Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Көк-Жар жана Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
КР БШКнын 2018-жылдын 8-январындагы отурумунда 2017-жылдын 29-декабрындагы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Иманалиев Иличбек Абашакирович табылды.
Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Доранов Осмонали Ажолович табылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендердин сактоо даражасын жана формасын бекитти
2018-жылдын 8-январындагы КР БШКнын отурумунда 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасы бекитилди.
Шайлоо бюллетендерин, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан бекитилген бюллетендердин тексттерине ылайык, бекитилген формасын жана сактоо даражасын колдонуу менен “Учкун” ААКсында даярдоо ишке ашырылат.
Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгына жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялары башкармалыгына шайлоо бюллетендеринин формасына жана сактоо даражасына карата талаптарды камсыздоо максатында, шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде алдын-ала тестирлөөнү ишке ашыруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2018-жылдын 28-январына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери улантылууда
2018-жылдын 28-январына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери улантылууда.
Жарандардын шайлоочулардын тизмесинен өзүлөрү тууралуу маалыматтарды тактап алуу мүмкүнчүлүктөрү бар:
- 2018-жылдын 13-январына чейин – кезектеги шайлоо өтө турган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңештериндеги 2 жергиликтүү жамааттын тургундары
- 2018-жылдын 17-январына чейин – мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таш-Көмүр шаардык, Кара-Жыгач, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара- Балта шаардык, Кемин районунун Кара-Булак жана Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка айылдык кеңештериндеги 9 жергиликтүү жамааттын тургундары.
Өзүңүз тууралуу маалыматты төмөнкүдөй жолдор менен тактасаңыз болот:
-катталган жериңиз боюнча өз шайлоо учаткаңыздан
- www.shailoo.srs.kg порталынан
- 119 номери боюнча кайрылып (МКК call-борбору);
- ПИНиңизди көрсөтүү менен 119 номерине смс-билдирүү (14 сандуу идентификациялык номер).
Телефон чалуу жана смс-билдирүүлөр акысыз
Жеке маалыматтарыңызда ката же так эместиктер табылган жана шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда жарандар катталган жери боюнча УШКга ID-картасынын көчүрмөсүн тиркөө менен №3 формадагы арыз менен 2018-жылдын 13-январына чейин (кезектеги шайлоо боюнча), 17-январына чейин (мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча) кайрылууга укуктуу.
Ал арыз (Форма №3) токтоосуз УШК тарабынан МККга кароо жана иштеп чыгуу үчүн жиберилет.
Маалымат үчүн: Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон, шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
Биометрикалык катоодон өтпөй калган жарандар бул жол-жобону жашаган жери боюнча МКК органдарынын биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттардын даректерине кайрылып өтүүгө болот. Эскертебиз, биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
Жергиликтүү кенештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планына ылайык, 2018-жылдын 4 - январында Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады.
Тактап айтканда:
Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешине (31 мандат) мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 28- январына дайындалган, Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясы 8 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады:
-«Элдик-Народная» – 55 талапкер;
-«Эламан» – 55 талапкер;
-«КСДП» -55 талапкер;
-«Жакшылык – Добро» – 47 талапкер;
-«Мекеним – Кыргызстан» -56 талапкер;
-«Өнүгүү-Прогресс» -54 талапкер;
-«Республика» – 48 талапкер;
-«Содружество Народов КР» – 54 талапкер.
Баардыгы - 424 талапкер катталды.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши (31 мандат) мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 28- январына дайындалган, Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы 7 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады:
-«Мекеним Кыргызстан» – 51 талапкер;
-«КСДП» - 60 талапкер;
-«Ата-Журт» - 50 талапкер;
-«Өнүгүү-Прогресс» – 54 талапкер;
-«Улуу Көч» - 53 талапкер;
-«Бүтүн Кыргызстан» -53 талапкер;
-«Таш-Көмүр жаштары» – 52 талапкер.
Баардыгы - 373 талапкер катталды.
2018-жылдын 5 - январынан тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Таблица тиркелет
Кененирээк билүү >>
Бүгүн Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктайт
Бүгүн Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктайт. Азыркы учурга карата Жайыл АШК тарабынан 8 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды, бул: Элдик-Народная», «Эламан», «КСДП», «Жакшылык-Добро», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика», «Содружество народов КР» саясий партиялары. Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешине аталган партиялардан 424 талапкер көрсөтүлгөн.
Таш-Көмүр АШК тарабынан 7 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды, бул: «Мекеним Кыргызстан», «КСДП», «Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Улуу-Көч», «Бүтүн-Кыргызстан», «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиялары. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешине аталган партиялардан 373 талапкер көрсөтүлгөн.
2018-жылдын 5-январынан тартып Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.
Ошондой эле, азыркы учурга карата, кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Кезектеги шайлоо өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 7-январда аяктап, 8-январдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат. Кезектеги шайлоо өтө турган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинде 33 талапкер, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинде 42 талапкер көрсөтүлдү.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 12-январда аяктап, 13-январдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак жана Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка айылдык кеңештеринде өткөрүлөт.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери шайлоо өтө турган бардык жергиликтүү кеңештерде добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт, б.а. 2018-жылдын 27-январында саат 8.00дө.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЖК депутаты Жыргалбек Калмаматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Калмаматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы жылдык куттуктоосу
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди келе жаткан 2018-жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!
Өтүп бара жаткан 2017-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый жана маанилүү жыл болду. Кыргыз эли өзүнүн тандоосу менен мамлекет башчысын шайлап, өнүгүү жолунда бара жаткан көз карандысыз эл экендигин дагы бир ирет далилдеди. Болуп өткөн Президенттик шайлоого катышкан 700дөн ашуун эл аралык байкоочулар шайлоонун жыйынтыгына оң баасын берүү менен Кыргызстан демократиянын принциптерине дал келген шайлоону өткөргөндүгүн белгиледи.
Жарандык милдетин так аткарып, Президенттик шайлоого даярдык көрүп жана шайлоону өткөрүүгө кошкон салымыңыздар, добуш берүүгө активдүү катышып бергениңиздер үчүн шайлоочуларга жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө дагы бир жолу терең ыраазычылык билдиребиз.
Жаңы жылыбыз жалпы журтубуз жана өлкөбүз үчүн жаңы бийиктиктерди багынтуунун, өнүгүүнүн жана туруктуулуктун жылы болсун!
Жаңы 2018-жылда Сиздерге бекем ден-соолук, жаңы ийгиликтерди, бакыт, бакубат турмуш, жана ишиниздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын 7 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү
КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын 7 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү.
Алардын ичинен:
-3 телекөрсөтүү (“НТС”, “3 Канал” жана “Next TV”);;
- 2 радио (“Татина” жана “Next FM”);
- 2 гезит-журнал (Общественная независимая газета “Весть” жана “Таш-Комур жарчысы”).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
2017-жылдын 27-декабрында КР БШК өз отурумунда Кадамжай, Лейлек, Түп, Жети-Өгуз, Ак-Суу, Иссык-Көл, Сузак, Аламүдүн, Жайыл жана Өзгөн кээ бир жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тактап айтканда:
-Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешиндеги каза болгодугуна байланыштуу Ж. Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – Б. С. Садыковдун атындагы №19 орто мектебинин мугалими М. Кенжебаевге өткөрүп берилди;
-Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешиндеги Б.Шакиров депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер- №6 ҮДТ врач-стоматологу А. Абдуллаевге өткөрүп берилди;
-Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Р. Мадамидов ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер - “Борубай” дыйкан чарбанын мүчөсү А. Борубаевге өткөрүп берилди;
-Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ж. Дыканов ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – пенсионер С. Козубаевага өткөрүп берилди;
-Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинде К. Айдаров депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер – “Өрнөк” орто мектебинин мугалими С. Алимовага өткөрүп берилди;
-Баткен облусунун Лейлек районунун Жаны-Жер айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А. Тургунова ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – жеке ишкер С. Эргешевге өткөрүп берилди;
-Исык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңешиндеги Ш. Акматов депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер- дыйкан чарбанын мүчөсү К. Тыйтаковго өткөрүп берилди;
- Исык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Алдашев айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Д. Абдрахманов ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – жеке ишкер М. Шыгаевге өткөрүп берилди;
- Исык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешиндеги каза болгодугуна байланыштуу Б. Алиевдин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – АЧХ боюнча мектептин директорунун орун басары Ч. Тентиевге өткөрүп берилди;
- Исык-Көл облусунун Исык-Көл районунун Темировка айылдык кеңешиндеги жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбегендигине байланыштуу З. Казакбаевдин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – убактылуу иштебеген А. Садыкабасовага өткөрүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айылдык кеңешиндеги каза болгодугуна байланыштуу И. Араповдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – “Тулеке” ЖЧК, директору А. Шарипбековго өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу К. Джаамбаеванын ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – Чүй орто мектеби, мугалими О. Гарбузарьга өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңешиндеги жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбегендигине байланыштуу Э. Огонбаевдин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – “Буденовка” орто мектебинин мугалими М. Сариевге өткөрүп берилди;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңешиндеги жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбегендигине байланыштуу З. Алишеровдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – ҮДТ, чарба башчысы Д. Подпальныйга өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айылдык кеңешиндеги Р. Алгожоевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер - “Атом” күзөт агенттиги, кызматчысы Н. Дооронбаевге өткөрүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ж. Абдисаламовдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – Жеке чарбанын ээси Т. Сополовго өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешиндеги И. Ходжиматова депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер – жеке ишкер А. Кахаровго өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешиндеги Х. Жоробаев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер – жеке ишкер Х. Ахмедовго өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди
2017-жылдын 27-декабрында КР БШКнын жыйынында Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтом А. Шерматовдун комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздын негизинде кабыл алынды.
Тактап айтканда,
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан А. Шерматов («Ак-Шумкар» саясий партиясынан) чыгарылды, ордуна резервдеги Ф. Ганиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Төраганын орун басары шайланды
Бүгүн, 2017-жылдын 20-декабрындагы КР БШКнын отурумунда “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8, 18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентинин 13, 32-беренелерине ылайык КР БШКнын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин ылайык, Бош калган төраганын орун басары, тандап алуунун тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. Ачык же жашыруун добуш берүү жөнүндө маселени БШКнын мүчөлөрү чечишет.
Ачык добуш берүнүүн жыйынтыгында КР БШК төрагасынын орун басары болуп Эшимов Акылбек Жусупович шайланды.
БШКнын 9 мүчөсү - "макул", 1-БШКнын мүчөсү “каршы” деген добуш берди. Ал эми 2 мүчөсү: Арипов Н. Т. жана Абдрахматова А.Б. катышкан жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитти
2017-жылдын 20-декабрындагы БШКнын жыйынында 2018-жылдын 28-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө участкалык шайлоо комиссияларга эске алуу үчүн жеткирүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди
2017-жылдын 20-декабрында КР БШКнын жыйынында Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом Ж. Мамбеталиевдин комиссиянын курамынан, С. Бакировдун комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде кабыл алынды.
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Ж. Мамбеталиев жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан), жана С.Бакиров комиссиянын резервинен чыгарылды. Алардын ордуна резервдеги Э.Султанов («Ак-Шумкар» саясий партиясынан) киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтуу кенештин депутаттарын шайлоого жумушчу топтор түзүлдү
2017-жылдын 20-декабрда Кыргыз Республикасынын жергиликтуу кенештин депататтарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында КР БШКда беш жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топтун ишмердиги шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу, талапкерлерге бирдей деңгээлде, акыйкат шарттарды түзүүнү камсыз кылуу, үгүт иштерин жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укугун сактоо, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөөгө багытталган.
БШКнын чечими менен төмөндөгүдөй Жумушчу топтор түзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринини депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу;
- Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ.
Топтун катарына КР БШКнын мүчөлөрү, КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери, эксперттер, мамлекеттик органдарынын, массалык маалымат каражат өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 28-январына дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
Бүгүн, 2017-жылдын 20-декабрындагы КР БШКнын жыйынында 2018-жылдын 28-январына дайындалган Жалал_Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кенешинин, Таш-Көмүр шаардык кенешинин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кенешинин, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова айылдык кенешинин, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кенешинин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кенешинин, Кемин районунун Кара-Булак айылдык кенешинин, Көк-Ойрок айылдык кенешинин, Москва районунун Александров айылдык кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди.
Жалпысынан 26 шайлоо округу жана 52 шайлоо участкасы бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Иссык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
2017-жылдын 20-декабрындагы КР БШКнын жыйынында Иссык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Осмонбаев өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Ушуга байланыштуу 2018-жылдын 5-январында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды