580
237
707
3394
4695
4695 (25.27%)
Кененирээк билүү >>
Болгария Республикасынын шайлоо комиссиясынын жетекчиси КР Президентин шайлоо жөнүндө: Бузуулар табылган жок
Бугүн, 15-октябрда КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Болгария Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолукту.
«Биз бузууларды көргөн жокпуз. Биз барган шайлоо участкаларында бузууларды байкай албадык. Шайлоону майрамга айландырган адамдарды көрүп кубандык. Бардыгынын көңүлдөрү ачык болду. Бир шайлоо участкасындагы кабинада гүлдөрдү көрдүк. Бул абдан жагымдуу болду”-деп билдирди Александр Андреев.
Болгария Республикасынын өкүлдөрү алардын өлкөсүндө шайлоо кандай өтөөрүн айтып беришти.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын сөзүнө караганда, Кыргыз Республикасында шайлоо системасындагы реформада башкы көңүл ар бир шайлоочунун конституциялык укугун иш жүзүнө ашырып, эркин шайлоосуна мүмкүнчулүк берилди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо процессине активдүү катышуусу болду. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын биринчи жолу шайлоо участкаларында байкоочу болушту”-деди төрага.
Жолугушуунун акырында Болгария Республикасынын БШКсы Н.Шайлдабекованы Европадагы шайлоо системасы боюнча конференцияга катышууга чакырды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК:Шайлоочулар шайлоо участокторуна өздөрүнүн ручкалары менен келсе болот
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктар шайлоо участкаларына өздөрүнүн ручкалары менен келүүгө укуктуу экенин билдирет. Бир катар ЖМКларда жана социалдык тармактарда “жазуулары өчүп кеткен” ручкаларды колдонуу тууралуу маалыматтарга карата төмөндөгүлөрдү билдирет.
Шайлоо участкаларында жазуулар жана тактары өчүп кетпеген атайын маркерлер колдонулат. Эгерде шайлоочу бул маалымат боюнча күмөн саноосу бар болсо, алар өздөрүнүн ручкалары менен добуш берүүгө келсе болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынын башчысы Ариф Будиман КРнын Президентин шайлоо жөнүндө: Шайлоо демократиялуу өтүүдө
Бүгүн, 15-октябрда КР БШКнын төрагасы Н.К. Шайлдабекова менен Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынын башчысы Ариф Будимандын жолугушуусу болуп өттү.
“Шайлоо демократиялуу өтүүдө. Биз адамдар кандайча келип жатышканын жана талапкерлер үчүн кантип добуш берип жатышканын көрдүк. Кызматкерлер абдан кесипкөйлүк менен иштешүүдө. Шайлоо ачык –айкын өтүүдө. Кыргызстандын жарандары активдүү жана алар өлкөдө болуп жаткан иштерге кайдыгер эмес. Жалпысынан баары жакшы өтүүдө”, - деп белгиледи ал.
КР БШКнын төрагасы Н.К. Шайлдабекова Индонезиянын БШК миссиясына Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоонун натыйжалары жөнүндө айтып берди.
“Жарандарды биометрикалык каттоонун жардамы менен идентификациялоо жана автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу добуштарды саноодо максималдуу тактыкка жетишүүгө шарт түздү. Бул ар бир жарандын добушун эсепке алууга мүмкүнчүлүк берет жана Конституциялык мыйзамды жана пассивдүү укукту натыйжалуу жүзөгө ашырууга негиз түзөт”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Кыргызстан менен Индонезиянын ортосунда шайлоо процесстери жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады.
“Сиздердин сапарыңыздар шексиз биздин ортобуздагы карым-катнаш байланыштардын кеңейишине, мындан да активдүү кызматташтыкка умтулууга, демократиялык, таза, эркин шайлоолорду өткөрүүдө тажрыйба алмашууга кызмат кылат. Сиздер билгендей, буга чейин сиз менен шайлоо комиссиялардын ортосундагы келишимге макулдашкан элек. Биз ага кол коюуга даярбыз”, - деди ал.
Индонезиянын БШКнын башчысы Ариф Будиман Н.К.Шайлдабекованы жакынкы мезгилдерде Индонезияда өтө турган шайлоолорго байкоочулук миссиясы менен келип кетүүгө чакырды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкектин 6–кичи конушундагы № 1137 шайлоо участогунда шайлоо процесси “КР Президентин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын бардык нормаларына ылайык өтүүдө
15-октябрь 15:23 саатта «24.kg» МА Бишкек ш. 6-кичи районундагы №1137 шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урнанын иштебей жатканы жөнүндө маалымат жарыяланган.
Аталган факты боюнча КР Өкмөтүнө караштуу МККнын техникалык колдоо тобунун (техникалык адистер) жана БШКнын өкүлдөрү көйгөй USB-флешкада болгонун кабарлашты.
“Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасанын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат.Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.
Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу шайлоо процесси “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасанын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын бардык нормаларына ылайык өтүп жатканын кабарлайбыз.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таппаган 16 шайлоочу тууралуу маалымат аныкталган жок
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы аппаратынын басма сөз кызматы тараткан, “Талас облусундагы Бакай-Ата районунун №6053 шайлоо участкасында 16 шайлоочу өздөрүнүн аты жөнүн шайлоочулардын тизмесинен тапкан жок жана УШК төрагасына арыз жазды” деген материал боюнча КР БШК төмөндөгүлөрдү билдирет.
Бул маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мындай фактылар аныкталбаганын билдиребиз.
№6053УШК төрагасынын атына шайлоочулардан арыз түшкөн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымттык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти