Башкы Жаңылыктар Бишкектин райондор аралык соту Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын …

Бишкектин райондор аралык соту Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты

28-Окт, 2017

2017-жылдын 26-октябрында Бишкектин райондор аралык сотунун чечими менен Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартылды.

 

Сот, арыз ээси Т.Уметалиеванын жана жоопкердин далилдерин жана материалдарын изилдеп көрүп, 2017-жылдын 23-октябрындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими мыйзамдуу жана далилдүү экенин көрсөтүп, Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октярындагы чечимин жокко чыгаруу арызын канааттандыруудан баш тартты.

 

Т.Уметалиеванын 2017-жылдын 19-октябрындагы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жана 27 кошумча шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынытыгын жокко чыгаруу талабына карата Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2017-жылдын 26-октябрдагы аныктамасы менен сот өндүрүшү токтотулду.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 21-октябрында КыргызРеспубликасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жокко чыгарууну жана Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участокто: № 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 2017-жылдын 19-октябрында Т.Уметалиеванын арызын канааттандыруудан баш тартылган.

Т.Уметалиева Бишкек АШКсынын чечими боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызданган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы чечими менен Т.Уметалиеванын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жана Бишкек шаарындагы 27 кошумча шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартылган.

Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы №8/1 чечими менен Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо комиссиялары түзүлгөн.

Көрсөтүлгөн чечим ички миграцияга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары-конституциялык Мыйзам) 13–беренесине ылайык, Бишкек шаарында туруктуу жашаган дареги боюнча каттоосу жок жана добуш берүү күнү катталган жери боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандардын шайлоону өткөрүүгө катышуу шарттарын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө 2017-жылдын 23-июнундагы № 301 токтомун бекиткен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы №177 токтому менен бекитилген “Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө” Нускаманын 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле 2017-жылдын 31-июлунда Борбордук шайлоо комиссиясынын №302 токтому кабыл алынган. Аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо участокторунун дарегин бекиткен.

Аталган токтомдун 4-пунктуна ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 10-августуна чейинки мөөнөттө кошумча участоктордо участкалык шайлоо комиссияларын түзүү тапшырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 301,№ 302 токтому Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынганын, мыйзамдуу күчкө киргенин, конституциялык Мыйзамда каралган мөөнөттө эч ким тарабынан даттанылбаган, юридикалык күчкө ээ.

Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча участоктордогу участкалык шайлоо комиссияларынын курамы, жана кошумча шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын ченемдери менен толук ылайыктуулукта түзүлгөн деп эсептейт.

Арыз ээсинин Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арызына карата Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;

3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча.

5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.

Ошол эле учурда арыз берүүчү Т.Уметалиева тарабынан конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло турган бир дагы далил келтирилген эмес.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>