Башкы Жаңылыктар КР БШКнын КР жарандарына, саясий партияларына, жалпыга маалымдоо …

КР БШКнын КР жарандарына, саясий партияларына, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!

15-Дек, 2017

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы №3 Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо 2018-жылдын 28-январына дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы №13 Жарлыгы менен  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңештеринин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин, Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 28-январына дайындалган.

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

 

Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн www.shailoo.srs.kg порталындагы шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоо өтө турган жерлерде добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 13-декабрына чейин, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган жерлерде добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 25-декабрына чейин шайлоочулардын тизмеси шайлоо участокторуна илинет, ошол жерден өзүңөр жөнүндө маалыматтарды тактасаңар болот.

Ката же так эместиктер бар болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсоңуз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо Сиз добуш берүүчү күнгө чейин 15 календарлык күн мурда, б.а. 2018-жылдын 13-январына чейин, мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү күнгө чейин 11 календарлык күн мурда, б.а. 2018-жылдын 17-январына чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын же eID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт.

 

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү!

 

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.

 

Өзүн көрсөтүү тартибинде айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү Аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2017-жылдын 29-декабры, саат 24.00гө чейин.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2017-жылдын 29-декабры, саат 24.00гө чейин.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 5-январы, саат 24.00гө чейин.

Ошондой эле шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 5-январына чейин.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 8-январына чейин.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 13-январына чейин.

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптары жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган.

Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган.

 

 

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль АШК жана УШК мүчөлөрүнө таандык. Калктын бүткүл шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу.

Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам.

Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссияларга жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, аймактык шайлоо комиссияларда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктап, уюштурат. Ушул процесстин негизги талаптары болуп шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана тең мамилени камсыз кылуу калууга тийиш.

Көп мандаттуу шайлоо округдар боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдардын схемаларын жана чек араларын добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2017-жылдын 21-декабрына чейин иштеп чыгат жана КР БШК бекитүү үчүн берет.

Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участкалар жергиликтүү жана башка шарттарды эсепке алуу менен түзүлүүгө тийиш.

Шайлоо участкалар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2017-жылдын 25-декабрына чейин ар бир шайлоо участогунда 2500дөн ашык эмес шайлоочу деген эсепте түзүлөт. Шайлоо округдардын чек араларынын участкалардын чек аралары менен кесилишине жол берилбейт.

 

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты же жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 8 календардык күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.

Обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты же жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына коштоочу кат менен, берүүгө тийиш.

Жазуу жүзүндөгү тапшырыктар түшкөндөн кийин, КР Мыйзамы менен белгиленген талаптарды аткарган маалыматтык массалык каражатталар 2017-жылдын 24-декабрына чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн КР БШК тарабынан аккредиттелинет.

Мында, КР БШК маалыматтык массалык каражаттарынын аккредитациясын алар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда чакыртып алууга укуктуу.

Эскерте кетсек, шайлоо алдындагы үгүт шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмеси катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 5-январынан тартып башталат, айылдык кеңештерге депутаттарды кезектеги шайлоосунда айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 8-январынан тартып, айылдык кеңештерге депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоосунда айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 13-январынан тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт б.а. 2018-жылдын 27-январы саат 08.00.

Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык маалыматтык массалык каражаттаардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы регионалдык маалыматтык массалык каражаттарларды маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.

 

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

 

  • Республикасында шайлоо процесстин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы тааныган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин системасы түзүлүп, өнүгүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2018-жылдын 28-январына дайындалган шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процесстин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жагынан шайлоо процесстин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>