Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КАЙРЫЛУУ  Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
31.01.2020

КАЙРЫЛУУ Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

Саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын көп өтүнүчтөрүнө байланыштуу жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан участоктук шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 3-февралынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. Участоктук шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 3-февралынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн өкүлү тарабынан тиешелүү АШКга тапшырылат. Талапкерлерди көрсотүү мөөнотү аяктагандан кийин алардын документтерин кароо 2020-жылдын 4-5-февралында, участоктук шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын бекитүү 2020-жылдын 6-7-февралында жүргүзүлөт. Маалымат алуу телефону: (0312) 66-01-16 КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун  башчыларын шайлоонун графиги
30.01.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

№ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлерди каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 7-февралы  Талас облусу Бакай-Ата району 1 Өзгөрүш айыл өкмөтү 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 30.01.2020-ж. 01.02.2020г. чейин 2020-жылдын 18-февралы  Чүй облусу Сокулук району 1 Жаңы-Пахта айыл өкмөтү 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 10.02.2020-ж. 12.02.2020г. чейин 2 Военно-Антовка айыл өкмөтү 15-00дөн 18-00 чейин Саат 18-00гө чейин 10.02.2020-ж. 12.02.2020г. чейин Чүй району 3 Кегети айыл өкмөтү 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 10.02.2020-ж 12.02.2020г. чейин
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин он үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30.01.2020

КР БШК жергиликтүү кеңештердин он үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2020-жылы 30-январда КР БШК Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Кочкор, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Чүй облусу: Калдарбеков Элдияр Султанович (Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кыдырова Нурдина Курманбековнага өткөрүп берилди. Абаев Айбек Сураналиевич (Сокулук районунун Асылбаш айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сталбек уулу Болотбекке өткөрүп берилди. Дударев Александр Васильевич (Сокулук районунун З.Кайназарова айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мусаев Эркин Каримовичке өткөрүп берилди. Рысбек уулу Алмаз (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №4, Шопоков шаардык кеңеши). Мандат Сокулук АШК чечими менен саясий партиядан №5 талапкер Иманкулов Талгат Маматбековичке өткөрүп берилди. Баткен облусу: Нурматов Чынгыз Айтматович (“КСДП” фракциясы, №2, Кадамжай шаардык кеңеши). Мандат Кадамжай АШК чечими менен саясий партиядан №7 талапкер Туйбаев Сайдулла Камчиевичке өткөрүп берилди. Вайдуллаев Сайидахмад Мамуталиевич (Кадамжай районунун Үч-Коргон айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Умаралиев Илхомжон Кобилжоновичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусу: Атагараев Узакжан Мамадильдеевич (“КСДП” фракциясы, №2, Кара-Көл шаардык кеңеши). Мандат Кара-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №7 талапкер Мадиев Артыкбек Чилпаковичке өткөрүп берилди. Кулжигачева Махабат Женишовна (“Кыргызстан” фракциясы, №3, Кара-Көл шаардык кеңеши). Мандат Кара-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №6 талапкер Шамшиева Космира Кубанычбековнага өткөрүп берилди. Сапаралиев Азамат Сагынбекович (“Таш-Көмүр жаштары” фракциясы, №5, Таш-Көмүр шаардык кеңеши). Мандат Таш-Көмүр АШК чечими менен саясий партиядан №16 талапкер Сооронбаев Кайрат Манасбековичке өткөрүп берилди. Нарын облусу:  Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич (“Республика –Ата-Журт” фракциясы, №4, Нарын шаардык кеңеши). Мандат Нарын АШК чечими менен саясий партиядан №16 талапкер Абиков Нурмат Иманкуловичке өткөрүп берилди. Жумабеков Уланбек Кадыралиевич (Кочкор районунун Сары-Булак айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Козубеков Жолдошбек Советбековичке өткөрүп берилди. Ош облусу:  Ырысбай уулу Таласбек (Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кадыров Канатбек Сапарбаевичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусу: Горборуков Леонид Филлипович (Түп районунун Михайловка айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Сартпаев Урдин Сулкарыновичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды: Талапкер Асыкбаев Шаршен Орозбекович (Түп районунун Михайловка айылдык кеңеши). КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Чүй районунун Кегети, Сокулук районунун Военно-Антоновка жана Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
30.01.2020

Чүй облусунун Чүй районунун Кегети, Сокулук районунун Военно-Антоновка жана Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2020-жылдын 30-январындагы токтому менен Чүй облусунун Чүй районунун Кегети, Сокулук районунун Военно-Антоновка жана Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 18-февралына дайындалды. Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 23-январындагы №3-т буйругу менен Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы Джунушалиев Руслан Алмасбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 13-январындагы №15-Б буйругу менен Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Бокомбаев Нурсуланбек Мамыркожоевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 20-январындагы №18-Б буйругу менен Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы Абдусатторов Неъмоншо Махмадшоевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Көбөнова Гүлмира Чүкүковна Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
30.01.2020

Көбөнова Гүлмира Чүкүковна Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылы 30-январда КР БШКнын мүчөлөрү Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Көбөнова Гүлмира Чүкүковна Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 17-январда болуп өттү. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 30-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун  бекитилген күн тартиби
30.01.2020

2020-жылдын 30-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби

Өткөрүү датасы: 30-январь 2020-ж.   Убактысы: 14:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Баткен обусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык кеңештеринин жана Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин жана Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 3. Нарын облусунун Нарын шаардык кенешинин жана Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 4. Ош облусунунАраван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чон-Алай райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин жана Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 6. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондорунун жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Панфилов, Жайыл и Москва райондорунунайрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана  чек араларын бекитүү жүнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 8. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын  кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 9. Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 10. Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка жана   Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонудайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 11. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Кочкор, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 12. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 13.«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №210-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын ырастамасы жана төш белгиси жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралу»токтомунун долбоору жөнүндө. (Баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 14.«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы №485-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүтууралу»токтомунун долбоору жөнүндө.  (Баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 15. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү Индия Республикасынын Шайлоочуларынын улуттук күнүнө катышты
30.01.2020

КР БШК мүчөлөрү Индия Республикасынын Шайлоочуларынын улуттук күнүнө катышты

2020-жылдын 23-25-январында Нью-Дели шаарында (Индия Республикасы) Индиянын Шайлоочуларынын улуттук күнүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү. Бул күн жаш шайлоочулардын жарандык жигердүүлүгүн арттыруу жана аларды саясый процесске катышууга тартуу үчүн Индиянын өкмөтү тарабынан 2011-жылы уюшулган. Аталган иш-чараларга Индиянын Шайлоо комиссиясынын төрагасы С. Арора мырзанын чакыруусу боюнча КР БШК мүчөлөрү Г.К. Джурабаева менен Б.С. Кадыров катышты. Иш сапардын жүрүшүндө КР БШК мүчөлөрүнүн  жана КРдин Индиядагы АЫУЭ А.К. Исаевдин  Индиянын Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сунил Арора менен эки тараптуу жолугушуусу өтүп, эки өлкөнүн шайлоо комиссияларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Майрамдык иш-чаралардын программасына ылайык “Институциялык дараметти чыңдоо” деген темада эл аралык конференция болуп өттү. Анын алкагында КР БШК мүчөсү Б.С. Кадыров модератор катары катышты, ал эми КР БШК мүчөсү Г.К. Джурабаева ошол тема боюнча баяндама жасады. Демократиялык институттарды жана шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн чыңдоого багытталган билимдер менен алдыңкы тажрыйбаны алмашууга умтулуу иш-чаралардын максаты болду. Аталган иш-чараларга Казакстан Республикасынын, Афганистандын, Маврикийдин, Непалдын, Тунистин, Шри-Ланканын, Мальдивдин, Бутандын, Бангладештин шайлоо органдарынын, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES), Демократия жана шайлоого көмөктөшүү боюнча  эл аралык институттун (IDEA) өкүлдөрү катышты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
29.01.2020

Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-январындагы №2 токтомуна ылайык 2020-жылдын 29-январында өткөрүлдү. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына бир талапкер тийиштүү документтерди тапшырып, катталган. Шайлоонун жыйынтыгында Бел айылдык кеңешинин жалпы 21 депутатынын ичинен 16 депутат шайлоого катышып, анын ичинен 15 добуш "макул", 1 добуш "каршы" болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгында аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына Дорбаев Максат Кудаваевич шайланды. Дорбаев М.К. бул убака чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы кызматында эмгектенген. 1984-жылдын 27-ноябрында туулган, улуту кыргыз. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 30-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
27.01.2020

2020-жылдын 30-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Долбоор Өткөрүү датасы:  30-январь 2020-ж.  Убактысы: 14:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Баткен обусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык кеңештеринин жана Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин жана Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 3. Нарын облусунун Нарын шаардык кенешинин жана Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 4. Ош облусунун Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чон-Алай райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө. (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин жана Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 6. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондорунун жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   7. Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Панфилов, Жайыл и Москва райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана  чек араларын бекитүү жүнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 8. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын  кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 9. Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка жана Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).  10. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Кочкор, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  11.«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы №506-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» токтомунун долбоору жөнүндө. (Баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)  12. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы №216-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда өзүнчө категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» токтомунун долбоору жөнүндө. (Баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)  13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору. (Баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)  14. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №210-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын ырастамасы жана төш белгиси жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралу»  токтомунун долбоору жөнүндө. (Баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)  15. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы №485-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу»  токтомунун долбоору жөнүндө. (Баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)  16. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды
22.01.2020

КР БШК Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды

Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамы жана резерви 2018-жылы мартта түзүлгөн. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамы беш жыл мөөнөткө түзүлөт. 2019-жылы 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – КР БШК) жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кайрылган. 2020-жылы 21-январда Жумушчу топтун жыйналышында саясый партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлердин Каракол аймактык шайлоо комиссиясына (мындан ары – АШК) түшкөн бардык документтеринин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайыктуулугу каралып чыкты. Каракол АШКсына талапкерлерден бардыгы 26 документ келип түшкөн. Каракол АШКсына төмөнкү саясый партиялардан 5 талапкерге документтер берилди: “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы,  “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы, “Кыргызстан” саясий партиясы, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы,  “Замандаш” саясий партиясы, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан 21 талапкер көрсөтүлдү. Көрсөтүлгөн бардык талапкерлерге карата “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу соттолгондугу/ соттолбогондугу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ээлеген кызмат ордуна айкалышуусу текшерилди. Каракол АШКсынын курамы жана резерви “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин сактоо менен түзүлдү.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 22-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун  бекитилген күн тартиби
22.01.2020

2020-жылдын 22-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби

Өткөрүү датасы:  22-январь 2020-ж.  Убактысы: 16:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 2. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу” “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы №154-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” токтомунун долбоору жөнүндө (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 3. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө Жобону бекитүү тууралу” “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” токтомунун долбоору жөнүндө (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 4. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо процессинин шайлоочуларынын жана башка субъектилеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” токтомунун долбоору жөнүндө (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 5. “Кыргыз Республикасынын референдумунда шайлоолорду өткөрүдө шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоонун, өткөрүп берүүнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө Жобо тууралу” токтомдун долбоору жөнүндө  (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
Учурда 216 участоктук шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү процесси жүрүп жатат
22.01.2020

Учурда 216 участоктук шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү процесси жүрүп жатат

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык “участоктук шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат”. 2020-жылы февралда Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына кол коюлушу күтүлүүдө, ушуга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары 2020-жылдын 8-февралына чейин участоктук шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүүгө тийиш. Участоктук шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөттөрүн, документтерди тапшыруу жол-жоболорун тактоо үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына (Ош, Токмок, Майлуу-Суу, Балыкчи, Каракол, Аламүдүн, Ысык-Ата, Аксы, Тогуз-Торо, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Өзгөн, Араван, Лейлек, Жумгал, Ак-Талаа) кайрылуу зарыл. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 22-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
21.01.2020

2020-жылдын 22-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Долбоор Өткөрүү датасы:  22-январь 2020-ж.  Убактысы: 16:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 2. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
“Добушуңду сатпа” чыгармасынын аткаруучусу Азамат Кененбаевге КР БШК ыраазылык билдирди
21.01.2020

“Добушуңду сатпа” чыгармасынын аткаруучусу Азамат Кененбаевге КР БШК ыраазылык билдирди

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова жана КР БШК төрагасынын орун басары А. Бекматов “Добушуңду сатпа” аталышындагы чыгарманын аткаруучусу Азамат Кененбаевге Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан ыраазычылык кат тапшырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык позициясын билдирип, шайлоочуларды добушун сатпоого чакырып, өз укуктарын туура пайдаланууга үндөгөн Азаматтын бул демилгесин колдоого аларын айткан төрага шайлоочулардын добушу бул таза шайлоо өткөрүүнү камсыздоонун эн негизги фактору экендигин баса белгиледи. Учурда КР БШК тарабынан да бул көйгөйдү чечүү үчүн шайлоочуларга маалымдоо иштерин күчөтүү, ар бир шайлоочунун добушу маанилүү экендигин шайлоочуларга жеткирүү тапшырмасы коюлганына токтолду. Өз кезегинде Азамат Кененбаев да Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, бул сыяктуу колдоо чыгармачылыгына жакшы түрткү берээрин айтты. Ошондой эле мындан ары да өз чыгармалары менен элибизди ынтымакка, биримдикке чакырып, угармандарын укук менен жашоого үндөөрүн кошумчалады. Азамат мырза чыгармачылыктан тышкары Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринде иштейт. “Добушуңду сатпа” ырын иш үстүндө кесиптештерине ырдап бергенин билдирди. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аталган чыгармага видеоклип тартуу милдетин өз моюнуна алды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин он жети депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20.01.2020

КР БШК жергиликтүү кеңештердин он жети депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2020-жылы 20-январда КР БШК Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ысык-Көл облусу: Амантуров Айбек Жолдубекович (Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акылбек Усупкожоевге өткөрүп берилди. Мусуралиева Зульфия Асанходжоевна (Ак-Суу районунун Теплоключенко айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кутман Ишенбаевге өткөрүп берилди. Осорбаев Айбек Таалайбекович (Ак-Суу районунун Теплоключенко айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кубанычбек Тыналиевге өткөрүп берилди. Нарын облусу: Сыдыгалиева Эрке Рысбековна (Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Анарбек Сооронбаевге өткөрүп берилди. Санташов Тариэл Саллидбекович (Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Аскат Женишбековге өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусу: Оркошов Бекбоо  (Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жаңылбүбү Келгенбаевага өткөрүп берилди. Байназаров Манас Кенжебаевич  (Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Абдурашид Жантаевге өткөрүп берилди. Назаров Нурлан (Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Талантбек Худайбердиевге өткөрүп берилди. Нурматов Кадырбай Довутович (Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Азамат Усупбаевге өткөрүп берилди. Ажиев Эрлан Каныбекович (Ала-Бука районунун 1-Май айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Рахманберди Кожобековго өткөрүп берилди. Дадажанов Абдихахар Сайфидинович (Ала-Бука районунун 1-Май айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мадаминбек Кулуевге өткөрүп берилди. Базарбаев Омоналы Усманович (Ала-Бука районунун 1-Май айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Төрөгазы Салибаевге өткөрүп берилди. Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич (Ала-Бука районунун Көк-Таш айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жумабай уулу Мирсейитке өткөрүп берилди. Токтосунов Жолборсбек Абдыкапарович (“Республика-Ата-Журт” фракциясы, №1, Кочкор-Ата шаардык кеңеши). Мандат Кочкор-Ата АШК чечими менен саясий партиядан №7 талапкер Мурзабек уулу Жумабекке өткөрүп берилди. Сыдыков Медербек Абдыкалыкович (“Республика-Ата-Журт” фракциясы, №2, Кочкор-Ата шаардык кеңеши). Мандат Кочкор-Ата АШК чечими менен саясий партиядан №10 талапкер Нурбек Муталиповго өткөрүп берилди. Касымов Алмаз Рахматиллаевич (“Ата-Журт” фракциясы, №1, Токтогул шаардык кеңеши). Мандат Токтогул АШК чечими менен саясий партиядан №5 талапкер Мухиддин Курбановго өткөрүп берилди. Исмаилов Баходир Ибрагимович (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №2, Жалал-Абад шаардык кеңеши). Мандат Жалал-Абад АШК чечими менен саясий партиядан №19 талапкер Канатбек Турдукуловго өткөрүп берилди. Нарын облусундагы жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды: Талапкер Токтобеков Жолдошбек Мухаммедович (Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңеши). КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
20.01.2020

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2020-жылдын 20-январындагы токтому менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 7-февралына саат 9-00дөн 12-00ге чейин дайындалды. Талас облусунун Бакай-ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-декабрындагы №Б-1/VI буйругу менен Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Батырбекова Айгуль «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 332 334 … 483