Башкы Жаңылыктар КР БШК Талас облусунда алдыдагы шайлоолорго карата актуалдуу …

КР БШК Талас облусунда алдыдагы шайлоолорго карата актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү

31-Янв, 2020

Үстүбүздөгү жылы 31-январында КР БШК Өкмөттүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Талас облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү.

Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты.

КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2021-жылы апрелде Талас облусунда 35 жергиликтүү кеңеште, Талас шаардык кеңешти кошо алганда, 2023-жылы 3 жергиликтүү кеңеште депутаттарды шайлоо өтөт.

Маалымат үчүн: Талас облусунда бир шаар – Талас – облустук маанидеги шаар, төрт район жана 92 калктуу пункт бар. 38 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 1 шаардык, 37 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 588тү түзөт. Жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолор 94 көп мандаттуу округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн 5 аймактык, 117 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп жатат: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын   тизмесине   карата  300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү. Анын ичинде

Талас облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 150358 адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 20 миң 163 адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат.

БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, маморгандар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды.

Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

2020-жылы октябрда Талас  облусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүү маанилүү жана максатка ылайыктуу керек.

Өкмөттүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү М.М. Мураталиев райондордун акимдерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жарандардын жагымдуу шарттарда биометриялык маалыматтарын тапшыруусун, шайлоо участкалары жайгашкан имараттарда пандустарды, жардамга чакыруу баскычтар менен жабдуу үчүн көмөктөшүүнү тапшырды.

БШК алдыдагы шайлоо өнөктүгүн даярдоодо Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди жана шайлоого катышуу боюнча жарандардын укуктарын камсыздоодо мындан аркы биргелешкен иштерге, жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди өз убагында чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жумушчу өз ара аракеттешүүгө үмүттөнөөрүн белгиледи.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>