Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова Жаштардын республикалык конгрессинде …

КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова Жаштардын республикалык конгрессинде “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада презентация менен чыгып сүйлөдү

12-Ноя, 2018

КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова 2018-жылдын 12-ноябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жаштардын республикалык конгрессинде “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада презентация менен чыгып сүйлөдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын бул иш-чарага катышуусунун башкы максаты жаш шайлоочуларга шайлоолордо алардын добушунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү болду.

Конгресс Жаштар күнүнө арналып, ага өлкөнүн бардык региондорунан жигердүү жана демилгелүү топтордон 140тан ашык өкүл катышууда.

КР БШКнын башчысы жаш шайлоочуларды шайлоо процессинин этаптары, шайлоонун жыйынтыгынын аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүүнүн технологияларын жана добуштарды автоматтык эсептөөнү пайдалануу менен жүзөгө ашырылчу шайлоонун жаңы моделинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. “Шайлоо процессин башкаруу деңгээлиндеги коррупциянын негиздери четтетилди. Шайлоонун колдонулуп жаткан модели мурдагы режимдердин учурунда орун алган “бюллетендерди таңгактап салуу” жана “карусель” сыяктуу бурмалоолорду жоюу милдеттерин чечет”.

Маалыматтык шайлоо тутуму (МШТ) тууралуу кеңири баяндалып, ал Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго жана референдумдарга даярдануу жана аларды өткөрүү, ошондой эле аларда добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды чагылдырууга багытталганы айтылды.

Шайлоо бюллетендерин кабыл алып, саноочу, модеми шайлоо күнү добуш берүү аяктаган соң саат 20:00дөн кийин маалыматтарды БШКнын серверине берүүчү добуштарды автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) тууралуу маалымат берилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде АЭУнун маалыматтары топтолот жана сакталат, андан кийин маалыматтар http://ess.shailoo.gov.kg расмий порталына коюлат.

Улуттук кеңештин чечимине жана мыйзамдарга ылайык Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана актуалдаштыруу үчүн маалыматтардын негизги булагы катары Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистри (КБМР) түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмеси 18 жашка толгон жана ал жаштан өткөн шайлоочулардын маалыматтары автоматтык түрдө КБМРден алып жүктөлүп түзүлөт. Бул үчүн БШК менен Мамрегистр кызматынын биргелешкен ресурсу - TIZME.SRS.KG шайлоочулардын порталы ачылган.

Ошондой эле презентацияга Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ өлкөнүн бардык региондорунда кеңири коомдук талкуулардын негизинде иштелип чыккан 2018-2020-жылдарга КР шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы тууралуу маалымат берилди.

Стратегияга төмөнкүлөр киргизилген:

• жаштарды шайлоодо кошумча укуктук, билим институттук демилегелер аркылуу шайлоочулар жана талапкерлер катары шайлоого жигердүү катышуусун колдоо;

• жаштардын укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу (Жарандык бимлим берүү борбору, ЖОЖдордогу жана мектептердеги лекциялар жана семинарлар, жаш шайлоочунун клубу, мобилдик тиркемелер, электрондук окутуу, дебаттар);

• саясий партиялардын ишинин айкындуулугун жогорулатуу (парламенттик типтеги саясий партиялардын түзүлүшү үчүн укуктук ченемдер).

Бул маселелер 2020-30-жылдардагы мезгилге жаштар саясатынын концепциясынын долбооруна киргизүү үчүн сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө делегаттар Кыргызстандын шайлоо тутумунун кеңири чөйрөдөгү маселелерин камтышты. Маселен,

- чет өлкөдө добуш берүү процесси, бул белгилүү бир убакытты талап кылат, эмгек мигранты жумуш графиги жыш болгондуктан, андай убакытты бөлө албайт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелериндеги шайлоо участокторунда добуш бере алышат, бирок шайлоочулардын тизмелерине киргизүү үчүн жарандар биометрикалык каттоодон өтүү жана консулдук эсепке туруу зарыл;

- ЖОЖдордун окутуучулары, жетекчилери тарабынан талапкердин, партиянын пайдасына администрациялык ресурсту колдонуулары тууралуу, студенттер окутуучулардын катышуусуз добуш бере ала турган кошумча шайлоо участокторун түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу. Бул суроолорго байланыштуу Н. Шайлдабекова ар бир жаран добуш берүү укугуна ээ жана тигил же бул талапкерге добуш берүүгө мажбурлаганга эч кимдин укугу жок экенин белгиледи. “Эгер сен добуш бербесең, сен өзүңүн келечегиңи башка бирөөлөргө ишенген болосуң!”

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>