Нарын шаарынын мэрин шайлоо дайындалды
13 сентября 2019
КР БШКнын 2019-жылдын 13-сентябрдагы токтому менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 1-октябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-сентябрдагы № 519 буйругу менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
