Башкы Жаңылыктар 30-ноябрдан 2-декабрга чейин “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо: …

30-ноябрдан 2-декабрга чейин “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо: алынган сабактар жана келечекте эске алуулар” аттуу жыйынтык конференция өттү

02-Дек, 2017

30-ноябрдан 2-декабрга чейин “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо: алынган  сабактар жана келечекте  эске алуулар” аттуу жыйынтык конференция өттү. Конференция Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүу боюнча борбордук комиссиясы  Эл аралык шайлоо фондусунун (IFES) колдоосу менен өткөрдү. Конференциянын ишине КР БШК төрагасы, КР БШК мүчөлөрү,54 аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери, КР БШКнын АШКлардагы  атайын өкүлдөрү, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, IFES өкүлдөрү жана эксперттер катышты. 

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова өзүнүн сөзүндө ар бир АШК менен УШК мүчөлөрүнө шайлоону ачык жана акыйкат, демократиялык негизде  өткөрүүдө жарандык миссиясын жогорку жооптуулук менен сезип, татыктуу, ак ниет иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирди. КР БШК чечими менен ак ниет жана татыктуу иши үчүн 30 адам КР БШКнын  Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты менен сыйланды,5 адам КР Президентинин энчилүү сааттарын алышты.

 "Эми биздин алдыбызда өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү  жакшыртуу жана оптималдаштыруу сыяктуу маанилүү максат турат, ар бирибиздин ишке жооптуулук менен мамилебиз бардык системадагы эмгегибиздин ийгилигин камсыз кылат. Алдыда шайлоо системасын реформалоо боюнча көп ишибиз бар, бизге адам факторуна байланышкан маселелерди  жана жаңы технологияларды өнүктүрүүнү бирдей алдыга жылдыруу максатыбыз бар”-деп белгиледи КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова.

Ошондой эле конференциянын катышуучулары Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүндөгү аспектилерди жана бир катар багыттарга анализ жүргүзүүнү карап чыгышты.

Конференция ачык айкын, динамикалуу форматта өттү. Өтө кызыгууну туудурган суроолор да болду. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу жана даярдоо процесси, шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүндөгү техникалык  аспектилер, АСУ колдонуунун жыйынтыгы, шайлоо участокторун уюштурууну жакшыртууу, добуш берүүнү уюштуруу процесси, (добуш берүү күнү) жана шайлоо комиссияларынын  иштерин уюштуруу боюнча суроолор көбүрөөк талкууланды.

Конференциянын катышуучулары шайлоо участкаларынын ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча долбоордук сунуштарын айтышты. Тактап айтканда,аймактардан келген  участкалык шайлоо комиссиялдарынын мүчөлөрү шайлоо мыйзамдары боюнча укук-ченемдик актылар боюнча электрондук китепкана түзүү маселесин, добуш берүүчү имартаттардын техникалык жабдууларын жакшыртуу, АШК жана УШК мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу маселесин  сунуш кылышты.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>