Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервин …

КР БШК Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервин жана курамын түзүү жөнүндө токтом кабыл алды

10-Янв, 2020

Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамы жана резерви 2018-жылдын март айында түзүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамы беш жылга түзүлөт.

2019-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – КР БШК) жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү тууралуу кайрылган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерден келип түшкөн документтерди объективдүү жана тыкыр кароо максатында Жумушчу топ түзүү жөнүндө 2018-жылдын 26-январында №13/ОД буйрук чыккан.

2019-жылдын 13-декабрында саат 18:00гө чейин КР БШКга 28 саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо комиссиялардын курамына сунуштоо үчүн 265 адамдын бардык зарыл документтерин көрсөтүштү. Алар:

  1. «Жаш-Билек» саясий партиясы – 1 адам;
  2. «Биримдик» демократиялык партиясы – 6 адам;
  3. «КУТ» саясий партиясы - 2 адам;
  4. «Элдик партия» саясий партиясы – 5 адам;
  5. «Өнүгүү-Кыргызстан» саясий партиясы - 1 адам;
  6. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы - 7 адам;
  7. «Патриот ынтымагы» саясий партиясы - 1 адам;
  8. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы - 3 адам;
  9. «Таш-Көмүр Жаштары» саясий партиясы - 1 адам;
  10. «Республика – Ата Журт» саясий партиясы – 1 адам;
  11. «КСДП» саясий партиясы - 3 адам;
  12. «Ата Мекен» саясий партиясы - 24 адам;
  13. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы - 16 адам;
  14. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы - 13 адам;
  15. «Калыс» саясий партиясы – 6 адам;
  16. «Жаңы-Доор» саясий партиясы - 5 адам;
  17. «ЭлАман» саясий партиясы - 2 адам;
  18. «Акшумкар» саясий партиясы - 9 адам;
  19. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы - 33 адам;
  20. «Кыргызстандын Элдик Кеңеши» саясий партиясы - 7 адам;
  21. «Замандаш» саясий партиясы - 47 адам;
  22. «НУР» саясий партиясы - 13 адам;
  23. «Столица» демократиялык партиясы» саясий партиясы - 1 адам;
  24. «Табылга» саясий партиясы - 1 адам;
  25. «Ынтымак» саясий партиясы - 3 адам;
  26. «Элдик-Народная» саясий партиясы - 1 адам;
  27. «Кыргызстан» саясий партиясы - 51 адам;
  28. «АК» саясий партиясы - 2 адам.

Саясий партиялардын 265 өкүлдөрүнүн соттуулугун (жоктугун) аныктоо максатында, алардын соттуулугу (жоктугу) “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму боюнча текшерилди.

 

2020-жылдын 9-январында Жумушчу топтун КР БШК мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөн жыйынында, саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан келип түшкөн бардык документтердин шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине шайкештиги каралды.

Ошондой эле Жумушчу топтун жыйынында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн саны мүчөлөрдүн каралган санынан ашып кеткен 10 шайлоо комиссиялары (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Сузак, Балыкчы, Ноокат, Токмок, Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата) аныкталды.

Чүчүкулак 2020-жылдын 10-январында Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын башкаруу органдарынын жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан документтер аларды тиешелүү жергиликтүү кеңештердин сессияларында каралганына жараша кабыл алынды. Бардыгы 1001 адамдын документтери келип түшкөн.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>