Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек жана Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

13 сентября 2019

КР БШКнын 2019-жылдын 13-сентябрдагы токтому менен Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 1-октябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.

Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №210-р буйругу менен Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Раев Марлис Турусбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 2-сентябрындагы №248-р буйругу менен Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Чакибаев Эмиль Акжолтоевич берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү