Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
2017-жылдын 15-декабрында КР БШК өз отурумунда Ысык-Ата, Москва, Аламүдүн, Чаткал жана Баткен кээ бир жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тактап айтканда:
-Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешиндеги М. Таукенова депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер- Ысык-Ата аймактык ооруканасы, Неврология бөлүмүнүн башчысы З. Асановго өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылдык кеңешиндеги жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбегендигине байланыштуу Эшмамбет уулу Эрландын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер- “Чекир-Суу” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, техникалык коопсуздук боюнча инженери К. Омуркуловго өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылдык кеңешиндеги жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбегендигине байланыштуу Р. Умуркуловдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер- “Чекир-Суу” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, сүт товар фермасынын башчысы З. Агибаевге өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылдык кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын аймагынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишине байланыштуу Н. Боронцевдин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер- ӨКМдин түндүк борборундагы, диспетчери М. Дуйшобаевге өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылдык кеңешиндеги каза болгодугуна байланыштуу А. Любимовдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер- “Бахтияр” дыйкан чарбасынын, мүчөсү М. Хажиметовго өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылдык кеңешиндеги А. Ханаш депутаттык ыйгарым укуктары токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер- убактылуу иштебеген Б. Дурсуновго өткөрүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Чаткал районун Терек-Сай айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Б. Ашырбаевдин ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер- А.Чымканов атындагы орто мектебинин, мугалими Ж. Ташболотовго өткөрүп берилди;
-Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешиндеги депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Абдималик уулу Байматтын ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер- “Самаркандек Аласан” ишканасынын башчысы У. Айдаровго өткөрүп берилди;
-Баткен облусунун Баткен районунун Дара айылдык кеңешиндеги депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Тажибаевдин ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер- убактылуу иштебеген А. Бабаевге өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын КР жарандарына, саясий партияларына, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы №3 Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо 2018-жылдын 28-январына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №13 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңештеринин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин, Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 28-январына дайындалган.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!
Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн www.shailoo.srs.kg порталындагы шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоо өтө турган жерлерде добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 13-декабрына чейин, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган жерлерде добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 25-декабрына чейин шайлоочулардын тизмеси шайлоо участокторуна илинет, ошол жерден өзүңөр жөнүндө маалыматтарды тактасаңар болот.
Ката же так эместиктер бар болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсоңуз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо Сиз добуш берүүчү күнгө чейин 15 календарлык күн мурда, б.а. 2018-жылдын 13-январына чейин, мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү күнгө чейин 11 календарлык күн мурда, б.а. 2018-жылдын 17-январына чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын же eID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү!
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.
Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.
Өзүн көрсөтүү тартибинде айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү Аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2017-жылдын 29-декабры, саат 24.00гө чейин.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2017-жылдын 29-декабры, саат 24.00гө чейин.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 5-январы, саат 24.00гө чейин.
Ошондой эле шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 5-январына чейин.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 8-январына чейин.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 13-январына чейин.
Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптары жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган.
Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган.
Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль АШК жана УШК мүчөлөрүнө таандык. Калктын бүткүл шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу.
Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам.
Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссияларга жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, аймактык шайлоо комиссияларда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктап, уюштурат. Ушул процесстин негизги талаптары болуп шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана тең мамилени камсыз кылуу калууга тийиш.
Көп мандаттуу шайлоо округдар боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдардын схемаларын жана чек араларын добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2017-жылдын 21-декабрына чейин иштеп чыгат жана КР БШК бекитүү үчүн берет.
Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участкалар жергиликтүү жана башка шарттарды эсепке алуу менен түзүлүүгө тийиш.
Шайлоо участкалар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2017-жылдын 25-декабрына чейин ар бир шайлоо участогунда 2500дөн ашык эмес шайлоочу деген эсепте түзүлөт. Шайлоо округдардын чек араларынын участкалардын чек аралары менен кесилишине жол берилбейт.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты же жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 8 календардык күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.
Обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты же жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына коштоочу кат менен, берүүгө тийиш.
Жазуу жүзүндөгү тапшырыктар түшкөндөн кийин, КР Мыйзамы менен белгиленген талаптарды аткарган маалыматтык массалык каражатталар 2017-жылдын 24-декабрына чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн КР БШК тарабынан аккредиттелинет.
Мында, КР БШК маалыматтык массалык каражаттарынын аккредитациясын алар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда чакыртып алууга укуктуу.
Эскерте кетсек, шайлоо алдындагы үгүт шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмеси катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 5-январынан тартып башталат, айылдык кеңештерге депутаттарды кезектеги шайлоосунда айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 8-январынан тартып, айылдык кеңештерге депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоосунда айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 13-январынан тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 27-январы саат 08.00.
Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык маалыматтык массалык каражаттаардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
Борбордук шайлоо комиссиясы регионалдык маалыматтык массалык каражаттарларды маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
Республикасында шайлоо процесстин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы тааныган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин системасы түзүлүп, өнүгүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2018-жылдын 28-январына дайындалган шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процесстин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жагынан шайлоо процесстин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты И. Гайпкуловго берилди
2017-жылдын 15-декабрында КР БШК жыйынында “Ата-Мекен” саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Гайпкулов Искендер Торобаевичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди
2017-жылдын 15-декабрында КР БШК өз отурумунда жыйынында Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтом М. Амираевдин и Б. Борукулованын берген арыздарынын негизинде жана С. Каракожоедин каза болгондугуна байланышту кабыл алынды.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан С. Каракожоев («Кыргызстан социал-демократиалык партия» саясий партиясынан), А. Амираев жана Б. Борукулова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды. Алардын ордуна резервдеги К. Кадыров («Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан), Р. Рахимова жана А. Таев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 13 Жарлыгына ылайык, кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 28-январына, жекшембиге, дайындалды.
КР БШК 2017-жылдын 15-декабрында өткөн отурумунда жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында, 2018-жылдын 28-январына дайындалган Жалал_Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кенешинин, Таш-Көмүр шаардык кенешинин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кенешинин, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова айылдык кенешинин,
Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кенешинин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кенешинин, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кенешинин, Көк-Ойрок айылдык кенешинин, Москва районунун Александров айылдык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти.
Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпы чыгымдардын суммасын 8 292 300 (сегиз миллион эки жүз токсон эки миң үч жүз ) сом түздү.
“РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп аныктады.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 28-январына дайындалган кезектеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
Бүгүн, 2017-жылдын 8-декабрындагы КР БШКнын жыйынында 2018-жылдын 28-январына дайындалган Ысык-Көл областынын Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин жана Чүй областынын Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди.
Жалпысынан 3 шайлоо округу жана 4 шайлоо участкасы бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Кыргызстан” саясий партиясынан К. Кожомкулова Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Кожомкулова Карлыгач Муканбединовнадан арыз түшкөн.
Борборшайлооком келип түшкөн документтин негизинде, КРдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып, КРдин “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык анын кайрылуусун канааттандырууну чечти.
Ошондой эле КР БШК “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу” 2015-жылдын 3-сентябрындагы №64-чечминин, К. М. Кожомкулованын каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп тапты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана мандаттарды берүү тууралуу токтом кабыл алды
2017-жылдын 8-декабрында КР БШК Баткен, Кара-Көл, Кара-Суу, Алай жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларындагы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ошентип:
-Баткен облусунун Кыштут айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Маматов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-жеке ишкер Р. Урустомовго берилди;
-Баткен облусунун Кыштут айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Эргешов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер- Газ орто мектебинин мугалими А. Атабаевге берилди;
-Баткен облусунун Кыштут айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын З. Жороев токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер- убактылуу иштебеген М. Маматбековго берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын А. Мырзаев токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер - Аксы райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо башкармалыгы, адиси М. Мизановго берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Көл шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын С. Жардамов токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер - ДЭУ №30дун контролеру Н. Молдомусаевге берилди;
-Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын К.Козубаев токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер- убактылуу иштебеген Х. Урмановго берилди;
-Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу С. Жунусов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-убактылуу иштебеген А. Бекмырзаевге берилди;
-Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу М. Маккамбаев ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер - КРнын Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун эксперти - У. Абдулазимовго берилди;
-Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Усон у. Б. ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер – жеке ишкер А. Юсуповго берилди;
-Ош облусунун Кара-Суу районунун Толойкон айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Х. Сулайманов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер – жеке ишкер Н. Тишабаевге берилди;
-Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу Б. Саттаровдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер – жеке ишкер Т. Сыдыковго берилди;
-Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Темирмамат у. А. ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер – Э. Мурзаевдин атындагы орто мектебинин мугалими Жумаш у. Исланбеке берилди;
-Ош облусунун Алай районунун Уч-Добо айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу З. Молдоташев ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер – Ош шаардык суу канал ишканасы, электриги С. Беделовго берилди;
-Ош облусунун Алай районунун Корул айылдык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу Д. Алиевдин ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер – С.Дооронов атындагы музыкалык мектебинин мугалими - Ж. Камбаровго берилди;
-Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбай айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын Ш. Мамедов токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер – “Гыдырша” дыйкан чарбасынын мүчөсү - Р. Шафиевге берилди;
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Абдрахматованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Бүгүн, 2017-жылдын 8-декабрында КР БШКнын кезектеги отурумунда КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Абдрахматованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча маселе каралып, тиешелүү токтом кабыл алынды.
КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Абдрахматованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш, ал ага жүктүлгөн милдеттер талаптагыдай эмес аткарылгандыгы: БШК мүчөлөрүнүн иш принциптерин, ошондой эле жүрүм-турумдун этикалык нормаларын (жалпы таанылган жана мамлекеттик кызматчынын) бузгандыгы үчүн КР БШКнын жети мүчөсүнөн келип түшкөн.
КР БШКнын 2011-жылдын 13-июлундагы №13 токтому менен бекитилген КР БШКнын Регламентинин 13-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жүйөлүү сунуш жана аны Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кароо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча ишке ашырылат.
Отурумдун жүрүшүндө КР БШКнын мүчөсү Н. Арипов төраганын орун басары А. Абдрахматовага ыйгарым укуктарын өз каалоосу боюнча токтотуу тууралуу арызын жазып берүүнү сунуштады. Бирок бул сунушту А. Абдрахматова колдогон жок.
Бул маселени кароонун натыйжасында КР БШКнын 8 мүчөсү “макул”, 2 мүчөсү “каршы” добуштарын беришти.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин, КР БШКнын Регламентинин 13-беренесин жетекчиликке алып, 2017-жылдын 8-декабрында №545 токтом кабыл алынды, ага ылайык КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Абдрахматованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
30-ноябрдан 2-декабрга чейин “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо: алынган сабактар жана келечекте эске алуулар” аттуу жыйынтык конференция өттү
30-ноябрдан 2-декабрга чейин “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо: алынган сабактар жана келечекте эске алуулар” аттуу жыйынтык конференция өттү. Конференция Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүу боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык шайлоо фондусунун (IFES) колдоосу менен өткөрдү. Конференциянын ишине КР БШК төрагасы, КР БШК мүчөлөрү,54 аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери, КР БШКнын АШКлардагы атайын өкүлдөрү, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, IFES өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова өзүнүн сөзүндө ар бир АШК менен УШК мүчөлөрүнө шайлоону ачык жана акыйкат, демократиялык негизде өткөрүүдө жарандык миссиясын жогорку жооптуулук менен сезип, татыктуу, ак ниет иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирди. КР БШК чечими менен ак ниет жана татыктуу иши үчүн 30 адам КР БШКнын Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты менен сыйланды,5 адам КР Президентинин энчилүү сааттарын алышты.
"Эми биздин алдыбызда өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү жакшыртуу жана оптималдаштыруу сыяктуу маанилүү максат турат, ар бирибиздин ишке жооптуулук менен мамилебиз бардык системадагы эмгегибиздин ийгилигин камсыз кылат. Алдыда шайлоо системасын реформалоо боюнча көп ишибиз бар, бизге адам факторуна байланышкан маселелерди жана жаңы технологияларды өнүктүрүүнү бирдей алдыга жылдыруу максатыбыз бар”-деп белгиледи КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова.
Ошондой эле конференциянын катышуучулары Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүндөгү аспектилерди жана бир катар багыттарга анализ жүргүзүүнү карап чыгышты.
Конференция ачык айкын, динамикалуу форматта өттү. Өтө кызыгууну туудурган суроолор да болду. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу жана даярдоо процесси, шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүндөгү техникалык аспектилер, АСУ колдонуунун жыйынтыгы, шайлоо участокторун уюштурууну жакшыртууу, добуш берүүнү уюштуруу процесси, (добуш берүү күнү) жана шайлоо комиссияларынын иштерин уюштуруу боюнча суроолор көбүрөөк талкууланды.
Конференциянын катышуучулары шайлоо участкаларынын ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча долбоордук сунуштарын айтышты. Тактап айтканда,аймактардан келген участкалык шайлоо комиссиялдарынын мүчөлөрү шайлоо мыйзамдары боюнча укук-ченемдик актылар боюнча электрондук китепкана түзүү маселесин, добуш берүүчү имартаттардын техникалык жабдууларын жакшыртуу, АШК жана УШК мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу маселесин сунуш кылышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрдагы №3 Жарлыгы менен, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 28-январына, жекшембиде дайындалды.
КР БШК 2017-жылдын 30-ноябрындагы жыйынында жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн алкагында, 2018-жылдын 28-январына дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого жумшалган жалпы чыгымдын суммасы 975 400 (тогуз жүз жетимиш беш миң төрт жүз сом) түздү.
“РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты З.Шараповго берилди
2017-жылдын 30-ноябрында КР БШК жыйынында “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Шарапов Закир Эшматовго берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаты У.Чолпонбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
2017-жылдын 30-ноябрында КР БШК жыйынында “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан депутат Чолпонбаев Улан Сапарбековичтин каза болгондугуна байланыштуу КР Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдор бекитилди
2017-жылдын 30-ноябрында КР БШК жыйынында 2017-жылдын 23-ноябрында өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилди. Ушул протоколдун негизинде Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо өттү деп таанылып, шаар мэрине Авазов Салайдин Абдувалиевич бекитилди.Шайланган мэрге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
28.11.2017
Коомдук диалог «2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы»
Ала-Арча мамлекеттик резиденцияда «2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы» аттуу Коомдук диалог болуп өттү.
Диалог КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен биргелешип уюштурулду.
Катышуучуларды КР Президентинин кеңешчиси Абулгазиев М.Д., вице-премьер-министр Абдыгулов Т.С., КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Сарыбаев Р.Р., КР БШК төрагасы Шайлдабекова Н.К., КР БШК мүчөлөрү, КР Башкы Прокуратурасынын, КР ИИМ, Бишкектин райондор аралык сотунун расмий өкүлдөрү, бир катар коомдук бирикмелердин жана ассоциациялардын жетекчилери жана эксперттер, жалпыга маалымдоо эл аралык уюмдардын жана миссиялардын башчылары жана өкүлдөрү, президентке талапкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук жана жарандык активисттер, саясий партиялардын лидерлери куттукташты.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө шайлоо процессинин бардык катышуучулардын жылуу куттуктап, шайлоонун ишенимдүү, акыйкат мыйзамдын алкагында өтүшүн камсыз кылган шайлоо системасын реформалоого катышуучулардын маанилүү ролун баса белгиледи. Өзүнүн бет ачарында Боршайкомдун төрагасы Н. Шайлдабекова, маанилүү компоненттерди баса белгиледи: алар шайлоо тутумун реформалоо мезгилине карата башкы милдет – Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын ишке ашырууну толук камсыздоо: шайлоого активдүү укук жана пассивдүү укук – шайлануу болгон. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдар менен, Парламент менен конструктивдүү өз ара аракеттенүү белгиленген: мыйзам базасын синхронизациялоо, шайлоо учаскаларынын бекитилген чектерин эске алуу менен, шайлоочулардын тизмесин түзүү маселеси ыкчам жана технологиялык жактан чечилген – биринчи жолу TIZME.SRS.KG, мамлекеттик шайлоо порталын ченемдик жактан жөнгө салуу колдонулган, участкалык шайлоо комиссиясынын ишин методикалык-технологиялык жактан камсыздоо маселелери чечилген, БШКнын адистери тарабынан маалыматтык-шайлоо тутумун ишенимдүү иштеши камсыздалган.
БШК төрагасы шайлоо тутумун реформалоо жана өнүктүрүүгө катышкан эл аралык жана коомдук өнөктөштөргө: Кыргыз Республикасындагы Европалык Кеңештин, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесин, IFES шайлоо тутумунун эл аралык фондусунун, NDI улуттук демократиялык институтунун, IRI эл аралык институтунун, КРдагы KOICA кызматташтыгы боюнча эл аралык агенттиктин, Венеция комиссиясынын, JICA кызматташтыгы боюнча япон эл аралык агенттигинин DFID, Великобритания эл аралык өнүгүү министрлигинин, USAID долбоорунун, “Жарандык платформа”, “Эгль” коомдук бирикмелеринин, илимий-эксперттик кеңештин, “Таза шайлоо” ассоциациясынын мүчөлөрүнө жана бир катар эл аралык долбоорлорго, коомдук ассоциацияларга жана бирикмелерге ыраазылык билдирди.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк боюнча шайлоо комиссияларынын участкаларын аудит жүргүзүлдү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн - чоңойтулчу лупалар атайын шаймандар сатылып алынды, Брайля шрифти боюнча трафареттер даярдалды, жакынкы келечекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоо комиссияларынын участкаларына жеткиликтүүлүк этаптуу 3 жылдык планы иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо БШК шайлоочулардын арыздарын жана кайрылууларын кароо боюнча модул ишке ашырылды, даттанууларды кароо жана кабыл алынган чечимдерге көз салуу мүмкүнчүлүгү жана кабыл алынган чечимдер менен, шайлоо комиссиясынын бардык денгээли боюнча даттануулардын жалпы реестри үчүн жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Укук коргоо органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары менен динамикалуу өз ара аракеттенишүү белгиленди. Шайлоону чагылдыруу маселесине жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын баса белгилөө менен, Шайлдабекова Н.К. маалымдоо жана агитациялоо маселесинде шайлоо мыйзамын мынданы ары жакшыртуу керектегин токтолду: “Шайлоо сөз эркиндигин жөнгө салуучу боло алабы? Биз мына ушуну аныкташыбыз керек. Кыргыз Республикасынын Конституциясы сөз эркиндигин кепилдейт, ар бир ЖМК өзүнүн редакциялык саясатын түзөт жана шайлоону чагылдырууга активдүү катышат, ал эми бизде болсо мыйзамда кенемте бар, аны четтетүү керек”, - деди.
БШКнын төрагасы шайлоо тутумун реформалоонун ийгиликтүү ишке ашырылышы, шайлоонун жыйынтыгынын ачыктыгын, аныктыгын, тактыгын камсыдаган шайлоонун жаңы моделин жайылтуу – бул, мезгилдин жакшы жетишкендиги экендигин баса белгиледи.
Сөзүн аяктап жатып, БШКнын төрагасы БШК мындан ары да өлкөнүн шайлоо тутумун реформалоону улантарын, ошондой эле жарандык билим берүү тутумунун кеңири масштабдуу тутумун иштеп чыгуу жөнүндө планы менен ой бөлүштү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Муратов Абдыжалил Абдразаковичке көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты Ош АКШнын төрагасы Муратов Абдыжалил Абдразаковичтин апасы Муратова Салтанаттын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды