Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 17-январга дайындалды
04 января 2020
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калгандыгына байланыштуу 2020-жылы 4-январда КР БШК аталган айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2020-жылдын 17 -январына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындады.
“Бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер катталган. Добуш берүүгө айылдык кеңештин 11 депутатынын бардыгы катышты.
