Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
18.02.2020

Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Айтанова Арзыгул Абдимиталиповнанын, Камалов Тавакал Шарифджановичтин, Узакбеков Бектур Узакбековичтин, Болотбеков Чолпонбек Матыбековичтин комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине  өзгөртүүлөр киргизилди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айтанова Арзыгул Абдимиталиповна, Камалов Тавакал Шарифджанович комиссиянын курамынан чыгарылды; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шаймарданова Гузаль Шаймуратовна, Арзыбаев Маматали резервден комиссиянын курамына киргизилди. Кызыл-Кыя АШК курамы (12 мүчө): - 3өө саясий партиялардан (“Калыс”, “Замандаш”, “Кыргызстан”) өкүлдөр; - 9у жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан өкүлдөр. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 7 өкүл турат. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Узакбеков Бектур Узакбекович комиссиянын курамынан чыгарылды; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жарбашов Алтынбек Турдубекович резервден комиссиянын курамына киргизилди. Тогуз-Торо АШК курамы (12 мүчө): - 3өө саясий партиялардан (“Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”) өкүлдөр; - 9у жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан өкүлдөр. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 14 өкүл турат.   Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди: - “Ата Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Болотбеков Чолпонбек Матыбекович комиссиянын курамынан чыгарылды; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Султанбекова Бурулбүбү Сулаймановна резервден комиссиянын курамына киргизилди; Кочкор АШК курамы (12 мүчө): - 5өө саясий партиялардан ( “Нур”, “Замандаш” “Ата Мекен”, “Акшумкар”, “Мекен ынтымагы”) өкүлдөр; - 7өө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан өкүлдөр. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 9 өкүл турат.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Эркинов Талантбек Эркинович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
18.02.2020

Эркинов Талантбек Эркинович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылы 18-февралда КР БШК мүчөлөрү Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Эркинов Талантбек Эркиновичти Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп тааныды. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 31-декабрда болуп өттү.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Сокулук районунун Жаңы-Пахта, Военно-Антоновка жана Чүй районунун Кегети айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
18.02.2020

Сокулук районунун Жаңы-Пахта, Военно-Антоновка жана Чүй районунун Кегети айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү

2020-жылдын 18-февралында Сокулук районунун Жаңы-Пахта, Военно-Антоновка жана Чүй районунун Кегети айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. 21 добуш алган Зикиров Махмаямин Камчыбекович Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Жаңы-Пахта айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө баары катышты. Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган. 11 добуш алган Садыков Расулбек Төрөкелдиевич Военно-Антоновка  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Военно-Антоновка  айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө 20 депутат катышты. Военно-Антоновка  айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер катталган. 13 добуш алган Медетов Калыс Самудинович Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кегети айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө баары катышты. Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 18-февралында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
18.02.2020

2020-жылдын 18-февралында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору

долбоор                                                                                                                                                                            Өткөрүү датасы:  18-февраль 2020-ж.                                                                                                                                                                          Убактысы: 16:00                                                                                                                                                                          Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамындарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2020-жылы 29-январында өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4.2019-жылы 31-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекит жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жети-Өгүз, Баткен, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторун түзүү жөнүндо (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Ар түрдүү маселелер.   ТӨРАГА  
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коммерциялык эмес уюмдарына, саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ
17.02.2020

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коммерциялык эмес уюмдарына, саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) курамы беш жылга түзүлөт. Ушуга байланыштуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – АШК) УШКлардын курамына жана резервине саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. Мыйзамга ылайык УШК саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. УШК шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыздаган коллегиялык орган болуп саналат. УШК курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт. Ошол себептен, УШК курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын ишке даярдык деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышкан иш тажрыйбасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш. Жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Аймактык  шайлоо комиссиясына саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн төрагасынын жана чогулуштун катчысынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү документ тапшырылат. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: - УШК курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспортунун көчүрмөсү; - иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси); -байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                 22-беренесине ылайык төмөнкүлөр УШК мүчөсү боло албайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; - талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.; - шайлоо комиссиясы мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан участоктук шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 16-мартын кошо алганда саат 18-00гө чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.  Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 16-мартын кошо алганда саат 18-00гө чейин Бишкек АШКда кабыл алынат.   Маалымат алуу телефону: Бишкек шаардык кеңеши - 0 312 61 04 32, Бишкек АШК - 0 312 38 24 26
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү этабы жүрүүдө
16.02.2020

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү этабы жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү этабы жүрүүдө. 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайлоого жана шайланууга укугу жок. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу тутум боюнча жүргүзүлөт, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо – мажоритардык тутум боюнча жүргүзүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык: - шаардык кеңештерге – саясий партияларга; - айылдык кеңештерге – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга. Партиялар тарабынан (1) шаардык кеңештерге көрсөтүү ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмесинен ашкан талапкерлердин санында жүргүзүлөт. Маселен, мандаттарынын саны 45 болгон Ош шаары үчүн партиянын тизмесиндеги талапкерлердин саны 68ден кем эмес болууга тийиш, мандаттарынын саны 31 болгон Токмок, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу шаарлары үчүн партиянын тизмелеринен ар бир тизмесиндеги талапкерлердин саны 47ден кем эмес болууга тийиш. Партиялар тарабынан (2) айылдык кеңештерге ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Талапкерлердин тизмесин түзүүдө партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз! Айылдык кеңештерге өзүн көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл документтерди берүү этабы төмөнкүдөй аяктайт: - шаардык кеңештер үчүн – добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 2-мартында саат 24.00гө чейин; - айылдык кеңештер үчүн – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 12-мартында саат 24.00гө чейин. Каттоо үчүн талапкерлер (айылдык кеңештерге), партиялар (шаардык кеңештерге) же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү (анын ичинде электрондук түрдө) берет: 1. партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлерди/талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же болбосо өзүн көрсөтүү жөнүндө арызды; 2. талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн (шаардык кеңештерге) талапкерлердин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (өмүр баянын жана башка маалыматтарды); 3. талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын; 4. шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти; 5. документтер: башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө; соттуулугунун жоктугу же болбосо негизинде талапкер соттолгон КР Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын) көрсөтүү менен мурда болгон, учурдагы соттуулугу жөнүндө, эгерде талапкер учурдагы КР Жазык кодекси менен кылмыш деп таанылган жосундар үчүн көрсөтүлгөн мыйзам актыларына ылайык соттолсо; 6. Ар бир талапкер тарабынан толтурулган, мыйзамдарда белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук. Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2020-жылдын 13-мартына чейин), айылдык кеңештерге – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда (2020-жылдын 23-мартына чейин) аяктайт. Шайлоо фондулары: Жарандар айылдык кеңештерге өзүн көрсөткөн учурдан тартып (өзү же болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу), ал эми саясий партиялар  талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып (ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу) каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо өнөктүгүн каржылоого шайлоо фондуларын түзүшөт. АШКга каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү менен бирге саясий партиялар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо фондусунун өлчөмү, анын булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчётторду беришет. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы акча каражаттарынын келип түшүү булактары жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жума сайын жарыяланып турат. Талапкер, саясий партия төмөнкүлөррдү дайындоого укуктуу: - өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын; - тиешелүү аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларында катталгандан кийин өз өкүлүн; - шайлоого катышууга байланыштуу маселелер, анын ичинде каржы маселелери боюнча экиден ашык эмес ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн; -  шайлоону даярдоого, добуш берүүнүн өткөрүлүшүнө, добуштардын саналышына, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого мыйзамдарда каралган тартипте байкоо жүргүзү үчүн байкоочуну. Маалымат үчүн: 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган шайлоо 30 жергиликтүү кеңеште өтөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун Календары менен КР БШКнын сайтынан же шилтемеге өтүп, кеңири таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо ЖМКларды жана интернет-басылмаларды аккредиттөө үчүн БШК документтерди кабыл алууда
16.02.2020

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо ЖМКларды жана интернет-басылмаларды аккредиттөө үчүн БШК документтерди кабыл алууда

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссияда аккредиттөөдөн өтүүгө тийиш. Бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар обо убактысын жана басма аянтын берүү үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмдөрү ж.б. шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоосу керек жана 2020-жылдын 20-февралынан кечиктирбестен БШКга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: - шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - укуктук жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (интернет-басылмалар үчүн); - жалпыга маалымдоо каражатынын уставынын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо); - обо убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар жарыяланган газета санынын көчүрмөсү. Өз өкүлдөрүнүн тизмеси жана документтер менен электрондук варианттагы арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын document@shailoo.gov.kg электрондук почтасына жөнөтүү зарыл. Жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын жана/же алардын өкүлдөрүн аккредиттөө жөнүндө чечимди БШК аккредиттөө үчүн зарыл болгон документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат. БШКда аккредиттөөдөн өтпөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары расмий маалыматты жана маалыматтык (жаңылык) билдирүүлөрүн шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерисиз чагылдыруу жолу менен гана шайлоону маалыматтык жактан камсыздоого катышууга укуктуу. Жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын аккредиттөө эрежелери менен шилтеме боюнча же 0312 62 01 84 тел. боюнча таанышууга болот. Маалымат үчүн: Республиканын 30 жергиликтүү кеңешин кезектеги шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнү башталганына чейин 24 саат калганда токтотулат: шаарларда – 13-марттан 10-апрелди кошо алганга чейин, айылдарда – 23-марттан 10-апрелди кошо алганга чейин. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун Календары менен БШКнын сайтынан же шилтемеге өтүп, кеңири таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү гана киргизилет.
15.02.2020

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү гана киргизилет.

  2020-жылдын 12-апрелинде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматынан Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилди. Шайлочулардын алдын ала тизмесине 340 479 адам же Кыргызстандын шайлоочуларынын жалпы санынан дээрлик 10%ы киргизилди. "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү шайлоолордо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар киргизилет. Мыйзамга ылайык жарандардын жергиликтүү жамаатка таандыгы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунда тиешелүү белги менен ырасталууга тийиш. Мыйзамдын бул талаптарына ылайык каттоосун алмаштырган, эми бирок паспорттогу белги жок жарандар болсо, жергиликтүү шайлоолордо тиешелүү шайлоочулардын тизмесине киргизилизиши мүмкүн эмес экенине БШК өзгөчө көңүл бурат! 2020-жылдын 22-февралында шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторуна илинет. Ушул учурдан тартып үстүбүздөгү жылдын 27-мартын кошо алганда ар бир шайлоочу жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоого катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшере алат. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоо участогуна келип же www.tizme.gov.kg шилтемеси аркылуу “Тизме” порталынан, ошондой эле 119 номерине чалып, өзүн текшере алат. Шайлоочулардын алдын ала жана контролдук тизмесинен ар кандай катаны же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле ал тизмеде жок болсо, ар бир жаран 2020-жылдын 28-мартына чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине кошуу жөнүндө арыз (1-форма боюнча) менен паспортун (ID-картасын) көрсөтүп, көчүрмөсүн арызга тиркеп, тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Мында шайлоочу биометрикалык иденттештирүүдөн өтөт. БШК шайлоодо ар бир шайлоочу биометрикалык иденттештирүүдөн өтүүгө тийиш экендигин эскертет, бул башка бир шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана добуш берүүгө катышууну бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Жашаган жер боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоодон өтүүгө мүмкүн. Региондор боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмелери менен төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКда 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү
13.02.2020

КР БШКда 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү

2020-жылы 12-февралда КР БШКда 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге КР БШК мүчөлөрү, КР Башкы прокурорунун, КР Ички иштер министрлигинин, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  өкүлдөрү катышты. Кеңешмеде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган шаарларга жакын жайгашкан райондордун жарандарынын туруктуу жашаган жеринин даректерин алмашуусу жөнүндө маселелер каралды, катталуу эсебин алмаштырган жарандардын санынын көбөйүүсүнүн мүмкүн болуучу себептери, ошондой эле бул процесстердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларына таасири жөнүндө,  маселелер туруктуу жашаган жеринин каттоосун алмашуу тартибиндеги кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чаралар жөнүндө маселелер талкууланды. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Ош, Каракол, Токмок ж.б. шаарларда катталуу эсебине турган жарандардын саны иш жүзүндө көбөйүүсү жөнүндө маалымат берилди. Катталуунун  көбөйүү статистикасы изилденип жатканы белгиленди. Себептерди талкуулоодо процессти шашылыш түрдө толук талдап чыгуу, шаарларда эсепке коюунун көбөйүүсүнүн бардык себептерин изилдөө, жарандарды себептердин категориялары боюнча дифференциялоо, мүмкүн болуучу манипуляцияларды аныктоо жана изилдеп, жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына жиберүү  зарылдыгы белгиленди. КР БШК мүчөлөрү алдыда ошол шаарларда өтүүчү шайлоого байланыштуу шайлоочулардын тизмелери менен манипуляция жасоого жол бербөө боюнча тез арада чара көрүү зарыл экенин белгилешти. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү маселе ыкчам түрдө изилденерин жана бузууларга бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдиришти. Прокуратура тарабынан каттоо жана шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинин мыйзамдуулугуна көзөмөл камсыздалмакчы. БШК Төрагасы Шайлдабекова Н.К. 2018-2019-жылдары шайлоочулардын тизмеси өлкө боюнча жалпысынан 300 миң шайлоочуга өскөнүн (2017-жылы шайлоодо 3 025 миң шайлоочу болгон) маалымдады. 18 жашка толгон жана андан ашкан,  шайлоочулардын тизмесине киргизилбеген жарандардын саны кыйла көп болгонун эске алЫП (500 миңге жакын адам), БШК Өкмөт жана жергиликтүү органдар менен биргеликте  региондордо маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү иштери менен катар 2019-жылы жергиликтүү органдарга Дарек регистрин тактоо, шайлоо участокторунун чек араларындагы объектилерди (жаңыларын жана кайрадан өзгөртүлүп аталгандарын) эсепке алууну жакшыртуу, биометрикалык каттоо жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн айыл тургундарына шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү сунушталган. Бул иштер 2020-Калкты каттоого жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдык көрүүнүн маанилүү чарасы катары белгиленген. Ошондой эле бир турак жайда катталган жарандардын чектелген саны боюнча мыйзамдар менен чектөө каралбаганы белгиленди. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечилди: 1. МККга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо пландалган шаарларда 2019-жылдын акыркы айларында жана 2020-жылдын башында жарандардын туруктуу жашаган жериндеги катталуусунун алмашуусу боюнча жарандарды алмашуу себептеринин категориялары боюнча дифференциялоо менен талдоо жүргүзүү сунушталсын. 2. Укук коргоо органдарына (ИИМ, УКМК) ыкчам тартипте жарандарды каттоо боюнча маалыматты изилдеп, жарандарды каттоо процессинде мүмкүн болуучу бузууларды аныктоо жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тез арада иш жүргүзсүн. 3. Башкы прокуратура жарандарды каттоо эсебин алмашуу боюнча аракеттердин  мыйзамдуулугуна көзөмөлдү камсыздоосу зарыл. 4. МККга КР Юстиция министрлиги жана КРӨгө караштуу ЖӨБИЭМА менен биргеликте бир турак жайда катталуучу жарандардын саны  боюнча ченемдерди белгилөө жаатында иш жүргүзүү сунушталсын. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-КР БШК) шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына КАЙРЫЛУУ
13.02.2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-КР БШК) шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына КАЙРЫЛУУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-КР БШК) шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ!   Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ №32 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеӊештеринин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеӊештеринин, Аксы районунун Авлетим айылдык кеӊешинин, Майлуу-Суу шаардык кеӊешинин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Коӊорчок, Жерге-Тал айылдык кеӊештеринин, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоӊ-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеӊештеринин, Ысык-Көл облусунун Жети-Ɵгүз районунун Оргочор айылдык кеӊешинин, Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеӊешинин, Балыкчы, Каракол шаардык кеӊештеринин, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеӊешинин, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеӊешинин, Токмок шаардык кеӊешинин, Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коӊур-Дөбө айылдык кеӊештеринин, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеӊештеринин, Ноокат районунун Көк-Бел айьшдык кеӊешинин, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеӊешинин, Ɵзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеӊештеринин, Ош шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо жекшембиге, 2020-жылдын 12-апрелине дайындалды. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар! Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен www.tizme.gov.kg порталынан текшере алышат же Мамлекеттик каттоо кызматынын чалуу-борборуна 119 номери аркылуу кайрылышса болот (чалуу акысыз). Шайлоочулардын тизмеси тийиштүү шайлоо участокторунда добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 22-февралынан кечиктирбестен шайлоочуларга тааныштыруу үчүн илинет, Сиз ошол жерден өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактасаңыз болот. Кандай болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапсаңыз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2020-жылдын 28-мартына чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жана талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 2-мартында, саат 24.00дө аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 12-мартында, саат 24.00дө аяктайт. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калгандан б.а. 2020-жылдын 13-мартына чейин аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берген күнгө чейин 20 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 23-мартына чейин бүтөт. Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптар жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган. Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча ишке ашырылып жаткан шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө таандык. Калктын шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу. Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону кандай өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам. Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссияларына жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктайт. Ушул процесстин башкы талаптары болуп, шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана бирдей мамилени камсыз кылуу, болууга тийиш! Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2020-жылдын 22-февралына чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана КР БШКга берилүүгө тийиш. Шаардык кеңештерге шайлоо алдында үгүт талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2020-жылдын 13-мартынан тартып башталат, айылдык кеңештерге шайлоо алдында үгүт талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2020-жылдын 23-мартынан тартып башталат. Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү. КР БШКсы региондук жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр. Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасында шайлоо процессинин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин тутуму түзүлүп, өнүгүп жатат. КР БШКсы алдыдагы 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат. КР БШКсы өз жагынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
12.02.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 11-февралында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
09.02.2020

2020-жылдын 11-февралында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору

долбоор Өткөрүү датасы: 11-февраль 2020-ж. Убактысы: 16-00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы жөнүндө  (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Бишкек шаарынын аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана  чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. «Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин кезектүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн,  депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун жана бош калган мандатты ээлөөнүн тартиби тууралуу» Жобо жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формаларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы №3 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5.  “Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө” Жобо тууралуу (Баяндамачы-Акимбаев А.Ж., программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы) 6. “Шайлоочулардын  «Тизме» мамлекеттик порталы жөнүндө” Жобо тууралуу (Баяндамачы-Акимбаев А.Ж., программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы) 7. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу (Баяндамачы – Акимбаев А.Ж., программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы) 8. «Шайлоо комиссиялары тарабынан бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу  (Баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 159 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 10. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө”  Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 11. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 161 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”  Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 12. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы-Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу, отчеттуулук жана сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы) 13. Ар түрдүү маселелер.   ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
07.02.2020

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №7 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 7-февралда болуп өттү. Бир талапкер Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди тапшырып, каттоодон өттү. Өзгөрүш айылдык кеңешинин 11 депутатынын ичинен 10у катышып, шайлоонун жыйынтыктары боюнча баары “макул” деп добуш берди. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Толошов Данияр Шабданович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайланды. Толошов Д.Ш. 1972-жылы 2-августта туулган, 2012-жылдан тартып Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты болгон.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КАЙРЫЛУУ. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
05.02.2020

КАЙРЫЛУУ. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

КАЙРЫЛУУ          Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!   Саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын көп өтүнүчтөрүнө байланыштуу жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан Ош жана Токмок шаарларынын  участоктук шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 7-февралынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга өткөрөт. Участоктук шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор  2020-жылдын 7-февралынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн өкүлү тарабынан тиешелүү АШКга тапшырылат. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин алардын документтери шаардык кеңештин сессиясында (жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарынан) 2020-жылы 8-февралда каралат, участоктук шайлоо комиссияларынын резерви  2020-жылы 9-февралда бекитилет, шайлоо комиссияларынын биринчи жыйналыштары 2020-жылы 10-февралда өткөрүлөт.   Маалымат алуу телефону: (0312) 66 01 16
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 4-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
02.02.2020

2020-жылдын 4-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

долбоор                                                                                               Өткөрүү датасы: 4-февраль 2020-ж.                                                                                               Убактысы: 14-00                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Каракол жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Б.С. Кадыров, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү) 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 216 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда өзүнчө категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндөгү» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Б.С. Кадыров, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү) 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 183 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., заведующий отделом правового обеспечения) 6. «Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун ишинин тартиби жөнүндө» Жобонун долбоору тууралуу (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 7. Ар түрдүү маселелер.    
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас облусунда алдыдагы шайлоолорго карата актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү
31.01.2020

КР БШК Талас облусунда алдыдагы шайлоолорго карата актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү

Үстүбүздөгү жылы 31-январында КР БШК Өкмөттүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Талас облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү. Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты. КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2021-жылы апрелде Талас облусунда 35 жергиликтүү кеңеште, Талас шаардык кеңешти кошо алганда, 2023-жылы 3 жергиликтүү кеңеште депутаттарды шайлоо өтөт. Маалымат үчүн: Талас облусунда бир шаар – Талас – облустук маанидеги шаар, төрт район жана 92 калктуу пункт бар. 38 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 1 шаардык, 37 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 588тү түзөт. Жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолор 94 көп мандаттуу округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн 5 аймактык, 117 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп жатат: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын   тизмесине   карата  300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү. Анын ичинде Талас облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 150358 адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 20 миң 163 адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат. БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, маморгандар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды. Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 2020-жылы октябрда Талас  облусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүү маанилүү жана максатка ылайыктуу керек. Өкмөттүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү М.М. Мураталиев райондордун акимдерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жарандардын жагымдуу шарттарда биометриялык маалыматтарын тапшыруусун, шайлоо участкалары жайгашкан имараттарда пандустарды, жардамга чакыруу баскычтар менен жабдуу үчүн көмөктөшүүнү тапшырды. БШК алдыдагы шайлоо өнөктүгүн даярдоодо Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди жана шайлоого катышуу боюнча жарандардын укуктарын камсыздоодо мындан аркы биргелешкен иштерге, жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди өз убагында чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жумушчу өз ара аракеттешүүгө үмүттөнөөрүн белгиледи.
Кененирээк билүү >>
1 … 331 333 … 483