Башкы Жаңылыктар КР БШКда 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын …

КР БШКда 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү

13-Фев, 2020

2020-жылы 12-февралда КР БШКда 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге КР БШК мүчөлөрү, КР Башкы прокурорунун, КР Ички иштер министрлигинин, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган шаарларга жакын жайгашкан райондордун жарандарынын туруктуу жашаган жеринин даректерин алмашуусу жөнүндө маселелер каралды, катталуу эсебин алмаштырган жарандардын санынын көбөйүүсүнүн мүмкүн болуучу себептери, ошондой эле бул процесстердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларына таасири жөнүндө,  маселелер туруктуу жашаган жеринин каттоосун алмашуу тартибиндеги кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чаралар жөнүндө маселелер талкууланды.

Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Ош, Каракол, Токмок ж.б. шаарларда катталуу эсебине турган жарандардын саны иш жүзүндө көбөйүүсү жөнүндө маалымат берилди. Катталуунун  көбөйүү статистикасы изилденип жатканы белгиленди.

Себептерди талкуулоодо процессти шашылыш түрдө толук талдап чыгуу, шаарларда эсепке коюунун көбөйүүсүнүн бардык себептерин изилдөө, жарандарды себептердин категориялары боюнча дифференциялоо, мүмкүн болуучу манипуляцияларды аныктоо жана изилдеп, жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына жиберүү  зарылдыгы белгиленди.

КР БШК мүчөлөрү алдыда ошол шаарларда өтүүчү шайлоого байланыштуу шайлоочулардын тизмелери менен манипуляция жасоого жол бербөө боюнча тез арада чара көрүү зарыл экенин белгилешти.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү маселе ыкчам түрдө изилденерин жана бузууларга бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдиришти. Прокуратура тарабынан каттоо жана шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинин мыйзамдуулугуна көзөмөл камсыздалмакчы.

БШК Төрагасы Шайлдабекова Н.К. 2018-2019-жылдары шайлоочулардын тизмеси өлкө боюнча жалпысынан 300 миң шайлоочуга өскөнүн (2017-жылы шайлоодо 3 025 миң шайлоочу болгон) маалымдады.

18 жашка толгон жана андан ашкан,  шайлоочулардын тизмесине киргизилбеген жарандардын саны кыйла көп болгонун эске алЫП (500 миңге жакын адам), БШК Өкмөт жана жергиликтүү органдар менен биргеликте  региондордо маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү иштери менен катар 2019-жылы жергиликтүү органдарга Дарек регистрин тактоо, шайлоо участокторунун чек араларындагы объектилерди (жаңыларын жана кайрадан өзгөртүлүп аталгандарын) эсепке алууну жакшыртуу, биометрикалык каттоо жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн айыл тургундарына шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү сунушталган. Бул иштер 2020-Калкты каттоого жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдык көрүүнүн маанилүү чарасы катары белгиленген.

Ошондой эле бир турак жайда катталган жарандардын чектелген саны боюнча мыйзамдар менен чектөө каралбаганы белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечилди:

1. МККга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо пландалган шаарларда 2019-жылдын акыркы айларында жана 2020-жылдын башында жарандардын туруктуу жашаган жериндеги катталуусунун алмашуусу боюнча жарандарды алмашуу себептеринин категориялары боюнча дифференциялоо менен талдоо жүргүзүү сунушталсын.

2. Укук коргоо органдарына (ИИМ, УКМК) ыкчам тартипте жарандарды каттоо боюнча маалыматты изилдеп, жарандарды каттоо процессинде мүмкүн болуучу бузууларды аныктоо жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тез арада иш жүргүзсүн.

3. Башкы прокуратура жарандарды каттоо эсебин алмашуу боюнча аракеттердин  мыйзамдуулугуна көзөмөлдү камсыздоосу зарыл.

4. МККга КР Юстиция министрлиги жана КРӨгө караштуу ЖӨБИЭМА менен биргеликте бир турак жайда катталуучу жарандардын саны  боюнча ченемдерди белгилөө жаатында иш жүргүзүү сунушталсын.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүм

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>