Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди

19 октября 2017

2017-жылдын 19-октябрындагы КР БШК  жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. 
2017-жылдын 5-октябрында  Аламүдүн аймактык комиссиянын резервин толуктоо максатында КР БШК саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүу кеңеш) аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү тууралуу кайрылуу кабыл алган.
2017-жылдын 10-октябрында саат 18:00гө чейин саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан тиешелүү документтердин топтому кабыл алынган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө  жергиликтүү кеңештин жыйнынын 4 токтому келип түшкөн. 
Бардыгы болуп резервге 4 талапкер сунуш кылынган.
Саясий партиялардан жана жергиликтүү кеңештерден  келген документтерди текшерүүдөн кийин төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. А. Байгазиева – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
2. Ф. Будайчиев – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
3. Э. Жакшылыкова–жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
4.  С. Мусуева  – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү