Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу
30.08.2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандыктар! Кадырлуу мекендештер! Кыргыз мамлекети эгемендүүлүгүн 28-жылын белгилөөдө. 28 жыл ичинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө болгон кадамы бир катар оор, татаал тоскоолдуктарга туш болду. Элибиздин биримдигинин, эрктүүлүгүнүн, кеменгерлигинин натыйжасында ал күндөрдү артка таштап, жаңылануунун, умтулуунун үлгүсүн көрсөтө алдык. Коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, эки ыңкылаптын өзөгүн түзгөн шайлоо системасында жасалган олуттуу реформалар, орун алган өзгөрүүлөр буга бирден бир мисал. Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Биздин мекенибиз дал ушул жерде, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун койнунда. Биздин ыйык милдетибиз –Кыргызстаныбызды коргоо жана аны мындан ары да өркүндөтүү! Ошондуктан баарыбыз өлкөбүздү келечекте жогору өнүккөн жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу үчүн  эмгектенүүгө тийишпиз. Кадырлуу мекендештер! Сиздерге бекем ден-соолук, узак жана маңыздуу өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөңүздөргө тынччылык, бейпил жашоо, иштериңизге  ийгиликтерди каалайбыз! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Сарыев Исламбек Абдыевич Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
30.08.2019

Сарыев Исламбек Абдыевич Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 30-августта Сарыев Исламбек Абдыевичти Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы деп таанышты. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 23-августта болуп өттү. Ак-Дөбө айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, экинчи турда добуш берүүгө алардын 16сы катышты. 13 депутат “макул” деп, 2 депутат баарына каршы добуш берди. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок. Сарыев Исламбек Абдыевич 1983-жылы 9-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча (2007-ж.) бүтүргөн (№881 диплом 2007-ж. 27-июнда берилген). Эмгек жолу: 2009-2012-жж. – Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыттар башкармалыгынын комитети, төрага; 2010-2011-жж. – Талас облусунун “Талас-Ала-Тоо”  буурчак өндүрүү жана экспорттоо ассоциациясы, президент; 2008-2012-жж. – Ак-Дөбө айылдык кеңеши, депутат; 2007-2012-жж. – Бишкек ш. ЕККУ, ЕККУнун Талас облусу боюнча программалык координаторунун ассистенти; 2012-2013-жж. – Бишкек ш. ЕККУ, ЕККУнун Ысык-Көл облусу боюнча программалык координаторунун ассистенти; 2013-2016-жж. – Бишкек ш. ЕККУ, ЕККУнун Чүй облусу боюнча программалык координаторунун ассистенти; 2018-ж. – “Полюс Голд Кей Джи” ЖЧК, юрист-кеңешчи; 2007-2019-жж. – – “Абды” дыйкан чарбасы, жетекчи. Үй-бүлөлүк абалы: бойдок. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 15-августта берген маалымкатка ылайык  И.А. Сарыевдин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Казымов Мухамбет Жаныбекович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
30.08.2019

Казымов Мухамбет Жаныбекович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 30-августта Казымов Мухамбет Жаныбековичти Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысы деп таанышты. Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 23-августта болуп өттү. Оро айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. 6 депутат “макул” деп добуш берди, баарына каршы добуш берилген жок. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок. Казымов Мухамбет Жаныбекович 1991-жылы 24-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча (2014-ж.) бүтүргөн (№ 2423 диплом 2014-ж. 2-сентябрда берилген). Эмгек жолу: 2012-2014-жж. – Бишкек ш. Свердлов районунун № 20 МТО, адис; 2014-2015-жж. – Бишкек ш. Свердлов районунун № 20 МТО, жетектөөчү адис; 2016-ж. январдан тартып – Оро айыл өкмөтү, башкы адис. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгы 2019-жылы 8-августта берген маалымкатка ылайык  М.Ж. Казымовдун  Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына Оро айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
30.08.2019

Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 30-августундагы токтому менен Чүй облусунун Кемин районунун Ильич жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 17-сентябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды. Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 19-августундагы №225-т буйругу менен Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеталиев Темирлан Саткынбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 28-августундагы №192-б буйругу менен Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Садыков Болот Жоробекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
30.08.2019

Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

2019-жылы 29-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Саруу айылдык кеңешиндеги 21 мандатка 80 адам, анын ичинде өзүн өзү көрсөтүү жолу менен – 68, саясий партиялардан – 12  адам өз талапкерлигин көрсөттү, алардын арасында 16 аял бар. Шайлоо округдары боюнча: - Саруу шайлоо округунда 7 мандатка – 32; - Санаторий шайлоо округунда 7 мандатка – 30; - Чабалдаев шайлоо округунда 7 мандатка – 18 адам. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айылдык кеңештерге (мөөнөтүнөн мурда шайлоодо) депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн мурда аяктайт (2019-жылдын 29-августу саат 24.00гө чейин). Документтерди кабыл алгандан тартып, 8 календардык күн ичинде аймактык шайлоо комиссиясы документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктуулугун текшерүүнү жүзөгө ашырат. Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн мурда аяктайт (2019-жылдын 7-сентябрына чейин). КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жакшырат
30.08.2019

Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жакшырат

Бул тууралуу КР БШК башчысы Н.К. Шайлдабекованын РФнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Н. Н. Удовиченко менен жолугуушусунда айтылды. БШК башчысы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамы күчүнө киргенин, ал чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртууга дагы багытталганын маалымдады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграциялык кызматынын маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө миграциялык эсепте турган КР жарандарынын саны 740,5 миңден ашат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарга өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашыруусуна көмөктөшүү максатында кошумча мыйзам чыгаруу чаралары көрүлдү. Жаңы ченемдер шайлоочулар тарабынан шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды өзгөртүүдөгү арыздарды берүү жана белгиленген тартипте авторлошуудан өтүп, шайлоочулардын мамлекеттик порталындагы “шайлоочунун бөлмөсү” сервиси аркылуу ал арыздарды берүү менен шайлоо дарегин өзгөртүүдөгү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондой эле өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо мөөнөттөрү узартылды. Андан тышкары, эми КР ТИМдин сунушу боюнча, жарандар жүргөн өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча шайлоо участоктору дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн жана консулдук мекемелерден башка мамлекеттик органдардын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө дагы түзүлмөкчү. Өз кезегинде Н. Н. Удовиченко кыргыз тарапка КР ТИМдин сунушу боюнча участокторду ачуу жөнүндө маселелерди кароого, ошондой эле талапкерлердин жарандыгын аныктоого көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо өнөктүгүн каржылоодогу айкындуулукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Литванын тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулушу мүмкүн
30.08.2019

Шайлоо өнөктүгүн каржылоодогу айкындуулукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Литванын тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулушу мүмкүн

Шайлоо өнөктүгүн каржылоодогу айкындуулукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Литванын тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулушу мүмкүн. Курамына КР ЖК Төрагасынын орун басары М.И. Бакиров, КР ЖК депутаты А.Т. Алтыбаева, КР БШК Төрагасы Н.К. Шайлдабекова жана КР БШК мүчөсү А.Т. Асаналиев кирген Кыргыз Республикасынан делегация Литва Республикасында болду. Сапардын алкагында катышуучулар шайлоо өнөктүгүн укуктук жактан жөнгө салуу, уюштуруу, каржылоо жана өткөрүү боюнча Литванын тажрыйбасын үйрөнүштү. Таанышуу сапарында Литва Республикасынын саясий партияларынын ишин мамлекеттик каржылоо моделин жана саясий партияларды каржылоону контролдоо ыкмаларын талкуулоого айрыкча басым жасалды. Литва Республикасынын БШК Литванын мыйзамдарынын алкагында бардык шайлоо процесстерин өткөрүүнү жана саясий өнөктүктөрдү каржылоону контролдоо үчүн зарыл маалыматтарды киргизүүгө, көрүүгө жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү маалыматтык тутум менен тааныштырды. Бул тутум талапкерлердин тизмелерин окуп-үйрөнүүгө, каржылык отчёттуулуктун ар түрдүү тариздерин түзүүгө жана жалпысынан ачык-айкын, демократиялуу шайлоо өткөрүүнүн бардык талаптарын аткарууга мүмкүнчүлүк берет. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 30-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
28.08.2019

2019-жылдын 30-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 30 август 2019-ж. Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2019-жылдын 23-августундагы өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. 2019-жылдын 23-августундагы өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекиүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер Төрага
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 28-августта Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
28.08.2019

2019-жылы 28-августта Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 28-августта Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 18 добуш алган Нурбаев Кубатали Мураталиевич Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бел айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 20 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Аялдардын шайлоого жигердүү катышуусу – ЖӨБдүн ишинин туруктуулугунун жана натыйжалуулугунун фактору
26.08.2019

Аялдардын шайлоого жигердүү катышуусу – ЖӨБдүн ишинин туруктуулугунун жана натыйжалуулугунун фактору

2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Саруу айылдык кеңешине бардыгы 21 депутат шайланат. Шайлоо ар бири 7 мандат боюнча үч округда өтөт. 2019-жылы 28-августта күчүнө кирген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык айылдык кеңештерге шайлоодо аялдар үчүн мандаттардын 30 пайыз квотасы каралган. Бул Саруу айылдык кеңешинин үч округунун ар биринде 30 пайыздан аз эмеси б.а. 3 мандаттан аз эмеси аял талапкерлерге резервге калтырылат дегенди билдирет. Айылдык кеңештерде аялдардын кыйла кеңири өкүлдүгү балдардын, аялдардын жана калктын аялуу топторунун кызыкчылыктарына тийиштүү социалдык жактан маанилүү маселелерди, анын ичинде саламаттык сактоонун жана билим берүүнүн маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет деп болжолдонууда. Аялдардын жергиликтүү кеңеште өкүлдүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин документтерин кабыл алууну улантууда жана аялдарды айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер катары жигердүү катышууга чакырууда. Учурда талапкерлерди көрсөтүү мезгили улантылууда. Каттоо үчүн зарыл документтерди Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына 2019-жылдын 29-августу саат 24.00гө чейин берүү абзел. Маалымат катары: Акыркы 15 жылда айылдык кеңештердин депутаттарынын арасында аялдардын саны туруктуу азайып баратканы байкалганын белгилей кетүү керек. Маселен, 2004-жылы өлкө боюнча алар 19% шайланса, 2008-жылы – 17%,  2012-жылы –  13%, в 2016-жылы – 10% шайланган. Ошондой эле азыркы кезде 86 айылдык кеңеште б.а. ар бир бешинчи айылдык кеңеште бир дагы аял шайланган эмес. Ушул өкүм сүрүп келаткан тенденцияда айылдык кеңештерде депутат аялдардын болбой калуу ыктымалдыгы кыйла жогору. Ушуга байланыштуу шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынды. 2019-жылы 8-августта Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду. Анда аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмес квота жана резервге калтырылган мандаттарды бөлүштүрүү тартиби каралган (59-1, 62- беренелер). Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо резервге калтырылган мандаттар ириде талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат. Эгерде шайлоо округунда талапкер аялдардын саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 23-августта Пригородный  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
23.08.2019

2019-жылы 23-августта Пригородный  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 23-августта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный   айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 13 добуш алган Шеримбеков Бакыт Кеменканович Пригородный   айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Пригородный айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 4 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 23-августта Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
23.08.2019

2019-жылы 23-августта Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 23-августта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 13 добуш алган Сарыев Исламбек Абдыевич Ак-Дөбө  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ак-Дөбө  айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, экинчи турда добуш берүүгө алардын 16сы катышты, 5 депутат катышкан жок, экөө баарына каршы добуш берди. Шайлоо 2 тур менен өттү. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 23-августта Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
23.08.2019

2019-жылы 23-августта Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 23-августта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 6 добуш алган Казымов Мухамбет Жаныбекович Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Оро айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу
22.08.2019

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарынын сакталышына байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыктары боюнча сунуштамаларын кабыл алды. Маселен, КР БШКнын аппаратынын кызматчыларын 2019-жылдын аягына чейин окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча план жана Этика боюнча комиссиянын жаңы курамы бекитилди. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын ишин баалоо боюнча КР МКК берген маалымкатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө” Жобонун пункттары төмөнкү талаптарга ылайык келет деп көрсөтүлгөн: - кызматчылардын ишин баалоо боюнча комиссиянын түзүмү жана курамы жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 59- пунктуна ылайык келет; - баалоо боюнча комиссиянын жана апелляциялык комиссиянын түзүмү жана курамы жогоруда көрсөтүлгөн Жобого ылайык келет; - БШКнын аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендер ырааттуулукту сактоо менен ээлеген кызматына ылайык кызмат орундарынын тобунун чектеринде ыйгарылган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
22.08.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылы 22-августта КР БШК Токтогул, Тоң, Өзгөн, Ноокен жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Акматбек уулу Тимурлан (Ноокен районунун Масы айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эргешов Йигиталиге өткөрүп берилди. Мамбетов Бактияр (Токтогул районунун Жаңы-Жол айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акылбек уулу Залкарбекке өткөрүп берилди. Ош облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Максутов Бактыбек (Алай районунун Ленин айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мендибай уулу Жоодарбекке өткөрүп берилди. Мадаев Гулжигит (Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Дүйшөбаев Уларбекке өткөрүп берилди. Мамасеит уулу Нурмухамбет (Өзгөн районунун Кара-Таш айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Маматов Каныбекке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Калыков Турусбек (Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акчубаков Элдиярга өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
22.08.2019

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 22-августундагы токтому менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 10-сентябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 15-августундагы №73 буйругу менен Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеткеримов Акылбек Токтошевич берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 344 346 … 483