Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрдагы №3 Жарлыгы менен, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 28-январына, жекшембиде дайындалды.
КР БШК 2017-жылдын 30-ноябрындагы жыйынында жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн алкагында, 2018-жылдын 28-январына дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого жумшалган жалпы чыгымдын суммасы 975 400 (тогуз жүз жетимиш беш миң төрт жүз сом) түздү.
“РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү