Башкы Жаңылыктар КР БШК жана Бишкек шаарынын мэриясы 2020-жылы шайлоого …

КР БШК жана Бишкек шаарынын мэриясы 2020-жылы шайлоого даярдануунун актуалдуу чаралары жана маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

11-Янв, 2020

10-январда КР БШК Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте 2020-жылы Жогорку Кенешке шайлоого даярдануунун актуалдуу чаралары жана маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге КР БШКнын Төрагасы Н.К.Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматов, КР БШКнын мүчөсү Б.С.Кадыров, КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.И.Мамбетов., Бишкек АШКнын мүчөлөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери, борбордун райондорунун акимдери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, маморгандардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери катышты.

КР БШК кеңешменин катышуучуларына 2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат берди.

Кеңешменин катышуучулары 2020-2023-жылдардын кезектеги шайлоо циклиндеги республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги кезектеги шайлоолордун мыйзамдар менен белгиленген мөөнөттөрү жөнүндө маалымат алышты.

Анда, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана жергиликтүү шайлоолордо добуш берүүнүн бирдиктүү күндөрүн киргизүүгө байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоолор 2021-жылдын апрелинде өткөрүлүшү мүмкүн.

Маалымат үчүн: Бишкек шаардык кеңеш 45 депутаттан турат жана партиялык тизме боюнча пропорциялык тутум боюнча 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Шаардын аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Бишкек шаарында шайлоолорду уюштурууну жана камсыздоону Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жана 200дөн ашык участкалык шайлоо комиссиялары жүзөгө ашырат.

2020-жылы өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолор жана 2021-жылдагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоолор боюнча актуалдуу чаралар сунушталды жана талкууланды.

Биринчи кезекте шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыздоо менен байланышкан маселелер көтөрүлдү.

Бишкек шаарында шайлоочулардын саны өсүүдө жана бүгүнкү күндө 416 208 адамды түзөт. Аны менен катар, биометриялык каттоосу жоктугуна байланыштуу шайлоочулардын тизмесине киргизилбей калган жарандардын саны да аз эмес жана натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруучулук чараларды кабыл алууну, жарандардын биометриялык маалыматтарын чогултуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү талап кылат.

Маалымат үчүн: Улуттук статкомитеттин маалыматына ылайык, шаардын калкы 1 027 200 адам. Бишкек 4 районду: Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов, ошондой эле 22 муниципалдык аймактык байшкармалыктарды камтыйт. Шаардын курамына 45 туракжай массивдери кирет.

Бишкек шаарынын мэри А.Суракматов, шайлоочулардын тизмеси үчүн негиз катары Даректик регистрди тактоо боюнча иштер Өкмөт тарабынан бекитилген тартипке (КРӨнүн 2016-жылдагы №610 токтому) ылайык жүрүп жатканын белгиледи.

Шайлоо участокторунун чек араларын жана жер-жерлердеги шайлоочулардын тизмелерин даректик регистрдин негизинде тактоо өз убагында жүргүзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиялары менен бергеликте шайлоо участокторунун чек араларын башкаруунун автоматташтырылган программасында кыймылсыз мүлк объектилерин эсепке алууну талдоо жүргүзүлөт.

Шаар башчысы мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине жана МАБ башчыларына жарандардын биометриялык маалыматтарын тапшыруусу үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүнү тапшырды.

Мамкаттоонун төрагасы А.И.Мамбетов, Калкты тейлөө борборлорунда биометриялык каттоолорду өткөрүү менен чогуу, мурдагыдай ЖӨБ өтүнмөлөрү боюнча көчмө биометриялык каттоо тажрыйбасы улантыларын билдирди.

БШК ошондой эле, 2020-жылы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бардык шайлоо участокторунун толук жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерин чечүү зарылдыгы жөнүндө белгиледи.

Мэр А.Э.Суракматов, шайлоо участокторун жайгаштыруу пландалып жаткан имараттарды пандустар менен жабдуу үчүн шаардын бюджетинде зарыл каражаттар пландалганын айтып өттү.

Андан тышкары кеңешмеде, мыйзамдарга ылайык алдыдагы шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон уюштуруу жана маалыматтык мүнөздөгү башка чаралар талкууланды.

БШК алдыдагы шайлоо өнөктүгүн даярдоодо Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди жана шайлоого катышуу боюнча жарандардын укуктарын камсыздоодо мындан аркы биргелешкен иштерге, жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди өз убагында чечүүдө ЖӨБ органдары менен жумушчу өз ара аракеттешүүгө үмүттөнөөрүн белгиледи.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>