КР БШК 46 АШКдан тиешелүү аймактык комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алды

21 октября 2017

2017-жылдын  21-октябрында  54 аймактык шайлоо комиссияларынын ичинен 46сынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алуу аяктады.  

КР БШК Бишкек шаардык, Ош шаардык, Түп, Кадамжай, Кара-Суу, Ноокат, Сокулук жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду алууну улантууда.

2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланышкан иш-чаралардын Календардык планына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүү жөнүндө протоколдору 2017-жылдын 3-ноябрына чейин (добуш берүү күнүнөн 19 календардык күндөн кечиктирбестен) КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.

Эске салсак, КР БШКда 18-октябрдан баштап аймактык шайлоо комиссияларынан тиешелүү аймактардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары  жөнүндө  таблицаларды кабыл алуу жүрүүдө.

Шайлоо комиссиясынын системасында шайлоо учурунда район жана шаардын деңгээлинде түзүлгөн  Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, ОШ, Жалал-Абад жана Чүй облустарында Бишкек жана Ош шаарларында 54 аймактык шайлоо комиссиялары иштеди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү