Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдорун кабыл алуу аяктады
23 октября 2017
2017-жылдын 23-октябрында 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу аяктады.
КР БШК 2017-жылдын 18-23-октябрында аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду жана жыйынды таблицаларды кабыл алды.
Шайлоо комиссияларынын системасында район жана шаар деңгээлинде Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында 54 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп, иштеген.
Протоколдордун жыйынтыгы боюнча Сузак, Сокулук, Кара-Суу жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларында бюллетендер идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан көп болуп калгандыктан, төмөнкү УШКларда добуш берүүнүн жыйынттары жараксыз деп табылды:
Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы 4 УШКда:
-УШК 2118 саноодо айрыма -577;
-УШК 2119 саноодо айырма -259;
-УШК 2120 саноодо айырма -126;
-УШК 2126 саноодо айырма -85.
-Чүй облусунун Сокулук районундагы 7269 УШКда саноодо айырма -55;
-Ош облусундагы Кара-Суу районунун 5180 УШКда саноодо айырма -48;
-КР ТИМ 9036 УШКда (Турция, Анкара) саноодо айырма -9;
-Бишкек шаарында 1243 УШКда саноодо айырма -2.
Бузууларга жол берген участкалык комиссиялар таркатылды, бузуулур тууралуу материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
