Чаткал районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды

23 октября 2017

2017-жылдын 23-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 2017-жылдын 11-октябрындагы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн  башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколу бекитилди.

Ошентип, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Ашырбаев шайланды.

Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген  үлгүдөгү күбөлүк берүү Чаткал аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү