Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
23.11.2017

Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

КР БШКнын 2017-жылдын 23-ноябрындагы жыйынында 2017-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өтмөтүнүн башчысын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди. Ошентип, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абдрахманов Данияр Карасартович таанылды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана мандаттарды берүү тууралуу токтом кабыл алды
23.11.2017

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана мандаттарды берүү тууралуу токтом кабыл алды

2017-жылдын 23-ноябрында КР БШК Бишкек, Сокулук жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларындагы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ошентип: - Бишкек шаардык кеңешинде Э.Шукуров ыйгарым укуктарынан баш тартты. Мандат –«Манас – Менеджмент» ЖАК кеңешчиси С.Абдурахмановго берилди; - Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу А.Биримкуловдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат – пенсионер С.Абдылдаевге берилди; - Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу С.Султанов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат – убактылуу жумушсуз А.Эсенгуловго берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы БШК мүчөсү Гульнар Джурабаевага көңүл айтат
21.11.2017

КР Борбордук шайлоо комиссиясы БШК мүчөсү Гульнар Джурабаевага көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты БШК мүчөсү Джурабаева Гульнар Курашбековнанын апасы Тастанкуль Калдыбаеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
Борбордук  шайлоо комиссиянын төрагасы  коомдук байкоочулар менен КР Президентин шайлоонун жыйынтыгын чыгарды
16.11.2017

Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы коомдук байкоочулар менен КР Президентин шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

 2017-жылдын 16-ноябрында “Жарандык платформа” коомдук фонду уюштурган “ 2017-жылдагы Президенттик шайлоо, көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын белгилөө”  деген темада  тегерек стол өттү. Эске салсак, 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо 700дөн ашуун эл аралык , 18 823 жергиликтүү байкоочулар, алдардын ичинен 9599 коомдук, 9224 Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшкөн.  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин өркүндөтүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылууга жетишкен коомдук байкоочулар институтунун маанилүүлүгүн белгилеп,  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук жалпы иш үчүн жана калктын ишенимин арттыруудагы жалпы ишке   өнөктөш болгон  жарандык  коомдорго ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук байкоочулар көз карандысыз байкоолордун жыйынтыктары  жөнүндө жана ошондой  эле шайлоочуларды идентификациялоо боюнча,  добуш берүү жол-жобосундагы  ийгиликтер тууралуу айтып беришти.  “Добуш берүү процесси түшүнүктүү жана абдан жөнөкөй болду,  бул ишке шайлоочу болгону беш эле мүнөттөй убакыт кетирди”-деп белгилешти өкмөтүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары. Тегерек стол учурунда  төмөнкү уюмдардын докладдары окулду: - «Жарандык платформа» КФ көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө; -  «Эгль» коомдук фондусунун өзгөчө категориядагы жарандардын шайлоо укугуна жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы; - «Таза Шайлоо» ассоциациясынын добуш сатып алуу боюнча социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы жөнүндө; - ошондой эле  “КР Президентин шайлоодо жарандарга ишеним” аттуу жарандардан телефондук  сурамжылоонун жыйынтыгы  тууралуу.  «Эгль» коомдук фонду КР БШКнын аракети менен ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар биринчи жолу шайлоо процессине байкоочу катары катышкандыктарын айтып берди. Бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тийиштүү шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле байкоонун жүрүшүндө  майып жарандарга шайлоо участкалардында шарттар жакшыргандыгы белгиленди. Коомдук  байкоочулар  сунуш катары  кара пиар даярдап тараткандарга жана атайылып жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүү сунушун беришти. Ошондой эле терегек столдун катышуучулары, меймандар-эл аралык байкоочулардын өкүлдөрү  КР Президентин шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулуп  өткөрүлгөнүн  бир ооздон белгилешти.  КМШ Миссиясынын өкүлү Кыргызстан шайлоо системасын реформалоо  боюнча максаттарына жеткенин жана ал башка мамлекеттер үчүн үлгү боло аларын белгиледи. Тегерек столдун жыйынтыгында  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова жолугушуунун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, жана  мындан ары да шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүп, шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу зарылдыгын  билдирди.    КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана мандаттарды берүү тууралуу токтом кабыл алды
13.11.2017

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана мандаттарды берүү тууралуу токтом кабыл алды

2017-жылдын 13-ноябрында КР БШК Кызыл-Кыя, Ала-Бука, Сузак, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларындагы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ошентип: -Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу С. Сулаймановдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-пенсионер А.Караевага берилди; -Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу С.Тоялиев ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-“KAZ Minerals Bozymchak” ААК ЖЧК ишканасынын айдоочусу Н. Шабаевге берилди; -Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-май айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Касымов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-айдоочу А.Нурматовго берилди; -Жалал –Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылдык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу А.Абдикадировдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-жеке ишкер Ш.Сатвалдиевге берилди; -Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Бекишов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-ДЭУ-30дун башкы инженери Ж.Ысыраиловго берилди; -Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Бектемиров ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-кесипчилик лицейинин улук мастери Муталип уулу Бакытбекке берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо дайындалды
13.11.2017

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо дайындалды

2017-жылдын 13-ноябрындагы  КР БШК жыйынында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо  2017-жылдын 23-ноябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин  өткөрүү дайындалды. Белгилүү болгондой,  2017-жылдын 9-ноябрында жаңыдан шайланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн. Шайлоону  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп өткөрүү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы “Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасына катышты
08.11.2017

КР БШК төрагасы “Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасына катышты

Бүгүн КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова “Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасына катышты. КР БШК төрагасы көрсөткөн колдоосу үчүн NDI жана USAID эл аралык уюмдпрынат ыраазычылык билдирди, ошондой эле шайлоо реформасын кеңири жайылтууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар тараптуу кызматташууга дайыма ачык экендигин белгиледи. Бет ачардын жүрүшүндө Эл аралык мамиле улуттук демократиялык институттарынын Парламенттик программасынын менеджери Э.Адылбековдун айткандарына караганда 20дан ашуун видеороликтер иштелип чыккан, аларды 500 000 көрүүчү, алардын арасында жана 1500 жаш шайлоочу көргөн жана алардын добуштары маанилүү экендиги тууралуу маалымат алышкан. “Бул жаштардын добушу долбоору шайлоо процессин алдыга жылдырууда коомубузга активдүү салым кошту,”-дейт активист Н.Абылов. Маалымат: Бул долбоордун башкы максаты - 2017-жылдын 15-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жаш шайлоочулардын катышуу деңгээлин жогорулатуу болду. 2017-жылдагы Президенттик шайлоодо онлайн жана офлайн иш-чаралары жана жаш шайлоочуларды добуш берүүгө чакыруу жана алардын добушу маанилүү экендиктери тууралуу ар кандай маалыматтык иш-чаралар иштелип чыкты.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК  Кыргыз Республикасынын Президентинин күбөлүгүнүн формасын жана текстин бекитти
08.11.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин күбөлүгүнүн формасын жана текстин бекитти

2017-жылдын 9-ноябрындагы КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин күбөлүгүнүн формасы жана текстти бекитилди. Кыргыз Республикасынын шайланган Президентинин күбөлүгү катуу кайыш менен капталган күрөң түстө 70х100 өлчөмүндө болот. Бардык жазуулар мамлекеттик тилде жазылган. Күбөлүктүн тышкы бетинде Кыргыз Республикасынын Герби тартылган. 2017-жылдын 30-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна добуш берүүнүн натыйжасын аныктап, шайлоочулардын 920620 же 54,22 пайыз добушун башкача айтканда шайлоочулардын теңинен көбүнүн добушун алган Жээнбеков Сооронбай Шариповичти Кыргыз Республикасынын Президенти деп аныктаган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктары  мөөнөтүнөн мурда токтотулду
01.11.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бүгүн, 2017-жылдын 1-ноябрындагы КР БШК жыйынында КР ЖК депутаты Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “КыргызРеспубликасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пункту менен Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчкө ээ болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 65 – беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусуна жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын көрсөтүлгөн негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын негиз келип чыккан күндөн 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечими менен жүзөгө ашырылат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү менен Кыргыз Респбликасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 303-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасоого күнөөлүү деп табылган, мал-мүлкүн конфискациялоо менен жана үч жылга мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылып, мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөө менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылдын 2-октябрында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө. Текебаевге карата 2017-жылдын 16-августундагы айыптоочу өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 359-беренесине ылайык, аппеляциялык инстанциядагы соттун өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө. Текебаевге карата 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 360-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат. Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
-
31.10.2017

-

-
Кененирээк билүү >>
Борбордук  шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз  Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгын аныктады 31.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгын аныктады

2017-жылдын 30-октябрында КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө” протоколго кол коюп, бекитишти. Ага ылайык: 1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны– 3 014 434 шайлоочу. 2. 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүгө  1 697 868 шайлоочу катышып, ал тизмеге киргизилген шайлоочулардын 56,32 %ын  түздү. 3.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыкович  1 554 добуш алды, бул шайлоого  катышкан шайлоочулардын 0,09 %ын түздү . 4.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер   Уметалиева Токтайым  Джумаковна 1 473 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын  0,09 %ын түздү.   5. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Сариев Темир Аргембаевич 43 311 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 2,55 %ын түздү.   6. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Кочкоров Улукбек Тойчубаевич  8 498 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,50 %ын түздү. 7. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Масадыков Таалатбек Шамудинович  10 803 добуш алды, бул шайлолого катышкан шайлоочулардын  0,64 %ын түздү. 8. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Бабанов Өмүрбек Токтогулович  568665 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 33,49 %ын түздү.   9. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич  2 015 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын  0,12 %ын түздү. 10.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Бекназаров Азимбек Анаркулович 2 743 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,16 %ын түзөт. 11.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Жээнбеков Сооронбай Шарипович  920620 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын  54,22 %ын түздү, башкача айтканда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын теңинен көбүнүн добушун алды. 12.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Мадумаров  Адахан Кимсанбаевич  110 284 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 6,57 %ын түзөт. 13.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер    Малиев  Арсланбек  Касымакунович  1 621 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,10 %ын түздү. 14.”Бардыгына каршы” 12 371 шайлоочу добуш берген, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын 0,73 %ын түзөт.   Кыргыз  Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда  айрым шайлоо участкаларындагы добуштардын санынын жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгы  эске алынды.  Ошентип, Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ошого ылайык шайлоо өттү деп табылды.  Шайлоого катышкандардын  54,22%, башкача айтканда шайлоочулардын теңинен көбүнүн добушун  алган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Жээнбеков  Сооронбай  Шарипович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды. КР БШК Токтому менен  Жээнбеков  Сооронбай  Шариповичти Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоо аныкталды. Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкен учурда  Кыргыз Республикасынын Президентине шайлангандыгы жөнүндө күбөлүк, айырмалоо белгилерин-Президенттин төш белгисин жана Штандарт (желек) тапшыруу белгиленди. Протоколго КР БШК мүчөлөрү Н.Шайлдабекова, А.Бекматов, А.Асаналиев, Б.Кадыров, К.Осмоналиев, Н.Арипов, А.Эшимов, Г.Баатырова, А.Сатыгулов “макул” деп кол койду; “каршы” болуп жана өзгөчө пикири менен  А.Абдрахматова кол койду. КР БШК мүчөсү   Г. Джурабаева жыйынга катышкан жок, өзгөчө ой пикири менен, “каршы” добушун жазуу жүзүндө берип жиберген.  КР БШК мүчөсү  Е. Джилкичиева белгисиз себептер менен жыйынга катышкан жок. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук  шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык  көрүү жана  өткөрүүдөгү  бюджеттик  чыгымдары  жөнүндө  алдын ала маалыматты укту
30.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдөгү бюджеттик чыгымдары жөнүндө алдын ала маалыматты укту

2017-жылдын 30-октябрындагы КР БШКнын жыйынтыктоочу жыйналышында  БШКнын каржы башкармалыгынын башчысы Э. Утуровдун  2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык  көрүү жана  өткөрүүдөгү  бюджеттик чыгымдары жөнүндө  алдын ала маалыматы угулду. КР БШК Токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык  көрүү жана  өткөрүүдөгү  бюджеттик чыгымдары–671 502,1 миң сом болуп бекитилген, алардын ичинен: -шайлоого (биринчи тур) – 539 452,6 миң сом: -экинчи турдагы добуш берүүгө (экинчи тур)–132 049,5 миң сом бөлүнгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча шайлоого пландалган чыгымдардан  үнөмдөлгөн сумма  (биринчи тур) 30-40 млн сом болду. Үнөмдөө айрым чыгымдарды оптималдаштыруунун эсебинен жана эл аралык өнөктөштөрдүн  колдоосу аркасында жетишилди.  Кайра добуш берүүгө эсептелген (экинчи тур)  каражатты кошкондо чыгымдалбаган сумма 132 049,5 миң  сом болуп – жалпы үнөмдөө 160 млн сомдон ашыкты түзүшү мүмкүн, ал республикалык бюджетке  кайтарылмакчы.  Ошондой эле Э.Утуров шайлоо күрөөсү катары Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын депозиттик  эсебине  17 650 000 сом түшкөнүн маалымдады. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы №90-94 Чечими менен каттоодон өтпөгөн 5  талапкерге 4 650,0 миң сом кайтарылып берилген.  (Чороев К.А., Келдибеков А.К., Исаев К.К. Масалиев И.А., Турсунбек Акун). Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 4-пунктуна ылайык добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан ашык добушун алган  С.Жээнбеков, Ө.Бабанов, А.Мадумаровго шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. БШКнын депозиттик эсебинде шайлоо күрөөсүнөн калган сумма 10 млн. сомду түзөт. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесине ылайык күрөөдөн калган сумма бюджетке кайтарылбайт жана КР БШК тарабынан максаттуу пайдаланылып, шайлоолорду даярдап өткөрүүгө жана шайлоо процессин өркүндөтүүгө жумшалмакчы.    КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Маалыматтык шайлоо системасын (МШС) колдонуунун натыйжалары жөнүндө маалымат
30.10.2017

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Маалыматтык шайлоо системасын (МШС) колдонуунун натыйжалары жөнүндө маалымат

КР БШКнын 2017-жылдын 30-октябрындагыжыйынтыктоочу жыйналышынынжүрүшүндө КР БШКнынмаалыматтардыпрограммалык –техникалыккамсыздоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Акимбаев А.Ж. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодоМаалыматтык шайлоо системасын (МШС) колдонуунун натыйжалары жөнүндө маалымат берди. Маалымат түрүндө: МШС комплекси төмөнкүлөрдөн турат: - шайлоо участокторунда турган, шайлоо бюллетендерин кабыл алууну жана эсептөөнү камсыз кылган автоматтык –эсептөөчү урналардан (АЭУ). Добуш берүү аяктагандан кийин АЭУдагы модемдин жардамы менен БШКнын серверине маалыматтарды берүү жүрөт. - милдети АЭУдагы маалыматтарды чогултуу жана сактоо болуп эсептелген БШКнын серверинен. - добуш берүүнүн жыйынтыктарын чагылдырган БШКнын МШС сайты. 1. КР Президентин шайлоонун жүрүшүндө МШС колдонуу үчүн АЭУну даярдоо жана тестирлөө боюнча иш жүргүзүлгөн, ал аяктагандан кийин шайлоо комиссияларына ар бир УШКга 2 ден (негизги жана резервдик) эсебинде 5370 даана АЭУ жана резерв үчүн АШКга 20% берилген. 2. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санынан ар бир участокко АЭУнун 2 оператору эсебинде АЭУнун 4750 оператору октуудан өткөрүлгөн. 3. Андан тышкары, БШК тарабынан МКК менен биргеликте техникалык үзгүлтүктөр болгон учурда ыкчам техникалык жардам көрсөтүү үчүн 500 адистен турган Техникалык колдоо көрсөтүү тобу түзүлгөн жана окутуудан өткөрүлгөн. Тестирлөө жүргүзүү мезгилине жана добуш берүү күнүнө АЭУнун операторлору үчүн техникалык маселелер боюнча кеңеш берүү, үзгүлтүктөргө өз убагында жооп берүү жана техникалык колдоо көрсөтүүчү адистерди жиберүү үчүн МКТ Башкармалыгынын кызматкерлеринин санынан 13 адамдан турган Call-борбор түзүлгөн. 4. Добуш берүү күнү АЭУдеги техникалык көйгөйлөр жөнүндө 62 сигнал катталган. Алардын ичинен тактоонун жүрүшүндө 26 учурда гана техникалык себептер болгондугу, 36 учурда – көйгөй операторлор тарабынан туура эмес тейлөөдөн улам келип чыккандыгы аныкталган. 55 АЭУ резервдегиге алмаштырылган, 7 ТКК адистери тарабынан жардам көрсөтүлгөндөн кийин ишке кирген. Добуш берүү күнү техникалык мүчүлүштүктөн улам 3 УШКда: 5321 УШКда (Ош АШК), 8161 УШКда (Кызыл-Кыя АШК), 5268 УШКда (Кара-Суу АШК) стационардык (тунук) үкөктөр колдонулган. ТККнын адистери АЭУнун ишин калыбына келтиргенге чейинучастокто шайлоочулар абдан көбөйүп кеткендиктен, УШК АШК менен биргеликте добуш берүүнү стационардык үкөктөрдүнжардамы менен улантуу чечимин кабыл алышкан. Бардык 3 УШКда АЭУнун бузулушуна каттоосу жокко чыгарылган талапкерлерди тизмеден туура эмес чийүү себеп болгон. 5. МШСнын байланыш каналдарыүзгүлтүксүз иштеген жана АЭУдан маалыматтар токтоосуз келип турган. Добуш берүү күнү системдик администраторлор тарабынан 10:00, 13:00, 17:00 саатта маалыматтык шайлоо системасына добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар киргизилип турган жана киргизилгенден кийинки 35-40 минутанын ичинде МШСнын сайтына чагылдырылып турган. Шайлоо аяктагандан кийин 22:30 саатта БШКнын борбордук серверине дээрлик 90 ; автоматтык эсептөөчу урналардын маалыматтары келип түшкөн, алар автоматтык түрдө МШСнын сайтына чагылдырылып турган. Маалыматтарды берүүнүн башталышына, алгачкы 10 минута ичинде (21:10) 1012 АЭУдан (42,6%), 21:00 – 1980 (84%га жакын), 22:00 – 2135 (89,9%), ал эми 23:30 – 2200 (92,6%) маалыматтар келип түшкөн (графикти кара). Кол менен эсептөөнүн натыйжалары да протоколдордун УШКдан АШКга келип түшүүсүнө жараша МШС сайтында таблица форматында толугу менен чагылдырылып турган. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарандарга максималдуу айкындуулукта жана ыкчам жеткирип туруу максатында БШКнын адистери тарабынан УШКнын документтеринин графикалык көчүрмөсүн АЭУнун жардамы менен чогултуунун жана аларды БШКнын сайтына чагылдыруунун системасы иштелип чыккан. Аталган программа документтердин башка түрлөрүнүн көчүрмөлөрүнберүү жаначагылдыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Добуш берүүнүн натыйжаларын Кыргызстандын географиялык картасында чагылдыруу боюнча программа иштелип чыккан. Добуш берүүнүн жыйынтыктары картанын тандалган масштабына жараша: бүткүл республика, область, АШК боюнча чагылдырылды. (Картадан тийиштүү аймакты тандап алып, келүүнүн, талапкерлерге берилген добуштарды автоматтык жана кол менен эсептөөнүн натыйжаларын областтар, АШК жана УШК боюнча көрүүгө болот. Ошондой эле курсор менен керектүү аймакты тандап алып, ар бир талапкер боюнча натыйжаларды областтар боюнча да көрүүгө болот). Аталган программалар өз алдынча хостингде жайгашкан жана атайын иштелип чыккан программа аркылуу МШС менен сихрондошкон маалыматтардын базасына ээ. Ошондой эле статистикалык отчеттордун ар кандай түрлөрүн түзүү жана аларды пайдалануучуларга берүү үчүн программалык камсыздоо иштелип чыккан. Аталган программанын жардамы менен иштелип чыккан отчеттор БШКда кол менен эсептөө протоколдорун кабыл алуу учурунда колдонулган. 6. МШС комплексинин үзгүлтүксүзишин жана анын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча программалык-аппараттык системалар жана сервердик жабдууларштаттык режимде иштеди. Интернет-мейкиндиктеги МШСнын сайтына кирүү аталган веб-сайттын бардык кирүүчүлөрүнө үзгүлтүксүз жана «катып калуусуз»уюштурулду. Кирүүнүн эң жогорку чеги 15-октябрда 20:00 сааттан 22: 22 саатка чейин туура келген – 0,06 секунда ичиндеги жооп берүүдө (үн кошуу) минутасына – 519 чакырык болгондугу байкалган. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн маалыматтык коопсуздук саясаты боюнча Саясат жана Регламент иштелип чыккан жана КРнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилген. 1-октябрдан 14-октябрды кошкондо БШКнын серверине39584 жолу кибер-чабуул (бузуу аракеттери) жасоо аракеттери жасалган, ал эми 2017-жылдын 15-октябрындагы добуш берүү күнүндө – 80013 жолу жасалган.Системага кибер-чабуул жасоо аракеттеринин эң жогорку чеги 2017-жылдын 15-октябрында 21:05 сааттын терегинде катталган жана аталган убакыт ичинде – 18 358 чабуул жасалган (графикти кара). Кибер-чабуулдар дүйнөнүн 26дан ашуун өлкөлөрүндө жасалган. Бардык чабуулдар МШСны коргоо системасы тарабынан ийгиликтүү мизи майтарылган.   КР БШКнын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан шайлоочулар Ассоциациясы” Коомдук  Бирикмесинин  президенти Б.Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тартты
30.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан шайлоочулар Ассоциациясы” Коомдук Бирикмесинин президенти Б.Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тартты

2017-жылдын  30-октябрында КР БШК  “2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо процессинин катышуучуларынан келип түшкөн арыз жана даттануулар, кайрылуулары жөнүндө” маселени кароодо  “Кыргызстан шайлоочулар Ассоциациясы” Коомдук Бирикмесинин  президенти Б.Керимбековдун Жогорку Кеңештин депутаттары К.Бокоев, А.Шыкмаматов, А.Токторовду административдик жоопкерчиликке тартуу жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековго жана Ө.Бабановго карата жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты. Ошондой эле КР БШК  Т.Уметалиеванын  БШК чечимине карата  арызы боюнча  соттордун  чечимдери  тууралуу маалыматты эске алды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку соту Т.Уметалиеванын арызы боюнча Бишкектин райондор аралык  сотунун чечимин күчүндө калтырды
30.10.2017

КР Жогорку соту Т.Уметалиеванын арызы боюнча Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды

2017-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкектин райондор аралык сотунун Т.Үметалиеванын КР БШКнын 2017-жылдын 23-октябрындагы №111 чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин күчүндө калтырды. Мурун райондор аралык сот Т.Уметалиеванын жана жоопкердин далилдерин жана материалдарын изилдеп көрүп, 2017-жылдын 23-октябрындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу жана далилдүү экенин көрсөтүп, Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октярындагы чечимин жокко чыгаруу арызын канааттандыруудан баш тарткан. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жокко чыгарууну жана Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участокто: № 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 2017-жылдын 19-октябрында Т.Уметалиеванын арызын канааттандыруудан баш тартылган. Т.Уметалиева Бишкек АШКсынын чечими боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызданган. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы чечими менен Т.Уметалиеванын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жана Бишкек шаарындагы 27 кошумча шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартылган. Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими боюнча кенен маалымат бул жерде (кийинки релизге шилтеме). КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүнө 18 миңден ашуун  байкоочулар  көз салышты
30.10.2017

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүнө 18 миңден ашуун байкоочулар көз салышты

2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү эл аралык 700дөн ашуун  байкоочулардан тышкары  18 823 жергиликтүү байкоочу добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салды, алардын ичинен 9599у коомдук жана 9224ү Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин байкоочулары болушкан.  КР БШК коомдук байкоочулар институттарынын Кыргыз Республикасындагы  шайлоо процессинин ачыктыгын, тазалыгын камсыз кылууда  алардын маанилүүлүгүн белгиледи  жана Кыргыз Республикасындагы шайлоодо жарандардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууда өнөктөш болуп, жакшы ийгиликтерге жетишүү үчүн жана Кыргыз Республикасында шайлоону уюштуруп өткөрүү мезгилинде  иштери үчүн жарандык  коомдорго ыраазычылык билдирди. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда төмөндөгү коомдук уюмдар КР БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн: 1.   «Адилет» укук клиникасы; 2. «Жарандык Платформа»; 3. «Жарандык коом жана демократия үчүн Коалиция»; 4. «Таза Шайлоо Ассоциациясы»; 5. «ЭГЛЬ»; 6. «Кыргызстан коргоо кыймылы». КР БШК тарабынан аккредитациядан өткөндөрдөн тышкары, 2017-жылдын 15-октябрында добуш берүү күнү аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларында  төмөндөгү мекемелер мониторинг жасоого арыздарын беришкен: 1. «Аймира» КФ; 2. «Коррупцияга каршы чыныгы аракет» КФ; 3. «Талас облустук жаштар кеңеши” КБ; 4. «Тынчтык – маданияттын жарыгы» КБ; 5. «Прецедент өнөктөштүк тобу» КБ; 6. «Журналисттер үйү» КБ; 7. «Элет айым» КБ; 8. «Боорукер – Баткен» КФ; 9. «Эл – Элчи» КФ; 10. «АИР Колдоо» КФ. Байкоочулар республикадагы жана өлкөдөн тышкаркы жерлердеги  2375 УШКаларда байкоочулук кылышкан.   Аймактар боюнча байкоочулар: Баткен облусу: коомдук байкоочулар–422, талапкерлерден байкоочулар – 912; Талас облусу: коомдук байкоочулар–129, талапкерлерден байкоочулар – 362; Нарын облусу: коомдук байкоочулар–443, талдапкерлерден байкоочулар – 707; Ысык-Көл облусу: коомдук байкоочулар–397, талапкерлерден байкоочулар – 862; Ош облусу: коомдук  байкоочулар–1447; талапкерлерден байкоочулар– 2744; Чүй облусу: коомдук  байкоочулар – 862; талапкерлерден байкоочулар – 1436; Жалал-Абад облусу: коомдук байкоочулар–483, талапкерлерден байкоочулар – 1549; Бишкек шаары: коомдук байкоочулар–5186; талапкерлерден байкоочулар – 184; Ош шаары: коомдук  байкоочулар – 220, талапкерлерден  байкоочулар 453. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 390 392 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти