КР БШК Баткен облусундагы 3 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды
20 октября 2017
Баткен облусунда жалпысынан 6 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Баткен шаардык, Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Кадамжай.
Бугүнкү күндө Баткен облусунун 6 АШК ичинен 3 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Баткен шаардык, Лейлек жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиялары.
Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Кызыл-Кыя жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.
Баткен облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 243 722, алардын ичинен шайлоого – 126 766 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 52,01% түзөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
