Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК айрым шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти
2020-жылдын 20-январында КР БШК Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен берилген сунуштардын негизинде Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти.
Жалпысынан 216 шайлоо участогу бекитилди. Шайлоочулардын саны мыйзамда белгиленген өлчөмдөн ашык болгондугуна байланыштуу Ош шаарында 3, Каракол шаарында 1, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагында 1 шайлоо участогу жаңы ачылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 20-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби
Өткөрүү датасы: 2020-жылдын 20 январы
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобонун долбоору тууралуу
(баяндамачы – А. Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).
2. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
3. 2020-жылы 8-январда болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
4. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
6. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 20-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Долбоор
Өткөрүү датасы: 2020-жылдын 20 январы
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобонун долбоору тууралуу
(баяндамачы – А. Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).
2. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
3. 2020-жылы 8-январда болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
4. 2019-жылы 31-декабрда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
5. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).
7. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
Жаңы түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары шайланды
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 53 аймактык шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналыштары өтүп, комиссиялардын төрагалары жана катчылары шайланды.
Шайлоо комиссияларынын төрагалыгына жана катчылыгына биринчи жолу 43 адам (40,6%), төрагалардын жана катчылардын мурдагы курамынан 63 адам (59,4%) шайланды. Алардын ичинен биринчи жолу төрага болгону – 17, мурдагы төрагалары – 36, биринчи жолу катчы болгону – 26, мурдагы катчылар – 27.
АШК төрагалары жана катчылары жөнүндө маалымат
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
17-январда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
6 добуш алган Көбөнова Гулмира Чүкүковна Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ак-Моюн айыл кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жана Бишкек шаарынын мэриясы 2020-жылы шайлоого даярдануунун актуалдуу чаралары жана маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
10-январда КР БШК Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте 2020-жылы Жогорку Кенешке шайлоого даярдануунун актуалдуу чаралары жана маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге КР БШКнын Төрагасы Н.К.Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматов, КР БШКнын мүчөсү Б.С.Кадыров, КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.И.Мамбетов., Бишкек АШКнын мүчөлөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери, борбордун райондорунун акимдери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, маморгандардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери катышты.
КР БШК кеңешменин катышуучуларына 2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат берди.
Кеңешменин катышуучулары 2020-2023-жылдардын кезектеги шайлоо циклиндеги республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги кезектеги шайлоолордун мыйзамдар менен белгиленген мөөнөттөрү жөнүндө маалымат алышты.
Анда, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана жергиликтүү шайлоолордо добуш берүүнүн бирдиктүү күндөрүн киргизүүгө байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоолор 2021-жылдын апрелинде өткөрүлүшү мүмкүн.
Маалымат үчүн: Бишкек шаардык кеңеш 45 депутаттан турат жана партиялык тизме боюнча пропорциялык тутум боюнча 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Шаардын аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Бишкек шаарында шайлоолорду уюштурууну жана камсыздоону Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жана 200дөн ашык участкалык шайлоо комиссиялары жүзөгө ашырат.
2020-жылы өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолор жана 2021-жылдагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоолор боюнча актуалдуу чаралар сунушталды жана талкууланды.
Биринчи кезекте шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыздоо менен байланышкан маселелер көтөрүлдү.
Бишкек шаарында шайлоочулардын саны өсүүдө жана бүгүнкү күндө 416 208 адамды түзөт. Аны менен катар, биометриялык каттоосу жоктугуна байланыштуу шайлоочулардын тизмесине киргизилбей калган жарандардын саны да аз эмес жана натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруучулук чараларды кабыл алууну, жарандардын биометриялык маалыматтарын чогултуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү талап кылат.
Маалымат үчүн: Улуттук статкомитеттин маалыматына ылайык, шаардын калкы 1 027 200 адам. Бишкек 4 районду: Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов, ошондой эле 22 муниципалдык аймактык байшкармалыктарды камтыйт. Шаардын курамына 45 туракжай массивдери кирет.
Бишкек шаарынын мэри А.Суракматов, шайлоочулардын тизмеси үчүн негиз катары Даректик регистрди тактоо боюнча иштер Өкмөт тарабынан бекитилген тартипке (КРӨнүн 2016-жылдагы №610 токтому) ылайык жүрүп жатканын белгиледи.
Шайлоо участокторунун чек араларын жана жер-жерлердеги шайлоочулардын тизмелерин даректик регистрдин негизинде тактоо өз убагында жүргүзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиялары менен бергеликте шайлоо участокторунун чек араларын башкаруунун автоматташтырылган программасында кыймылсыз мүлк объектилерин эсепке алууну талдоо жүргүзүлөт.
Шаар башчысы мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине жана МАБ башчыларына жарандардын биометриялык маалыматтарын тапшыруусу үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүнү тапшырды.
Мамкаттоонун төрагасы А.И.Мамбетов, Калкты тейлөө борборлорунда биометриялык каттоолорду өткөрүү менен чогуу, мурдагыдай ЖӨБ өтүнмөлөрү боюнча көчмө биометриялык каттоо тажрыйбасы улантыларын билдирди.
БШК ошондой эле, 2020-жылы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бардык шайлоо участокторунун толук жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерин чечүү зарылдыгы жөнүндө белгиледи.
Мэр А.Э.Суракматов, шайлоо участокторун жайгаштыруу пландалып жаткан имараттарды пандустар менен жабдуу үчүн шаардын бюджетинде зарыл каражаттар пландалганын айтып өттү.
Андан тышкары кеңешмеде, мыйзамдарга ылайык алдыдагы шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон уюштуруу жана маалыматтык мүнөздөгү башка чаралар талкууланды.
БШК алдыдагы шайлоо өнөктүгүн даярдоодо Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди жана шайлоого катышуу боюнча жарандардын укуктарын камсыздоодо мындан аркы биргелешкен иштерге, жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди өз убагында чечүүдө ЖӨБ органдары менен жумушчу өз ара аракеттешүүгө үмүттөнөөрүн белгиледи.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайланды
Бүгүн Бишкек АШК жаңы курамы өзүнүн биринчи отурумун өткөрдү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы анын биринчи жыйналышында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан шайланат
Добуш берүүнүн жыйынтыгында, бир добуштан кабыл алынган чечим менен Маматов Кайрат Адамкалиевич Бишкек АШК төрагасы болуп шайланды, ошондой эле Бишкек АШК катчысы кызматына Стамов Айбек Кубатовичтин талапкерлиги бир добуштан жактырылды.
Эске салсак, К.Маматов бул кызматты 2012-жылдан 2019-жылга чейин ээлеген.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү жөнүндө токтом кабыл алды
Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамы жана резерви 2018-жылдын март айында түзүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамы беш жылга түзүлөт.
2019-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – КР БШК) жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү тууралуу кайрылган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерден келип түшкөн документтерди объективдүү жана тыкыр кароо максатында Жумушчу топ түзүү жөнүндө 2018-жылдын 26-январында №13/ОД буйрук чыккан.
2019-жылдын 13-декабрында саат 18:00гө чейин КР БШКга 28 саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо комиссиялардын курамына сунуштоо үчүн 265 адамдын бардык зарыл документтерин көрсөтүштү. Алар:
«Жаш-Билек» саясий партиясы – 1 адам;
«Биримдик» демократиялык партиясы – 6 адам;
«КУТ» саясий партиясы - 2 адам;
«Элдик партия» саясий партиясы – 5 адам;
«Өнүгүү-Кыргызстан» саясий партиясы - 1 адам;
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы - 7 адам;
«Патриот ынтымагы» саясий партиясы - 1 адам;
«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы - 3 адам;
«Таш-Көмүр Жаштары» саясий партиясы - 1 адам;
«Республика – Ата Журт» саясий партиясы – 1 адам;
«КСДП» саясий партиясы - 3 адам;
«Ата Мекен» саясий партиясы - 24 адам;
«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы - 16 адам;
«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы - 13 адам;
«Калыс» саясий партиясы – 6 адам;
«Жаңы-Доор» саясий партиясы - 5 адам;
«ЭлАман» саясий партиясы - 2 адам;
«Акшумкар» саясий партиясы - 9 адам;
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы - 33 адам;
«Кыргызстандын Элдик Кеңеши» саясий партиясы - 7 адам;
«Замандаш» саясий партиясы - 47 адам;
«НУР» саясий партиясы - 13 адам;
«Столица» демократиялык партиясы» саясий партиясы - 1 адам;
«Табылга» саясий партиясы - 1 адам;
«Ынтымак» саясий партиясы - 3 адам;
«Элдик-Народная» саясий партиясы - 1 адам;
«Кыргызстан» саясий партиясы - 51 адам;
«АК» саясий партиясы - 2 адам.
Саясий партиялардын 265 өкүлдөрүнүн соттуулугун (жоктугун) аныктоо максатында, алардын соттуулугу (жоктугу) “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму боюнча текшерилди.
2020-жылдын 9-январында Жумушчу топтун КР БШК мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөн жыйынында, саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан келип түшкөн бардык документтердин шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине шайкештиги каралды.
Ошондой эле Жумушчу топтун жыйынында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн саны мүчөлөрдүн каралган санынан ашып кеткен 10 шайлоо комиссиялары (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Сузак, Балыкчы, Ноокат, Токмок, Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата) аныкталды.
Чүчүкулак 2020-жылдын 10-январында Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын башкаруу органдарынын жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан документтер аларды тиешелүү жергиликтүү кеңештердин сессияларында каралганына жараша кабыл алынды. Бардыгы 1001 адамдын документтери келип түшкөн.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2020-жылдын 10-январындагы токтому менен Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 29-январына саат 9-00дөн 12-00ге чейин дайындалды.
Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-декабрындагы №113 буйругу менен Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбаев Кубатали «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 10-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби
Өткөрүү датасы: 10 -январь 2020-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 10-январында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү
2020-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партиялар көрсөткөн аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санынан каралгандан ашыкча сунушталган саны боюнча чүчүкулак болуп өттү.
Чүчүкулакта Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Токмок, Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата, Сузак, Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесиндеги 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча:
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Биримдик” демократиялык партиясы
“Элдик партия” саясий партиясы
“Замандаш” саясий партиясы
“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
“Калыс” саясий партиясы
“Кыргызстан” саясий партиясы
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:
“НУР” саясий партиясы
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
“КУТ” саясий партиясы
“Акшумкар” саясий партиясы
“Мекен Ынтымагы” саясий партиясы
“Жаңы-Доор” саясий партиясы
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Кыргызстандын Элдик Кеңеши” саясий партиясы
“Ата Мекен” саясий партиясы
“Замандаш” саясий партиясы
“Бир Бол” саясий партиясы
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
“Кыргызстан” саясий партиясы
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партия кирет:
“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Жаш-Билек” саясий партиясы
“Замандаш” саясий партиясы
“Кыргызстан” саясий партиясы
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
“Өнүгүү Кыргызстан” саясий партиясы
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:
“КСДП” саясий партиясы
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Акшумкар” саясий партиясы
“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
“Табылга” саясий партиясы
“Кыргызстан” саясий партиясы
“НУР” саясий партиясы
“Ата Мекен” саясий партиясы
Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:
“Замандаш” саясий партиясы
“Мекен Ынтымагы” саясий партиясы
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Замандаш” саясий партиясы
“НУР” саясий партиясы
“Кыргызстан” саясий партиясы
“ЭлАман” саясий партиясы
“АК” саясий партиясы
“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партия кирет:
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Калыс” саясий партиясы
“НУР” саясий партиясы
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
“Замандаш” саясий партиясы
“Кыргызстандын Элдик Кеңеши” саясий партиясы
“Элдик партия” саясий партиясы
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:
“Кыргызстан” саясий партиясы
«Столица» Демократиялык партиясы» саясий партиясы
“Биримдик” демократиялык партиясы
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“КУТ” саясий партиясы
“Кыргызстан” саясий партиясы
“Замандаш” саясий партиясы
“Акшумкар” саясий партиясы
“Ата Мекен” саясий партиясы
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:
“Жаңы-Доор” саясий партиясы
“Биримдик” демократиялык партиясы
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
“Калыс” саясий партиясы
“НУР” саясий партиясы
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Замандаш” саясий партиясы
“Ата Мекен” саясий партиясы
“Биримдик” демократиялык партиясы
“Калыс” саясий партиясы
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
“Кыргызстан” саясий партиясы
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:
“Элдик партия” саясий партиясы
“Акшумкар” саясий партиясы
“Жаңы-Доор” саясий партиясы
“НУР” саясий партиясы
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Ата Мекен” саясий партиясы
“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
“Замандаш” саясий партиясы
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
“Акшумкар” саясий партиясы
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партия кирет:
“Кыргызстан” саясий партиясы
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү саясий партиялардын өкүлдөрү кирет:
“Кыргызстандын Элдик Кеңеши” саясий партиясы
“Биримдик” демократиялык партиясы
“Ата Мекен” саясий партиясы
“Замандаш” саясий партиясы
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
“Элдик партия” саясий партиясы
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү саясий партиялар кирет:
“КСДП” саясий партиясы
“Бир Бол” саясий партиясы
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы
“Кыргызстан” саясий партиясы
Белгилей кетчү нерсе, жумушчу топ чүчүкулактын протоколунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү боюнча саясий партиялардын кезек тартибин КР БШКнын мүчөлөрүнүн талкуусуна койот.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча протоколдун көчүрмөлөрү саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 10-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Долбоор
Өткөрүү датасы: 10 -январь 2020-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2020-жылы 8-январда Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
11 добуш алган Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кара-Бак айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, алардын 19у катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган.
Кененирээк билүү >>
Пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо!
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди жаркын майрам – Ыйса Пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайбыз!
Ак дилибизден бекем ден соолук, бакубатчылык жана бакыт-таалай каалайбыз!
Бул майрам тынчтык, жакшылык алып келип, өз ара түшүнүүнү, ынтымакты, жакшылыктын, теңдиктин, эркиндиктин жана акыйкаттыктын идеалдарынын жеңишине ишенимди чыңдай берсин!
Кененирээк билүү >>
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 17-январга дайындалды
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калгандыгына байланыштуу 2020-жылы 4-январда КР БШК аталган айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2020-жылдын 17 -январына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындады.
“Бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер катталган. Добуш берүүгө айылдык кеңештин 11 депутатынын бардыгы катышты.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунун бекитилген күн тартиби
Өткөрүү датасы: 4-январь, 2020-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1.Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн
башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн
башчысы)
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү