Башкы Жаңылыктар Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү этабы жүрүүдө

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү этабы жүрүүдө

16-Фев, 2020

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү этабы жүрүүдө.

21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу тутум боюнча жүргүзүлөт, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо – мажоритардык тутум боюнча жүргүзүлөт.

Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:

- шаардык кеңештерге – саясий партияларга;

- айылдык кеңештерге – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

Партиялар тарабынан (1) шаардык кеңештерге көрсөтүү ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмесинен ашкан талапкерлердин санында жүргүзүлөт.

Маселен, мандаттарынын саны 45 болгон Ош шаары үчүн партиянын тизмесиндеги талапкерлердин саны 68ден кем эмес болууга тийиш, мандаттарынын саны 31 болгон Токмок, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу шаарлары үчүн партиянын тизмелеринен ар бир тизмесиндеги талапкерлердин саны 47ден кем эмес болууга тийиш.

Партиялар тарабынан (2) айылдык кеңештерге ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

Талапкерлердин тизмесин түзүүдө партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.

Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз!

Айылдык кеңештерге өзүн көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл документтерди берүү этабы төмөнкүдөй аяктайт:

- шаардык кеңештер үчүн – добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 2-мартында саат 24.00гө чейин;

- айылдык кеңештер үчүн – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 12-мартында саат 24.00гө чейин.

Каттоо үчүн талапкерлер (айылдык кеңештерге), партиялар (шаардык кеңештерге) же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү (анын ичинде электрондук түрдө) берет:

1. партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлерди/талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же болбосо өзүн көрсөтүү жөнүндө арызды;

2. талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн (шаардык кеңештерге) талапкерлердин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (өмүр баянын жана башка маалыматтарды);

3. талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын;

4. шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти;

5. документтер:

  • башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө;
  • соттуулугунун жоктугу же болбосо негизинде талапкер соттолгон КР Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын) көрсөтүү менен мурда болгон, учурдагы соттуулугу жөнүндө, эгерде талапкер учурдагы КР Жазык кодекси менен кылмыш деп таанылган жосундар үчүн көрсөтүлгөн мыйзам актыларына ылайык соттолсо;

6. Ар бир талапкер тарабынан толтурулган, мыйзамдарда белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук.

Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2020-жылдын 13-мартына чейин), айылдык кеңештерге – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда (2020-жылдын 23-мартына чейин) аяктайт.

Шайлоо фондулары: Жарандар айылдык кеңештерге өзүн көрсөткөн учурдан тартып (өзү же болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу), ал эми саясий партиялар  талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып (ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу) каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо өнөктүгүн каржылоого шайлоо фондуларын түзүшөт.

АШКга каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү менен бирге саясий партиялар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо фондусунун өлчөмү, анын булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчётторду беришет.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы акча каражаттарынын келип түшүү булактары жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жума сайын жарыяланып турат.

Талапкер, саясий партия төмөнкүлөррдү дайындоого укуктуу:

- өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын;

- тиешелүү аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларында катталгандан кийин өз өкүлүн;

- шайлоого катышууга байланыштуу маселелер, анын ичинде каржы маселелери боюнча экиден ашык эмес ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;

-  шайлоону даярдоого, добуш берүүнүн өткөрүлүшүнө, добуштардын саналышына, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого мыйзамдарда каралган тартипте байкоо жүргүзү үчүн байкоочуну.

Маалымат үчүн:

2020-жылдын 12-апрелине дайындалган шайлоо 30 жергиликтүү кеңеште өтөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун Календары менен КР БШКнын сайтынан же шилтемеге өтүп, кеңири таанышса болот.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>