“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында 2019-жылы 30-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы Жарлыгы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү