Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын укук коргоо органдары менен шайлоо мезгилинде мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча өз ара аракеттешүүнү талкуулады
Борбордук шайлоо комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун колдоосу алдында Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын укук коргоо органдары менен шайлоо мезгилинде мыйзамдуулукту камсыздоо жана бузууларга каршы аракеттенүү боюнча тренинг-кеңешме өткөрдү.
Катышуучулар шайлоонун жүрүшүндө бузууларды квалификациялоо маселелерин, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчиликтин түрлөрүн талкуулады. Маселен, шайлоо мыйзамдарында бузуулар үчүн эскертүү, каттоону жокко чыгаруу түрүндө конституциялык-укуктук жоопкерчилик каралган. Бузуулар жөнүндө кодексте талапкерлер, ЖМК тарабынан үгүт эрежелерин айрым бузуулар, үгүт материалдарын зыянга учураткандык, жасалма материалдарды тараткандык үчүн штраф, түзөтүү жумуштары, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу түрүндө жоопкерчилик каралган. Андай бузуулар шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.
Жоруктар жөнүндө кодексте жана Жазык кодексинде добуштарды сатып алуу, жарандардын укугун эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, шайлоо документтерин бурмалоо жана шайлоо мыйзамдарын башка бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган. Бул кодекстердин алкагындагы иштер ички иштер органдары тарабынан каралат.
БШК добуштарды сатып алууга натыйжалуу каршы аракеттенүүгө багытталып, депутаттардын демилгеси менен кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу укук коргоо органдарына маалымат берди. Маселен, добуштарды сатып алуу үчүн жазык жоопкерчилигине тартылуучу субъектилердин чөйрөсү кеңейтилди. Андан тышкары, добушун акча каражаттарына алмашкан жарандардын жоопкерчилиги сунушталууда. Администрациялык ресурсту кыянат пайдалангандык үчүн дагы санкциялар киргизилүүдө.
Тренинг-кеңешменин жүрүшүндө шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча биргелешкен чаралары талкууланды. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун алкагында өз ара аракеттешүү схемасы каралды. Комиссиялар менен укук коргоо органдарынын, ошондой эле прокуратура органдарынын өкүлдөрүнөн турган мындай топтор шайлоо комиссияларынын борбордук жана аймактык деңгээлдеринде түзүлүүгө тийиш. Топтордун милдети – өз ара аракеттешүү менен бузуулар боюнча ыкчам чараларды көрүү жана ал тууралуу коомчулукка маалымат берип туруу.
ИИМ менен Башкы прокуратуранын катышып олтурган өкүлдөрү тарабынан мүмкүн болуучу практикалык жайгдайлар каралып, укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин алгоритми, ошондой эле алардын өз ара аракеттешүүсү иштелип чыкты.
Ошондой эле шайлоо процессинин төмөнкү маанилүү өңүттөрү талкууланды: шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинде, үгүт иши процессинде мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнү түздөн-түз шайлоо участокторунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо.
Шайлоо алдындагы мезгилде шаарларда жапырт каттоого байланыштуу жагдай жана зарыл чаралар козголду. Жарандарды каттоо процессин автоматташтыруу деңгээли күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча натыйжалуу териштирүү жүргүзүү жана чара көрүү үчүн толук маалымат берери белгиленди.
30 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
БШК Ош шаарында саясий партиялар үчүн семинар өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарында партиялардын жетекчилери жана өкүлдөрү үчүн каттоо, каржылоо, үгүт жана укук маселелери боюнча семинар өткөрдү.
БШК Төрагасы Нуржан Шайлдабекова катышуучуларга шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоого катышуунун негизги принциптери жөнүндө айтып берди.
“Мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук иштин башкы принциптери болууга тийиш. Ошондуктан БШК шайлоого катышуучу партиялардын программаларын өз сайтына жайгаштырууну демилгеледи. Андан тышкары, каржылоонун, шайлоо фондуларын ачуунун жана жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилди”, деп айтты ал.
Талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо, үгүт эрежелери, шайлоо талаштарын кароо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларында шайлоонун жүрүшүндө бузууларга Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор иштейт
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо үчүн КР БШКда жана 19 АШКда Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) иштейт.
1. ЫЧКТнын негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр:
- шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;
- көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.
2. ЫЧКТ аймактык шайлоо комиссияларында укук коргоо органдарынын – ИИМдин, УКМКнын тиешелүү аймактык деңгээлдериндеги өкүлдөрүнөн, ошондой эле прокуратура органдарынын мыйзамдуулукка көзөмөлдүк жүргүзгөн өкүлдөрүнөн түзүлөт.
3. ЫЧКТ төмөнкү милдеттерди аткарат:
- шайлоо мыйзамдарын бузуулардын фактылары боюнча шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка субъектилеринен түшкөн кайрылуу, арыз, даттанууларды, ЖМК жана интернет-басылмалардын билдирүүлөрүн кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ыкчам талдоо;
- ар бир билдирүү, кайрылуу, арыз боюнча аракеттердин алгоритмин талкуулоо жана иштеп чыгуу; зарыл чара көрүү жөнүндө (өз компетенциясынын чегинде укук коргоо органдары жана башкаруу түзүмдөрү) ыкчам тапшырмаларды берүү;
- шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин кайрылуу, арыз, даттанууларында баяндалган маалыматтын (билдирүүнүн) жана фактылардын аныктыгын кийинкиге калтырбастан текшерүү, кароо жана чечим кабыл алуу үчүн түшкөн билдирүүлөрдү жана маалыматты тиешелүү органдарга жиберүү;
- бузуулар менен иштөөнүн абалы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга ар кыл тариздерде үзгүлтүксүз маалымдап туруу;
- коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо, ошондой эле шайлоочуларды сатып алууга, жарандардын шайлоо укуктарын же шайлоо комиссияларынын ишин бузган аракеттерге бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктардын алкагында чара көрүү жөнүндө түшкөн билдирүүлөр боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.
Бузуулар жөнүндө 1255 кыска номуруна, 0312 62-62-46 ишеним телефонуна, 0990021255 WhatsAppка чалса же kgor_cec@shailoo.gov.kg электрондук дарегине билдирүү жиберсе болот.
Жакын арада ЫЧКТ 12-апрелге жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган шаарларда шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жана жарандарды эсепке коюуну талдоонун жыйынтыктарын, көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты карайт.
Маалымат үчүн: ЫЧКТны түзүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинде бекитилген: “Шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет”. ЫЧКТнын иш тартиби КР БШК тарабынан аныкталат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Нарын облусунун жергиликтүү кеңештерин шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал, Коңорчок, Баетов, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Бардыгы 12 шайлоо округу бекитилди, анын ичинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 2 округ, Коңорчок айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ, Баетов айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 8и аялдар үчүн резерв) 4 округ, Жумгал районунун Куйручук айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ, Түгөл-Сай айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ,Таш-Дөбө айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ, Чоң-Дөбө айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
21.02.2020-жылы
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өкөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү
Талапкерлердин каттоо мөнөтү
2020 жылдын 6 март
Ысык-Көл облусу
Түп району
1
Михайловка айыл өкмөтү
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин 28.02.2020-ж.
Саат 18-00гө чейин 03.03.2020-ж
2020 жылдын 6 март
Жалал-Абад облусу
Ноокен району
2
Сакалды айыл өкмөтү
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин 28.02.2020-ж.
Саат 18-00гө чейин 03.03.2020-ж
2020 жылдын 11 март
Нарын облусу
Жумгал району
3
Көк-Ой айыл өкмөтү
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин 03.03.2020-ж.
Саат 18-00гө чейин 06.03.2020-ж
2020 жылдын 11 март
Талас облусу
Бакай-Ата району
4
Кең-Арал айыл өкмөтү
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин 03.03.2020-ж.
Саат 18-00гө чейин 06.03.2020-ж
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын бирдиктүү шайлоо округунун, ошондой эле Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин, Тогуз-Торо районунун Атай жана Көк-Ирим айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Бардыгы 11 шайлоо округу бекитилди, анын ичинде Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын бирдиктүү 1 округу, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 9у аялдар үчүн резерв) 6 округ, Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 2 округ, Көк-Ирим айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 5өө аялдар үчүн резерв) 2 округ бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын бирдиктүү шайлоо округдарынын, ошондой эле Ысык-Көл районунун Кумбел, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Бардыгы 6 шайлоо округу бекитилди, анын ичинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын бирдиктүү 2 округ, Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 2 округ, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 2 округ бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Ош облусунун Ош шаарынын, Алай районунун Коңур-Дөбө, Будалык айылдык кеңештеринин, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешинин, Өзгөн районунун Алын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештеринин, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Бардыгы 25 шайлоо округу бекитилди:
1 округ Ош шаарында (45 мандат, анын ичинен 14ү аялдар үчүн резерв);
2 округ Алай районунун Будалык айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 5өө аялдар үчүн резерв);
2 округ Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 7өө аялдар үчүн резерв);
2 округ Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 8и аялдар үчүн резерв);
2 округ Өзгөн районунун Алын-Булак айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв);
5 округ Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинде (21 мандат, анын ичинен 9у аялдар үчүн резерв);
3 округ Араван районунун Нурабад (21 мандат, анын ичинен 8и аялдар үчүн резерв);
6 округ Араван районунун Тепе-Коргон айылдык (31 мандат, анын ичинен 12 аялдар үчүн резерв);
3 округ Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык (21 мандат, анын ичинен 7өө аялдар үчүн резерв).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2020-жылдын 21-февралындагы жыйналышынын бекитилген күн тартиби
долбоор
Өткөрүү датасы: 21-февраль 2020-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. 2020-жылы 29-январында өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
9. 2020-жылдын 12- апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
10. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
11. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
12. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Чүй облусунун Токмок шаарынын бирдиктүү шайлоо округунун, ошондой эле Ысык-Ата районунун Милянфан, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Бардыгы 4 шайлоо округу бекитилди, анын ичинде Чүй облусунун Токмок шаарынын бирдиктүү 1 округу, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 2 округ, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинде (11 мандат, анын ичинен 4өө аялдар үчүн резерв) 1 округ бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Баткен облусунун шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
2020-жылы 21-февралда КР БШК тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун, Бешкент айылдык кеңештеринин аймагындагы шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылдык кеңешинде 5 шайлоо округу, 4 округ, Маргун айылдык кеңешинде 1 округ бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 21-февралында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
долбоор
Өткөрүү датасы: 21-февраль 2020-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. 2020-жылы 29-январында өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
9. 2020-жылдын 12- апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
10. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
11. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
12. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2020-жылдын 18-февралындагы жыйналышынын бекитилген күн тартиби
Өткөрүү датасы: 18-февраль 2020-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамындарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2019-жылы 31-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жети-Өгүз, Баткен, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторун түзүү жөнүндо
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Чет өлкөлөрдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу тобун түзүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин сегиз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2020-жылы 18-февралында КР БШК Жети-Өгүз, Баткен, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ысык-Көл облусу:
1. Шамырканов Мирбек Турдубекович (Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Султанов Мирбек Кировичке өткөрүп берилди.
2. Мендибаев Самат Анварбекович (Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жаанбаева Гулбара Шаршембиевнага өткөрүп берилди.
3. Колесников Роман Александрович (Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мендибаев Самат Анварбековичке өткөрүп берилди.
Баткен облусу:
4. Рахман уулу Тайирбек (Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Таштанов Махмутжан Назирбаевичке өткөрүп берилди.
5. Каламбеков Абдикарим Саалыевич (Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Норузов Нуридин Абдирасуловичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусу:
6. Исаков Максат Муктарбекович (“КСДП” фракциясы, №2, Токтогул шаардык кеңеши). Мандат Токтогул АШК чечими менен саясий партиядан №8 талапкер Тойчубеков Урмат Кадырбековичке өткөрүп берилди.
7. Дуйшалыев Аскат Дуйшалыевич (“Энергетик” фракциясы, №2, Кара-Көл шаардык кеңеши). Мандат Кара-Көл АШК чечими менен саясий партиядан №28 талапкер Джуматаев Талайбек Оматбековичке өткөрүп берилди.
8. Койчумбаев Самат Искендербекович (Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңеши ). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Балтагулов Азиcбек Шавкатбековичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча талапкерлер чыгарылды:
Талапкерлер Мендибаев Азамат Анварбекович жана Супатаев Канатбек Аалиевич (Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши).
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинен “КСДП” саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү талапкерлер чыгарылды:
№10 Юнусов Бахтияр Камчиевич,
№11 Мамытова Кульнара Мухаметовна,
№12 Айтахунов Жумабай Абдрахманович,
№14 Токтогулова Гулжамал Тыныбековна,
№15 Джолдошев Доолатбек Ниязович,
№18 Торогелдиева Эльмира Каналыевна,
№20Мрзахидова Миясар Инамжановна,
№22 Касымалиев Бекболот Байышевич,
№23 Кукумбаева Кулумкан Асановна,
№26 Сакбаева Зулфия Исраиловна,
№28 Раматилаев Азамат Абдыкадырович,
№29 Ахмедахунова Мухаббат Осмонахуновна.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору