Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 30-октябрында ”Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жана ДМЧАлардын …

2018-жылдын 30-октябрында ”Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жана ДМЧАлардын жана жарандардын кээ бир категорияларынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жакшыртуу” деген темада коомдук диалог болуп өттү

30-Окт, 2018

Жарандардын кээ бир категорияларынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча шарттарды түзүүдө шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча чаралардын зарыл комплексин ишке ашыруу макатында КР БШК ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу астында "Эгль” КФ менен биргелешип ”Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жана ДМЧАлардын жана жарандардын кээ бир категорияларынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жакшыртуу” деген темада коомдук диалог өткөрдү. Бул иш-чара Адам укуктарынын Бүткүл дүйнөлүк Декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына арналды.

Диалог максаты шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана жарандардын кээ бир категорияларынын (камакта кармоо жайларында кармалып турган, стационардык мекемелерде турган адамдардын, аскер кызматчыларынын) шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү жакшыртуу боюнча сунуштар менен таанышуу жана аларды талкуулоо болуп эсептелет.

Иш-чарага КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова, КР БШКнын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Өзүнүн кириш сөзүндө КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова инклюзивдүүлүк жаатында шайлоо процессин жакшыртууга көмөктөшкөнү үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди. “Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну өркүндөтүү боюнча чаралардын белгилүү бир планы иштелип чыкты, ал тажрыйба жүзүндө ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан шайлоо участоктору жайгашкан имараттарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча компетенциялуу органдарга тапшырма бергени абдан маанилүү. Шайлоо өткөрүлүүчү кыска мөөнөттүн ичинде камсыздалуучу саясий укуктарды жүзөгө ашыруу аркылуу биз адамдын жашоо-тиричилигинин күндөлүк турмушунда кээ бир категориядагы адамдардын тең укуктарын камсыздоо боюнча маселелерди канчалык деңгээлде натыйжалуу чечерибизди көрсөтө алабыз”, деп айтты төрага.

Көрсөтүлгөн стационардык мекемелер карамагында болгон мамлекеттик органдар тарабынан камсыздалуучу кээ бир жарандарды эсепке алууну жакшыртуу дагы КР Өкмөтүнүн шайлоо комиссияларына бул багыттагы көмөгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеши тарабынан кабыл алынган 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы менен №1 максат – жарандардын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, этностук азчылыктардын, ДМЧАлардын, Кыргыз Республикасынын убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн же жашаган жарандарынын жана жарандардын кээ бир категорияларынын жигердүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү жакшыртуу аркылуу шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу аныкталган.

КР БШКнын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси КР БШКнын мүчөсү Б. Кадыров өз презентациясында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоонун учурдагыабалы тууралуу айтып берди.

Оң тажрыйбалардын бири бардык шайлоо участокторуна кире бериште шайлоо участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) нөөмөттөгү мүчөлөрүн жардамга “чакырчу нукуманы” даярдоо болуп эсептелет. Шайлоочулардын ыңгайлуулугу үчүн “чакырчу нукуманы” баскан учурда УШКнын нөөмөттөгү мүчөлөрү добуш берүү үчүн жайга кирүүгө жардам беришет.

Шайлоо комиссияларына нускамалык колдоо көрсөтүү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар менен иштөө боюнча колдонмо жөнөтүлүүдө, анда терминдер келтирилет, ошондой эле добуш берүү жол-жоболорун жеткиликтүү кылууга байланыштуу практикалык кеңештер сунушталат.

Мындан сырткары, Б. Кадыров социалдык программаларды майыптуулугу бар жарандардын укуктарын камсыздоого байланыштуу бардык процесстерге интеграциялоо зарылдыгы тууралуу билдирди.

"Эгль” КФнын өкүлү М. Медетов “Кыргыз Республикасынын жарандарынын кээ бир категорияларынын жигердүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү жакшыртуу аркылуу шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу” деген темада баяндама менен чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал жарандардын кээ бир категорияларынын шайлоо процессине саясий катышуусун кеңейтүү боюнча алдыдагы мыйзамдык өзгөртүүлөр жана белгиленген пландар тууралуу айтып берди.

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү жашоо-тиричилик чөйрөсүн ДМЧАлардын муктаждыктарын эске алуу менен долбоорлоо боюнча курулуш ченемдери жана эрежелери тууралуу баяндады. Ал эрежелер жаңы курулуп жаткан объектилерге дагы, жеткиликтүүлүк шарттары каралбаган колодонуудагы объектилерге дагы тиешелүү. Андан тышкары, көрсөтүлгөн ченемдер менен эрежелерде мобилдүүлүгү аз топтордун жашоо-тиричилигинин бардык компоненттери эсепке алынган.

Ошондой эле жабык мекемелерде (шектүүлөр, айыпталуучулар), саламаттык сактоо мекемелеринде жүргөн жарандардын, аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча маселелер каралды.

Диалогдун катышуучулары талкуунун жүрүшүндө баяндамалардын темалары боюнча көп маселелерди камтып, бул багыттарда ишти жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришти.

КР БШКнын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдогу жана эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен жарандарда майыптуулукту түшүнүү аң-сезимин калыптандыруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар үчүн чөйрөлөрдү долбоорлоого көңүл бурдуруу боюнча биргелешкен ишти улантууга ниети бар.

Бардык категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо шайлоо тутумун өнүктүрүү стратегиясынын алдыдагы жылдардагы негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Маалымат үчүн: Жалпы республиканын аймагында жалпы улуттук добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 300дөн ашуун шайлоо участкалары түзүлгөн, алардын 1 633 окуу жайларынын имараттарында; 334 маданият мекемелеринде; 206сы административдик имараттарда жана муниципалдык аймактык башкармаларда; 32си саламаттык сактоо мекемелеринде жана 93 жеке менчик сектордо жайгашкан. Өкмөт менен биргеликте пандустарды орнотуу маселелери чечилип жатат, аларды ушул шайлоолор аралык мезгилде толук бүткөрүү пландаштырылып жатат. Кээ бир шаарларда жана айылдарда өтүп жаткан жергиликтүү шайлоолордун алкагында кыска мезгилдин ичинде бардык участкаларда пандустар орнотулду. БШК шайлоо участкаларынын, административдик имараттардын, маданий мекемелердин, окуу-илимий мекемелердин жана мектепке чейинки окуу борборлорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүүгө ниеттенет.

КР БШК шайлоо учурунда ошондой эле көрүүсү начар жарандарга А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупаларды же көзү азиз жарандарга Брайл шрифти менен бюллетень-трафареттерди, арабачалар менен жүргөн жарандарга атайын кабиналарды ж.б. жардам берүүчү атайын каражаттарды колдонуп келет. БШКнын шайлоолор боюнча маалымат роликтеринин көбү сурдо котормолор менен чыгарылат. Ошондой эле өнөктөштөрдүн жардамы менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн майыптык көйгөйлөрүн түшүнүүсү жана алар менен иштөөсү үчүн усулдук колдонмолор чыгарылды.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>