Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

10 января 2020

КР БШКнын 2020-жылдын 10-январындагы токтому менен Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 29-январына саат 9-00дөн 12-00ге чейин дайындалды.

Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-декабрындагы №113 буйругу менен Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбаев Кубатали «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү