Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Бишкектин райондор аралык соту Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты
2017-жылдын 26-октябрында Бишкектин райондор аралык сотунун чечими менен Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартылды.
Сот, арыз ээси Т.Уметалиеванын жана жоопкердин далилдерин жана материалдарын изилдеп көрүп, 2017-жылдын 23-октябрындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими мыйзамдуу жана далилдүү экенин көрсөтүп, Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октярындагы чечимин жокко чыгаруу арызын канааттандыруудан баш тартты.
Т.Уметалиеванын 2017-жылдын 19-октябрындагы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жана 27 кошумча шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынытыгын жокко чыгаруу талабына карата Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2017-жылдын 26-октябрдагы аныктамасы менен сот өндүрүшү токтотулду.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 21-октябрында КыргызРеспубликасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жокко чыгарууну жана Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участокто: № 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 2017-жылдын 19-октябрында Т.Уметалиеванын арызын канааттандыруудан баш тартылган.
Т.Уметалиева Бишкек АШКсынын чечими боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызданган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы чечими менен Т.Уметалиеванын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жана Бишкек шаарындагы 27 кошумча шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартылган.
Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы №8/1 чечими менен Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо комиссиялары түзүлгөн.
Көрсөтүлгөн чечим ички миграцияга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары-конституциялык Мыйзам) 13–беренесине ылайык, Бишкек шаарында туруктуу жашаган дареги боюнча каттоосу жок жана добуш берүү күнү катталган жери боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандардын шайлоону өткөрүүгө катышуу шарттарын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө 2017-жылдын 23-июнундагы № 301 токтомун бекиткен.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы №177 токтому менен бекитилген “Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө” Нускаманын 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.
Ошондой эле 2017-жылдын 31-июлунда Борбордук шайлоо комиссиясынын №302 токтому кабыл алынган. Аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо участокторунун дарегин бекиткен.
Аталган токтомдун 4-пунктуна ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 10-августуна чейинки мөөнөттө кошумча участоктордо участкалык шайлоо комиссияларын түзүү тапшырылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 301,№ 302 токтому Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынганын, мыйзамдуу күчкө киргенин, конституциялык Мыйзамда каралган мөөнөттө эч ким тарабынан даттанылбаган, юридикалык күчкө ээ.
Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча участоктордогу участкалык шайлоо комиссияларынын курамы, жана кошумча шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын ченемдери менен толук ылайыктуулукта түзүлгөн деп эсептейт.
Арыз ээсинин Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арызына карата Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.
Ошол эле учурда арыз берүүчү Т.Уметалиева тарабынан конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло турган бир дагы далил келтирилген эмес.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
26.10.2017
КР БШК төрагасы IFES өкүлдөрү менен келечектеги кызматташууну талкуулашты
2017-жылдын 26-октябрында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова Шайлоо системасы эл аралык IFES фондунун өкүлдөрү менен жолугушту, анда Кыргыз Республикасында шайлоо системасын жана шайлоо укугун өркүндөтүү боюнча талкуу болуп, бул багытта биргелешип аракеттенүү боюнча маселелерди талкуулашты.
IFESтин программалык улук менеджери Энтони Бойердин билдиргенине караганда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жогорку деңгээлде өттү, фонд мындан ары эки тараптуу кызматташууну кеңейте беришээрин жана шайлоо системасын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Жолугушууга IFESтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Рената Левовски жана программалык менеджер Александр Орехов катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова шайлоо системасын өркүндөтүүдө бир катар долбоорлорду колдоп бергендиги жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал, шайлоо системасы эл аралык фонду менен кызматташуу жакшы натыйжаларды бере тургандыгын белгиледи.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн кайрылуулар, арыздар жана билдирүүлөр
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бир катар тармактар боюнча Жумушчу топтор уюштурулган.Топтор шайлоо процесси учурунда аракеттеги мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу менен ыкчам режиминде иштешти.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча, ошондой эле шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьектеринин арыз, даттанууларын карап чыгуу боюнча Жумушчу топторуна шайлоо процессинин субьекттеринен 102 арыз жана даттануулар түшкөн, алардын ичинен:
10у арыз берүүчүлөр тарабынан кайра алынган, 4ү укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн;
Арыз берүүчүлөргө маалыматтык жана түшүндүрүү багытындагы 20 кат жолдонгон;
Жумушчу топтор 35 чечим кабыл алышкан;
Борбордук шайлоо комиссиясы 31 чечим кабыл алган.
Арыз жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ичинен 9у арыз берүүчүлөр тарабынан сотко даттанылган.
Райондор аралык сотунун чечими жана КР Жогорку сотунун токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери негизделген жана мыйзамдуу деп табылган.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге карата 69 арыз түшкөн, алардын ичинен;
КР Президенти кызматына талапкерлердин кош жарандыгы боюнча–3 арыз түшкөн (арыз берүүчүгө баш тартылып, КР ЖК депутаттык комиссиясына кайрылууга сунушталган);
Талапкерлерди көрсөтүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө 2 арыз (арыз берүүчу кайра кайрып алган);
Талапкерлердин шайлоо фондусу жөнүндө 3 арыз (маалымат ирээтинде кат жөнөтүлгөн);
Мыйзамсыз үгүт жөнүндө 18 арыз (бузуулар аныкталбагандыктан 16 арызга баш тартылган, 2 арыз канааттандырылган, 2 талапкерге жазуу жүзүндө эскертүү берилген;
Диний ишмерлердин үгүт иштерине катышуусу жөнүндө 4 арыз, алардын ичинен 1өө КР БШКнын 2017-жылдын 7-октябрындагы №102 чечими менен бир талапкерге жазуу жүзүндө кайталап эскертүү берилген, 3 арыз жарым жартылай канааттандырылган).
Ошондой эле КР БШКнын 2017-жылдын 24-сентябрындагы чечими менен бардык диний уюмдарга жана ишмерлерге конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык үгүт кампаниясына катышууга тыюу салынгандыгы жөнүндө расмий кайрылуу жөнөтүлгөн;
Улуттук карама-каршылыкты пропаганда кылуу жана этникалык аралык келишпестик жөнүндө–19 арыз канааттандырылды жана Президенттикке талапкерге үчүнчү жолу жазуу жүзүндө эскертүү берилген;
Административдик ресурсту пайдалануу жөнүндө 15 арыз түшкөн, бардык арыздануучуларга тиешелүү далилдердин жоктугуна жана негизделбегендигине байланыштуу баш тартылган;
Шайлоо алдындагы үгүткө башка мамлекеттердин саясий ишмерлеринин фото-видео материалдарын колдонуу жөнүндө-2 арыз түшкөн (2017-жылдын 28-сентябрындагы чечими менен арыз берүү мөөнөтү бузулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына бардык талапкерлерге өздөрүнүн үгүт иштеринде чет мамлекеттик саясий ишмерлерди пайдаланууга жол берилбестиги боюнча эскертүү жиберилген);
Шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө 1 кайрылуу түшкөн, бирок арыз кайтарылып алынган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аккредитациясын чакыртып алуу же төгүндөө жана жарыяланган материалды алып салууга байланыштуу 15 арыз түшкөн;
1 арыз канааттандырылып, КР БШКнын 2017-жылдын 9-августундагы №44 чечими менен “Чагылган” интернет-басылмасынын аккредитациясы чакыртылып алынган.
12 арыз далилсиз болгондуктан канааттандыруудан баш тартылды;
2 арыз жарым жартылай канаатттандырылган.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун башынан аягына чейин бардык ЖМКларга карата тең салмактуу саясатты жүргүзүп келген.
Добуш берүү учурунда жана шайлоонун жыйынтыгы чыгып жаткан мезгилде өз убагында натыйжалуу чара көрүү максатында КР БШК ыкчам жыйынтык чыгаруучу Координациялык топ уюштурган.
14-16-октябрда аталган топко 168 кайрылуу жана билдирүү түшкөн. Координациялык топ тарабынан:
ЖМКларда бузуулар жөнүндө 20 билдирүү анализделип, алардын ичинен 14ү ырасталган эмес, коомдук тартипти бузган 3 материл да ырасталган жок, 2 билдирүү боюнча материал сотко жөнөтүлгөн, 1 факты боюнча ички иштер органдары кошумча териштирүү жүргүзүүдө;
КР ИИМге:
бардыгы болуп шайлоо мыйзамдуулугу бузулгандыгы тууралуу 64 билдирүү түшкөн, алардын ичинде добуш сатып алуу боюнча 30 сигнал болгон, алардын ичинен: 10 факты жөнүндө маалымат ырасталган жок.
6 факты боюнча ишки иштер органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алышкан.
11 билдирүү боюнча материалдар сот органдарына жөнөтүлгөн, алардын ичинен 3 материал боюнча тараптардын тил табышуусунун негизинде сот иши токтотулган; 7 факты боюнча иш сот органдарынын өндүрүшүндө турат;
Добуш берүү күнүндөгү 8 сигналдын 5и ырасталган жок, калганы сот органдарына берилген;
Шайлоочуларды ташып келүү боюнча 2 билдирүү ырасталган эмес;
«Whatsapp» каналы аркылуу ыкчам жыйынтык чыгаруу Координациялык топко 55 билдирүү түшкөн, алардын:
53 билдирүү тизмеден тактоого байланыштуу;
1 билдирүү №5009 УШКдан бюллетендерди имараттан алып чыгуу боюнча (УШК мүчөлөрү тарабынан акт түзүлгөн);
1 билдирүү № 1148 жана № 1149 УШК мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери жөнүндө, ички иштер органдары тарабынан текшерилген, УШКда бузуулар табылган эмес;
·шайлоочулардан форма 2 боюнча 14 билдирүү түшкөн, алар башка шайлоо участкаларга келишкен, бул боюнча тыкыр текшерүү жүрүүдө;
· 8 билдирүү шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгы тууралуу түшкөн, алар Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү аймактык шайлоо участкаларына жөнөтүлдү.
· 7 билдирүү коомдук тартип бузулгандыгы тууралуу түшкөн, алардын ичинен экөөсү боюнча кошумча текшерүүлөр жүрүүдө, үчөө боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, эки факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Коомдук кабылдамасына, Бишкек жана Ош шаарларынан 973 кайрылуу (телефон чалуулар) түшкөн:
Биометрикалык маалыматтар боюнча – 24,
Кол коюлган барактар боюнча – 10,
Шайлоочулардын тизмеси боюнча – 250,
Үгүт боюнча – 31,
Байкоочулар боюнча – 13,
Добуш берүү жол жобосу боюнча – 108,
Даректүү шайлоо боюнча – 366,
Ар түрдүү суроолор боюнча – 168 билдирүү кабыл алынган.
Шайлоочулардын бардык суроолоруна жооп берилген. Айрым бир өзүнчө сигналдар боюнча маалыматтар ыкчам жыйынтык чыгаруу боюнча Координациялык топко берилген.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы Көзөмөл-текшерүү тобу КР Президенти кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн каржылык отчетунун чыгымдалышы боюнча маалыматты сунуш кылат
КР БШКнын алдындагы Көзөмөл-текшерүү тобу КР Президенти кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн каржылык отчетунун чыгымдалышы боюнча маалыматты сунуш кылат
Кененирээк билүү >>
26.10.2017
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун Миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту
2017-жылдын 25-октябрында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоого байкоочулук жүргүзгөн ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун эл аралык байкоочулар Миссиясынын башчысы, элчи Александр Кельчевский менен жолугушуусу болду.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо байкоочулук иштеринин аякташына байланыштуу ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун эл аралык байкоочулар Миссиясынын башчысы, элчи Александр Кельчевский жемиштүү кызматташкандыгы жана шайлоо учурунда көрсөткөн жардамы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирди.
«Шайлоо учурунда мени менен чогуу иштеген коллегаларым жана мен Борбордук шайлоо комиссиясына биздин байкоочулар ээн эркин катышкан ачык өткөргөн жыйындары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле биздин байкоочуларды аккредитациядан өткөргөнгө жардам бергениңерди баалайбыз. ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун эл аралык байкоочулар Миссиясы өз ишин Кыргызстанда 2 ай мурун баштаган, азыр биз арыздар боюнча жолугушууларыбызды аяктап, Миссиянын жыйынтыктоочу отчетун даярдап жатабыз”-деп билдирди А.Кельчевский.
Өз кезегинде КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун эл аралык байкоочулар Миссиясынын ишине ыраазычылык билдирип, алардын обьективдүү баалары, сунуштарынын маанилүү экендигин баса белгиледи.
«Өзүңүздөр билгендей 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Сиздер берген сунуштар боюнча иштер жүрдү. Биз партиялар, коомдук уюмдар менен коомдук диалог форматында иштеп, сиздер берген сунуштардын баары эске алынды. Сиздердин берген отчет обьективдүү, негизделген жана биздин мамлекетке пайдалуу болот деп ишенебиз,”-деп билдирди КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова.
Жолугушуунун аягында ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун эл аралык байкоочулар Миссиясынын башчысы мындай деди: “Биз бере турчу сунуштар, тиешелүү шарттарды эске алуу менен шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталып, мамлекеттик органдарга гана эмес, жана саясий партияларга, коомдук уюмдарга да тиешелүү болот”.
Ошондой эле, элчи А.Кельчевский жергиликтүү байкоочулардын жигердүү иштерин белгилеп, жергиликтүү байкоочулардын билимин өркүндөтүү максатында аларды башка мамлекеттерге эл аралык байкоочу катарында жиберүү керектигине токтолду.
Тараптар болуп өткөн шайлоо эл аралык байкоочулар тарабынан жакшы бааланып, демократияны бекемдөөдө алдыга карай кадам болгонун жана Кыргызстандагы демократиялык шайлоону өткөрүүдө демократиялык принциптерди өркүндөтүү болгонун белгилешти.
Жолугушуунун аягында КР БШК төрагасы жана ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун эл аралык байкоочулар Миссиясынын башчысы мындан ары кызматташуу жемиштүү жана натыйжалуу болоорун айтышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы 8 участкада добуш берүүнү жокко чыгарды
2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо КР БШКнын аймактык комиссиялары тарабынан бир катар шайлоо участкаларда добуштарды саноо учурунда идентификациялык чек алган шайлоочулар менен шайлоо бюллетендеринин ортосунда айырмачылыктар табылган.
Добуштарды саноодо төмөнкү участкаларда айырмачылыктар чыккан:
Сокулук АШК, УШК 7269- саноодо айырма -55
Бишкек АШК, УШК 1243- саноодо айырма -2
Бишкек АШК,УШК 9036 (Түркия, Анкара)-саноодо айырма -9
Сузак АШК, УШК 2118 – саноодо айырма 577
УШК 2119 – саноодо айырма 259,
УШК 2120 – саноодо айырма 126,
УШК 2126 – саноодо айырма 85,
Кара-Суу АШК, УШК №5180– саноодо айырма 48 болгон.
АШК мүчөлөрү тарабынан акты түзүлдү жана аталган участкаларда добуш берүү жокко чыгарылгандыгы тууралуу чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 31, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 8 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгаруу, участкалык шайлоо комиссияларын таркатуу жана иштин материалдарын укук коргоо органдарына берүү чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК расмий сайтка Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин жайгаштырды
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 37-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо катышкан шайлоочулардын тизмесин расмий сайтка жайгаштырды.
Шайлоочулардын тизмеси КР Президентин шайлоо-2017-шайлоо бөлүгүндөгү https://www.shailoo.gov.kg/ru/ дареги боюнча КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылды.
Ошондой эле конституциялык Мыйзамдын 35-беренесиндеги 23-пунктуна ылайык, шайлоочулардын мөөр менен күбөлөндүргөн тизмеси (же анын көчүрмөсү) участкалык шайлоо комиссияларынын имаратынын кире беришиндеги такталарга илинди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Үметалиеванын арызын канаатттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды
2017-жылдын 21-октябрында КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Үметалиевадан (мындан ары–арыз ээси) Бишкек АШКнын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 24/7 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз келип түштү.
Арыз ээси 2017-жылдын 19-октябрында Бишкек АШКсы № 24/7 чечими менен Бишкек боюнча 27 кошумча участокто: № 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартканын көрсөткөн.
Өз арызында арыз ээси Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жокко чыгарууну жана Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участокто: № 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз, даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу арызды арыз ээсинин ишенимдүү адамдарынын катышуусунда өзүнүн жыйналышында карап чыгып, Бишкек аймактык комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 24/7 чечимин төмөнкү негиздер боюнча мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.
Арыз ээси участкалык шайлоо комиссиялар аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан уюштурулат деп белгилейт.
Өзүнүн далилдерин негиздөө үчүн арыз ээси шайлоо участоктору аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлөөрүн көрсөткөн. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 8/1 чечими менен 27 шайлоо комиссиясы түзүлгөн.
Өз кезегинде, Борбордук шайлоо комиссиясы 2017- жылдын 31-июлунда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 8/1 чечимин бекитүү жөнүндө” № 301 Токтомун бекиткен.
Бирок арыз ээсинин пикиринде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө чечими болгон эмес, аймактык шайлоо комиссиясынын кошумча шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө чечими болгон.
Көрсөтүлгөн далилдерге байланыштуу арыз ээси 27 кошумча шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген “Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө” Нускаманын 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын2017-жылдын 27-июнундагы № 8/1 чечими менен Бишкек шаарынын аймагы боюнча кошумча шайлоо участоктору түзүлгөн.
Көрсөтүлгөн чечим ички миграцияга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары-конституциялык Мыйзам) 13–беренесине ылайык, Бишкек шаарында туруктуу жашаган дареги боюнча каттоосу жок жана добуш берүү күнү катталган жери боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандардын шайлоону өткөрүүгө катышуу шарттарын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын аталган чечими Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 301 токтому менен бекитилген. Аталган токтомдун 2–пункту менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кошумча шайлоо участокторунун курамдарын түзүү тапшырылган.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2017- жылдын 31-июлунда № 302 токтом кабыл алынган. Аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо участокторунун дарегин бекиткен.
Аталган токтомдун 4-пунктуна ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 10-августуна чейинки мөөнөттө кошумча участоктордо участкалык шайлоо комиссияларын түзүү тапшырылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 301 токтому Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынганын, мыйзамдуу күчкө киргенин, конституциялык Мыйзамда каралган мөөнөттө эч ким тарабынан даттанылбаганын белгилей кетүү керек.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча участоктордогу участкалык шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын ченемдери менен толук ылайыктуулукта түзүлгөн деп эсептейт.
Арыз ээсинин Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арызына карата Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.
Мында тартип бузуулар деп шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.
Мында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы арыздануучу тарабынан Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло ала турган далилдер келтирилбегенин белгилейт. Андан тышкары, арыздануучу тарабынан аталган 27 кошумча участоктор боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жөнүндө чечимдери даттанылган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобону, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 10-июлундагы № 217 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо боюнча Жумушчу тобу жөнүндө» Жобону, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 24/7 чечими күчүндө калтырылды. КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Т. Үметалиеванын Бишкек АШКнын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 24/7 чечимин жокко чыгаруу жана Бишкек ш.№ 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин 27 кошумча участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдорун кабыл алуу аяктады
2017-жылдын 23-октябрында 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу аяктады.
КР БШК 2017-жылдын 18-23-октябрында аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду жана жыйынды таблицаларды кабыл алды.
Шайлоо комиссияларынын системасында район жана шаар деңгээлинде Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында 54 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп, иштеген.
Протоколдордун жыйынтыгы боюнча Сузак, Сокулук, Кара-Суу жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларында бюллетендер идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан көп болуп калгандыктан, төмөнкү УШКларда добуш берүүнүн жыйынттары жараксыз деп табылды:
Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы 4 УШКда:
-УШК 2118 саноодо айрыма -577;
-УШК 2119 саноодо айырма -259;
-УШК 2120 саноодо айырма -126;
-УШК 2126 саноодо айырма -85.
-Чүй облусунун Сокулук районундагы 7269 УШКда саноодо айырма -55;
-Ош облусундагы Кара-Суу районунун 5180 УШКда саноодо айырма -48;
-КР ТИМ 9036 УШКда (Турция, Анкара) саноодо айырма -9;
-Бишкек шаарында 1243 УШКда саноодо айырма -2.
Бузууларга жол берген участкалык комиссиялар таркатылды, бузуулур тууралуу материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чаткал районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды
2017-жылдын 23-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 2017-жылдын 11-октябрындагы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколу бекитилди.
Ошентип, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Ашырбаев шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Чаткал аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 46 АШКдан тиешелүү аймактык комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алды
2017-жылдын 21-октябрында 54 аймактык шайлоо комиссияларынын ичинен 46сынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алуу аяктады.
КР БШК Бишкек шаардык, Ош шаардык, Түп, Кадамжай, Кара-Суу, Ноокат, Сокулук жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду алууну улантууда.
2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланышкан иш-чаралардын Календардык планына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүү жөнүндө протоколдору 2017-жылдын 3-ноябрына чейин (добуш берүү күнүнөн 19 календардык күндөн кечиктирбестен) КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.
Эске салсак, КР БШКда 18-октябрдан баштап аймактык шайлоо комиссияларынан тиешелүү аймактардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө таблицаларды кабыл алуу жүрүүдө.
Шайлоо комиссиясынын системасында шайлоо учурунда район жана шаардын деңгээлинде түзүлгөн Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, ОШ, Жалал-Абад жана Чүй облустарында Бишкек жана Ош шаарларында 54 аймактык шайлоо комиссиялары иштеди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусундагы 7 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды
Чүй облусунда жалпысынан 9 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Токмок жана Ысык-Ата.
Бугүнкү күндө Чүй облусунун 9 АШК ичинен 7 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Чүй жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары.
Борбордук шайлоо комиссиясы Сокулук жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.
Чүй облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 491 032, алардын ичинен шайлоого – 251 039 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 51,12% түзөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусундагы 4 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды
Ош облусунда жалпысынан 8 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Ош шаардык, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай.
Бугүнкү күндө Ош облусунун 8 АШК ичинен 4 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Чоң-Алай, Араван, Алай жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялары.
Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.
Ош облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 589 412, алардын ичинен шайлоого – 346 758 катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 58,83% түзөт.
Ош шаары боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 159 348, алардын ичинен шайлоого – 108 573 жаран катышкан, бул шаар боюнча шайлоочулардын 68,14% түзөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас облусундагы бардык 5 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды
Талас облусунда жалпысынан 5 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас.
Бугүнкү күндө Талас облусунун 5 АШК ичинен бардык 5 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар:Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас аймактык шайлоо комиссиялары.
Талас облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 130 195, алардын ичинен шайлоого – 79 488 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 61,05% түзөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусундагы 5 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды
Нарын облусунда жалпысынан 6 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Нарын шаардык, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Кочкор.
Бугүнкү күндө Нарын облусунун 6 АШК ичинен 5 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Кочкор, Ат-Башы, Жумгал, Нарын шаардык жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялары.
Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынан протоколду кабыл алууну улантууда.
Нарын облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 161 895, алардын ичинен шайлоого – 89 873 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 55,51% түзөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусундагы 3 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды
Ысык-Көл облусунда жалпысынан 7 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Балыкчы, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Каракол, Тоң жана Түп.
Бугүнкү күндө Ысык-Көл облусунун 7 АШК ичинен 3 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары.
Борбордук шайлоо комиссиясы Балыкчы, Каракол, Тоң жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.
Ысык-Көл облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 259 118, алардын ичинен шайлоого – 141 400 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 54,57% түзөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти